Чоң-Алай айылдык кеңешинин токтомдору

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 36-сессиясынын

кезектеги  отуруму

Токтом № 14

3-апрель  2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 2020-жылдын 25-декабрындагы № 6 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 2020-жылдын 25-декабрындагы № 6 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 2020-жылдын 25-декабрындагы № 6 токтомунун 1-бөлүгүндөгү Балтырганды участкасындагы  № 1076, 1077 контурларындагы 45,0 га деп көрсөтүлгөн жер аянты 44, 77 га, ал эми жалпы которулуучу 146,3 га деп көрсөтүлгөн жер аянты 146,07 га жер аянты болуп өзгөртүлсүн.
  2. Тактап айтканда төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

-Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Арык-Үстү участкасындагы № 1076 контурундагы 7,0 га жайыт, Кум-Талаа участкасындагы № 1286, 1287 контурларындагы 80,0 га жайыт жана таштуу жайыт, Какыр участкасындагы № 315 контурундагы 13,0 га таштуу жайыт, Сары-Таш участкасындагы № 1307 контурундагы 1,30 га жайыт, Балтырганды участкасындагы № 1076, 1077 контурларындагы 44,77 га таштуу жайыт эсебинде турган жалпы 146,07 га жер аянттарына калктуу конушту кеңейтүү максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт жана таштуу жайыт түрүнөн  “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу (трансформация) үчүн макулдук берилсин.

  1. Жерлерди которуудагы иш кагаздарын толук кандуу даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жер адиси А.Абдурахимовго милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз  отуруму

Токтом № 11

10-май   2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кызыл-Туу айылында жайгашкан 0,15 га жер тилкесин Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.

Чоң-Алай РИИБ боюнча ЖККБнүн башчысынын Чоң-Алай РИИБ боюнча ЖКК бөлүмчөсүнө имарат куруу үчүн жер тилкесин сурап кайрылган өтүнүчүн  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылынан Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө калкты тейлөө борборуна имарат куруу үчүн № 1326 контурунда жайгашкан 0,15 га жер тилкесин мыйзам чегинде өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын жер кодексине ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Э.Абдирахимовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айлдык кеңешинин төрагасы:                                                                    С.Мойдунов.

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз отуруму

Токтом  № 13

10-май      2024-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Куловдун  кайрылуусун  кароо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мазар-Джилга участкасында жайгашкан 12,7 га жер аянтынан “Байтемир-Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коомуна көмүр кенин казып иштетүүгө макулдук берүү боюнча кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин   38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. “Байтемир-Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коомуна Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Мазар-Джилга участкасында жайгашкан 12,7 га жер аянтынан көмүр кенин казып иштетүүгө макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзамга ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Э.Абдурахимовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз отуруму

Токтом  № 14

10-май      2024-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

Кылым паркын уюштуруу  жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Кыргыз Республикасынын Президетинин № 270  Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн жүз жылдыгына арналган “Кылым паркын” түзүү жөнүндө  сунушун   Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын Президетинин № 270 Жарлыгына ылайык Дароот-Коргон айылына караштуу Балтырганды участкасына Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жүз жылдыгына карата “Кылым паркын” түзүүгө макулдук берилсин.
  2. Ушул түзүлгөн паркты жандандыруу тактап айтканда ар түрдүү бак дарактардын көчөттөрүн тигүү жана айланасын тосуп көрктөндүрүү иштерин аткаруу жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайга милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз отуруму

Токтом  № 15

10-май      2024-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Балтырганды участкасында жайгашкан муниципалдык менчикте турган жер аянтын эс алуу паркын уюштурууга макулдук берүү жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Балтырганды участкасында жайгашкан муниципалдык менчикте турган жер аянтын эс алуу паркын уюштурууга макулдук берүү жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Балтырганды участкасында жайгашкан муниципалдык менчикте турган жер аянтына жеңил курулуштагы имараттарды куруп эс алуу паркын уюштурууга макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жеңил курулуштарды куруп эс алуу паркын уюштуруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Э.Абдурахимовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз   отуруму

Токтом № 16

10-май   2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Дароот-Коргон айылынын тургуну Исаев Салайидин  Амитовичке өзүнүн жеке менчигиндеги 1617,0 м2  жер аянтынын ичинен 600,0 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берүү   жөнүндө.

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Исаев Салайидин  Амитовичке өзүнүн жеке менчигиндеги 1617,0 м2  жер аянтынын ичинен   600,0 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдаануусуна макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Исаев Салайидин Амитовичке өзүнүн жеке менчигиндеги 1617,0 м2  жер аянтынын ичинен   600,0 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын жер кодексине ылайык даярдап иш алып баруу жагы  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча                 жетектөөчү  адис Э.Абдурахимовго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер  реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу                  комиссиясына  тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                  С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз   отуруму

 Токтом № 17

10-май   2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана ФЭБ башчысынын сунуштарын кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана ФЭБ башчысынын сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бекитилген бюджетинин акча каражаты төмөндөгүдөй болуп жылдырылып жумшоого макулдук берилсин.

— аппарат бөлүмүнүн 2111 беренесинен 261,0 миң сом, бала бакча бөлүмүнүн 3111 беренесинен 1000,0 миң сом кыскартылып, ЖКХ бөлүмүнүн 2511 беренесине 1261,0 миң сом.

— ЖКХ бөлүмүнүн 3112 беренесинен 500,0 миң сом кыскартылып, ЖКХ бөлүмүнүн 2221 беренесине 500,0 миң сом.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                  С.Мойдунов

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз   отуруму

Токтом № 18

10-май   2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана ФЭБ башчысынын сунуштарын кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана ФЭБ башчысынын сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бекитилген бюджетинин акча каражаты төмөндөгүдөй болуп жылдырылып жумшоого макулдук берилсин.

— бала бакча  бөлүмүнүн 3111 беренесинен 2000,0 миң сом, кыскартылып, ЖКХ бөлүмүнүн 2511 беренесине 1000,0 миң сом, бала бакча бөлүмүнүн 2222 беренесине 500,0 миң сом жана мектеп бөлүмүнүн 2222 беренесине 500,0 миң сом.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                  С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 39-сессиясынын

кезектеги   отуруму

Токтом № 1

2-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышын кароо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмонали Ырыскуловичтин   Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин 6 ай ичинде  аткарылышы тууралуу билдирүүсү боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  39-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин 6 ай ичиндеги киреше бөлүгү  48 226 900 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү  31 452 418  сомду түзүп
  • аппаратка 11 662 372 сом
  • мектептерге 6 160 000 сом
  • бала бакчаларга 4 644 685 сом
  • бала бакчалардын атайын каражатарына 1 370 715 сом
  • китепканаларга 1 195 015  сом
  • маданий иш чараларга 525 000 сом
  • клубтарга 1 101 196 сом
  • өзгөчө кырдаалдарга 187 200 сом
  • ЖКХ 3 525 000 сом
  • социалдык жардамдарга 209 000 сом
  • айылдык кеңешке 633 715 сом
  • жайытка 238 520 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

        Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 39-сессиясынын

кезектеги   отуруму

Токтом № 2

2-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы  “Турак жай жана коммуналдык чарба ” муниципалдык ишканасынын  2024-жылдын  6 ай ичинде аткарган ишин  кароо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун  “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 6 ай ичинде аткарган жумуштары  тууралуу билдирүүсүн  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  39-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдагы бюджетинин 6 ай ичиндеги киреше бөлүгү  3 845 00 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү  3 845 000  сомду түзүп
  • эмгек акыга 905 160 сом
  • сапар чыгымына 50 000 сом
  • башка байланыш кызматтарына (интернет) 30 000 сом
  • күйүүчү майга 200 000 сом
  • запастык тетиктерди сатып алууга 150 000 сом
  • таш майдалоочу агрегаттын шаймандарын оңдоого 130 000 сом
  • песко блок аппаратын сатып алууга 400 000 сом
  • учурдагы чарбалык максаттар үчүн материалдарды сатып алууга 1 385 977 сом
  • ар түрдүү чыгымдарга (конц.товар, хоз.товар, электро товар, картридж, ж.б.) 20 000 сом
  • электр энергияга 33 000 сом
  • тамак аш чыгымына 70 000 сом
  • сертификат алуу чыгымдарына 176 860 сом
  • жер участогунун мөөнөтсүз пайдалануу укгу жөнүндө мамлекеттик акт алууга 294 000 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 39-сессиясынын

кезектеги   отуруму

Токтом № 3

2-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 6 ай ичинде аткарган ишин  кароо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин жана “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайдын “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 6 ай ичинде аткарган жумуштары тууралуу билдирүүсүн  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  39-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдагы бюджетинин 6 ай ичиндеги киреше бөлүгү  1 030 847 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү  1 030 847 сомду түзүп
  • жайыттарды жана алардын инфраструктурасын кармоого 308 950 сом
  • ЖКнын төрагасынын эмгек акысына 229 727 сом
  • эсепчинин эмгек акысына 99 200 сом
  • жайыт жыйымын чогултуучунун эмгек акысына 25 000 сом
  • СФ 17,25% 13 125 сом
  • сапар чыгымына 25 000 сом
  • кеңсе товарларын алууга 10 000 сом
  • киреше салыгына 2145 сом
  • жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу эмгек түрүндө 317 700 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 39-сессиясынын

кезектеги   отуруму

 Токтом № 4

2-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы  Кулов Анарбек Абдрамановичтин    жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы О.Сейдановдун  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү долбоору боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 39-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ     КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн 20 805 000  сом акча каражаты айыл өкмөттүн 2024-жылдагы бюджетине толукталып алымча кошумчасы менен төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.

— бала бакчалардын 2222 бөлүмүнө 2 500 000 сом

— бала бакчалардын 3112 бөлүмүнө 400 000 сом

— бала бакчалардын 2211 бөлүмүнө 50 000 сом

— бала бакчалардын 2212 бөлүмүнө 75 000 сом

— бала бакчалардын 2213 бөлүмүнө 200 000 сом

— ЖКХнын  2511 бөлүмүнө  6 100 000 сом

— ЖКХнын  3111 бөлүмүнө  5 000 000 сом

  — ЖКХнын  2222 бөлүмүнө 2 200 000 сом  

  — ЖКХнын  2215 бөлүмүнө 2 000 000 сом

  — ЖКХнын  3112 бөлүмүнө 600 000 сом

  — ЖКХнын  2214 бөлүмүнө 600 000 сом

  — маданий иш чараларга 2215 бөлүмүнө   400 000 сом

  — клубтардын 3112 бөлүмүнө 180 000 сом

  — аппараттын 2221 бөлүмүнө 500 000 сом

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана

социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу  комиссиясына            тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                              С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 39-сессиясынын

кезектеги   отуруму

 Токтом № 5

2-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун 2024-жылдын 30-июлундагы № 01-34/1256 чыгыш сандуу сунушун  кароо жөнүндө.

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин 2004-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн системалык каттоо учурунда ар бир жаранга ээлеп турган жер аянтына жеке менчик деп токтом чыгарылгандыгына  байланыштуу убактылуу пайдалануудагы жер аянтынын ичинен  арыз менен кайрылган жарандарга  жер аянтынын аянтын белилеп берүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин   7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  39-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын ичиндеги мурдагы колхоз, совхоз мезгилинде сугат айдоо жерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин турак үйлөр курулуп калгандыгына, аны трансформациялоо үчүн иш кагаздары даярдалып, 2009-жылдын 31-июлундагы Кыргыз Республикасынын № 257 “сугат айдоо” жерлерин, жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык токтоп калгандыгына байланышуу,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин   2022-жылдын 31-майындагы № 291-токтому менен бекитилген  Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобонун 25-пунктуна ылайык Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 30-майындагы № 01-12/49 сандуу токтомунун негизинде калктуу конуштун жерлери катеориясына которулгандыгына жана 2004-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн системалык каттоо учурунда ар бир жаранга ээлеп турган жер аянтына жеке менчик деп токтом чыгарылгандыгына  байланыштуу убактылуу пайдалануудагы жер аянтынын ичинен  арыз менен кайрылган жарандарга жер тилкесин берүүдө жер тилкесинин аянты 0,10 гадан болуп бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 39-сессиясынын

кезектеги   отуруму

 Токтом № 6

2-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун 2024-жылдын 30-июлундагы № 01-34/1257 чыгыш сандуу сунушун  кароо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин Кызыл-Туу айылына караштуу Аэропорт участкасынан 8 участок айыл чарба багытындагы жерлердин суулуу айдоо түрүнөн калктуу конуштун жерлери түрүнө которулган жер аянттарын 2001-жылдан                 2009-жылга чейин турак жай куруу үчун жеке жарандарга токтом чыгарылып берилгендигине  жана ар бир жаранга ээлеп турган жер аянтына жеке менчик деп токтом чыгарылгандыгына  байланыштуу көрсөтүлгөн жер аянттарына мурунку токтом чыгарылган жер ээлерине  турак жай куруу үчүн  жер тилкелерин  берүүдө жер тилкесинин аянтын  бекитип берүү боюнча      Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  39-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылындагы Аэропорт участкасынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291-токтому менен бекитилген Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобонун талаптарына жана                   Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиясынын 06.03.2024-жылдагы № 2 протоколуна жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик админитрациясынын 2024-жылдын  19-мартындагы № 01-12/28 чыгыш сандуу токтомуна ылайык  Аэропорт участкасынан  8 участок айыл чарба багытындагы жерлердин суулуу айдоо түрүнөн калктуу конуштун жерлери түрүнө которулган жер аянттарын 2001-жылдан 2009-жылга чейин турак жай куруу үчүн жеке жарандарга токтом чыгарылып берилгендигине  жана ар бир жаранга ээлеп турган жер аянтына жеке менчик деп токтом чыгарылгандыгына  байланыштуу көрсөтүлгөн жер аянттарына мурунку токтом чыгарылган жер ээлерине  турак жай куруу үчүн  0,15 гадан берүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 39-сессиясынын

кезектеги   отуруму

Токтом № 7

2-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун сунушун  кароо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен Дароот-Коргон айылына тротуар курууга, Кызыл-Эшме айлынын сугат суууна, кмсыздандырууга, 85 участкасын жолун оңдоого, ПМК участкасына салынуучу бала бакчага  жана айыл өкмөткө кызматтык унаага акча каражатын бөлүп берүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 39-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун сунушуна ылайык айыл өкмөттүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен төмөнкү маселелерге акча каражаты бөлүнүп берилсин
  • Дароот-Коргон айылына тротуар курууга 2 000 000 сом
  • Кызыл-Эшме айылына сугут суусун алып келүүгө 1 000 000 сом
  • Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги социалдык обьектилерди камсыздандырууга 500 000 сом
  • 85 участкасына баруучу жолду оңдоо үчүн 400 000 сом
  • Дароот-Коргон айылындагы ПМК участкасына бала бакчанын курулушуна 5 000 000 сом
  • Чоң-Алай айыл өкмөтүнө кызматтык унаа луу үчүн 1 500 000 сом
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 39-сессиясынын

кезектеги   отуруму

 Токтом № 8

2-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

“Чоң-Алай муниципалдык Туризм” борборун курууну Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылынын Кызыл-Токой участкасына туризмди өнүктүрүү максатында “Чоң-Алай муниципалдык Туризм” борборун курууну Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 39-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылынын Кызыл-Токой участкасына туризмди өнүктүрүү максатында “Чоң-Алай муниципалдык Туризм” борборун курууну жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу Ош облустук фондуна сунушталсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

  Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 39-сессиясынын

кезектеги   отуруму

Токтом № 9

2-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Дароот-Коргон айылынын ПМК участкасындагы “Жаш-Келечек” балдар бакчасынын имаратын бузууга макулдук берүү жөнүндө.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты Ө.Калыковдун “Жаш-Келечек” балдар бакчасынын имараты жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу бузуп кайрадан ордуна жаңыдан бала бакча куруу жөнүндө сунушуна жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аты аталган бала бакчанын имараты пайдаланууга жараксыз деп чыгарган бир нече корутундусун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин    7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 39-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дараоот-Коргон айылынын ПМК участкасында жайгашкан “Жаш-Келечек” балдар бакчасынын имараты пайдаланууга жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу эскирген имаратты бузууга жана Дароот-Коргон айылында жаш жеткинчектердин саны өсүп жергиликтүү калктын бала бакча куруу боюнча талаптарына ылайык ордуна жаңыдан бала бакча курууга макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүп имаратты бузуу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 39-сессиясынын

кезектеги   отуруму

 Токтом № 11

2-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Кум-Талаа участкасына логистикалык борборун курууну Чоң-Алай райондук региондорду  өнүктүрүү фондуна жана Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасына логистикалык борборун (картошка сактоочу кампа) курууну Чоң-Алай райондук региондорду өнүктүрүү фондуна жана Ош облустук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 39-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасына логистикалык борборун курууну жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу Чоң-Алай райондук региондорду өнүктүрүү  фондуна жана Ош облустук өнүктүрүү фондуна  сунушталсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 39-сессиясынын

кезектеги   отуруму

Токтом № 12

2-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Кум-Талаа участкасына тигүүчү цех  курууну  Чоң-Алай райондук региондорду  өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасына тигүүчү цех курууну Чоң-Алай райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 39-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасына тигүүчү цех курууну жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу Чоң-Алай райондук региондорду өнүктүрүү  фондуна сунушталсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 40-сессиясынын

кезексиз   отуруму

 Токтом № 1

30-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 29-ноябрындагы  35-сессиясынын кезексиз отурумунун № 1 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө.

Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Сарыков Залкарбек Калыйнуровичтин Чон-Алай айылдык  кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын                                  2019-жылдын 29-ноябрындагы  35-сессиясынын кезексиз отурумунун Дароот-Коргон айылындагы спорт комплекске маркум Анапияев Алманбет Мамадаминовичтин ысымын ыйгаруу боюнча токтомду жокко чыгаруу боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 40-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 29-ноябрындагы 35-сессиясынын кезексиз отурумунун Дароот-Коргон айылындагы спорт комплекске маркум Анапияев Алманбет Мамадаминовичтин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө № 1 токтому жокко чыгарылсын.
  2. Спорт коплекстин аты Чоң-Алай райондук балдар өспүрүм спорттук мектеби боюнча  калтырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 40-сессиясынын

кезексиз   отуруму

Токтом № 2

30-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн Дароот-Коргон айылынын тургундары Мааткеримов Пайзилдага,  Абдурахимов Эргешали Камаловичке жана Жаш-Тилек айылынын тургуну Асаналиев Пахыридин Жалаловичке   Чон-Алай айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Исмаилов Замирбек Маматовичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн Дароот-Коргон айылынын тургундары Мааткеримов Пайзилдага,  Абдурахимов Эргешали Камаловичке жана Жаш-Тилек айылынын тургуну Асаналиев Пахыридин Жалаловичке   Чон-Алай айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу  жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 40-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн Дароот-Коргон айылынын тургундары Мааткеримов Пайзилдага,  Абдурахимов Эргешали Камаловичке жана Жаш-Тилек айылынын тургуну Асаналиев Пахыридин Жалаловичке   Чон-Алай айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы  ыйгарылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 40-сессиясынын

кезексиз   отуруму

 Токтом № 4

30-август    2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу айылындагы К.Жапаров орто мектебинин толук эмес комплектиленген мектептердин категориясына киргизүү жөнүндө .

2024-2025-окуу жылында К.Жапаров орто мектебинде 113 окуучу бар. Мектептеги класстарда бирден гана класс комплектиси пландаштырылган. Балдардын орточо саны ар бир класска 11-13 окуучуну түзөт. Кулчу айылында балдардын саны аз болгондуктан бул мектептин класс комплектилери толук эмес болуп, жабылып калуу коркунучунда тургандыгын жана жергиликтүү шарты, айылдардан арасындагы аралыктын узактыгын эске алуу менен Чоң-Алай айылдык кеңешинин  7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин             40-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. 2024-2025-окуу жылында Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу айылындагы  К.Жапаров атындагы орто мектепти  баланын саны аз коплектиленген мектептердин          категориясына киргизүүнү камсыз кылуу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Куловго тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маданий  маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча   туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов