Чон-Алай айылдык аймактык кенешинин сегизинчи чакырылышынын
1-сессиясынын кезектеги отурумунун
Токтому № 1
28-ноябрь 2024-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө.
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы № 3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, КыргызРепубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентти жетекчиликке алуу менен Чоң-Алай айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Эсептөө комиссиясынын Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 протоколу бекитилсин.
- Мойдунов Сталбек Мурзажанович Чоң-Алай айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: Ж.Касымова
Чон-Алай айылдык аймактык кенешинин сегизинчи чакырылышынын
1-сессиясынын кезектеги отурумунун
Токтому № 2
28-ноябрь 2024-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы Мойдунов Сталбек Мурзажанович тарабынан депутат Сапаев Акунали Момунбаевич сунушталып, жашыруун добуш берүү жолу менен Сапаев Акунали Момунбаевич Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык аймактык кенешинин жетинчи чакырылышынын
1-сессиясынын кезектеги отурумунун
Токтому № 3
28-ноябрь 2024-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары тиркемеге ылайык курамда бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: С.Мойдунов
- Бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын курамына
төрагасы: — Орозалиев АскарбекАрапбаевич
мүчөлөрү:
— Жусупова Кенжекан Талиповна
— Таштанбеков Уланбек Кубанычович
— Абдыракманов Алмазбек Пакыридинович
— Ажимуратов Асылбек Хожакматович
- Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына
төрагасы: — Жусупов Акылбек Маматякутович
мүчөлөрү:
— Акимов Алтымыш Жанаевич
— Мурзабеков Самарбек Ахматович
— Колдош уулу Бабурбек
— Айтбаева Фарида Мамадияровна
- Социалдык маданий маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиянын курамына
төрайымы: — Эрмекбаева Жамила Абибиллаевна
- Исакова Үпөл Өмүрбековна
- Абдырамиова Каадабү Шамшиевна
- Патаев Сагынбай Абсатарович
- Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын курамына
төрайымы: — Үсөнова Замира Исматиллаевна
мүчөлөрү:
— Касымова Жамила Абдыгапровна
— Курбанбекова Нургүл Турумтаевна
— Калыков Өмүрбек Мухамматжанович
— Абдылдаев Абдыманап Ормонович
Төрага: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 1-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 4
28-ноябрь 2024-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айылдык аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрь күнү саат 10-00гө Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы клубка чакыртылып өткөрүлсүн
- Чоң-Алай айылдык аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын курамы калктын санына жараша төмөнкүдөй санда тураары белгиленсин.
- Кызыл-Эшме айылынан 10 делегат
- Кызыл-Туу айылынан 4 делегат
- Дароот-Коргон , Кара-Шыбак айылдарынан 40 делегат
- Чак айылынан 15 делегат
- Жаш-Тилек айылынан 11 делегат
- Жар-Башы айылынан 16 делегат
- Кулчу, Сары-Булак айылдарынан 4 делегат жалпы 100 делегат.
- Чоң-Алай айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 7 кишиден бекитилсин тиркеме тиркелет. (№ 1-тиркеме)
- Айыл өкмөтүндө өтүүчү өкүлчүлүктүү жыйынына айылдар боюнча коомдоштуктардын делегаттарды шайлоо жыйындары 2024-жылдын 4-5 декабрь күндөрү графикке ылайык өткөрүлсүн жана өкүчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөөрү эскертилсин. (№ 2 тиркеме)
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнун аппараты өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жана уюштурууга, жумушчу топко ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө жана белгиленген мөөнөттө графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын өтүүчү жайды тиешелүү жабдыктар менен камсыздоого милдеттендирилсин.
- Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө айылдар боюнча жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жана жыйынды өткөрүү боюнча бекитилген жумушчу топтун курамына жүктөлсүн.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Тиркеме № 1
Чоң-Алай айылдык кенешинин 2024-жылдын
28-ноябрындагы № 1-сессиясынын
кезектеги отурумунун № 4 токтому менен
бекитилген
Чоң-Алай айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
№ | А.А.Т | Кызматы |
1. | Мойдунов Сталбек Мурзажанович | Төрага |
2 | Турдалиев Касымбек Абдилазизович | Катчы |
3 | Исмаилов Замирбек Маматович | Мүчө |
4 | Эрмекбаева Жамила Абибиллаевна | Мүчө |
5 | Жусупов Акылбек Маматякутович | Мүчө |
6 | Патаев Сагынбй Абсатарович | Мүчө |
7 | Сапаев Акунали Момунбаевич | Мүчө |
8 | Абдыракманов Алмазбек Пакыридинович | Мүчө |
9 | Акимов Алтымыш Жанаевич | Мүчө |
10 | Колдош уулу Бабурбек | Мүчө |
11 | Касымова Жамила Абдыгапаровна | Мүчө |
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: К.Турдалиев
Тиркеме № 2
Чоң-Алай айылдык кенешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы
№ 1-сессиясынын кезектеги отурумунун № 4 токтому менен
бекитилген
Чоң-Алай айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын)
ГРАФИГИ
№ | Жыйын өтүүчү орду | Убактысы | Калктын саны | Делегаттардын саны | Жооптуулар | |
күнү | сааты | |||||
1 | Кызыл-Эшме айылы Ынакбай уулу Келдибек атындагы орто мектеби | 04.12.2024 | 10-00 | 10 | Ж.Эрмекбаева
У.Таштанбеков. Жумушчу топтун курамы |
|
2 | Кулчу, Сары-Булак айылы К.Жапаров орто мектеби | 04.12.2024 | 10-00 | 4 | С.Патаев
К.Жусупова А.Жусупов Ж.Касымова Жумушчу топтун курамы |
|
3 | Дароот-Коргон, Кара-Шыбак Б.Акимбеков атындагы клуб | 04.12.2024 | 10-00 | 40 | С.Мурзабеков
З.Үсөнова Ө.Калыков Ү.Исакова А.Ажимуратов А.Акимов Колдош у.Б А.Абдылдаев Жумушчу топтун курамы |
|
4 | Чак айылы Көк-Суу орто мектеби | 04.12.2024 | 10-00 | 15 | К. Абдыраимова
А.Орозалев А.Сапаев Жумушчу топтун курамы |
|
5 | Кызыл-Туу айылы Кызыл-Туу балдар бакчасы | 05.12.2024 | 10-00 | 4 | А.Ажимуратов
С.Мурзабеков Колдош у.Б Жумушчу топтун курамы |
|
6 | Жар-Башы айылы Н.Кармышев орто мектеби | 05.12.2024 | 10-00 | 16 | С.Патаев
К.Жусупова А.Жусупов Ж.Касымова Жумушчу топтун курамы |
|
7 | Жаш-Тилек айылы З.Каримбеков орто мектеби | 05.12.2024 | 10-00 | 11 | А.Абдыракманов
Ф.Айтбаева Жумушчу топтун курамы |
|
* | Жалпы | 100 |
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: К.Турдалиев
Тиркеме № 3
Чоң-Алай айылдык кенешинин 2024-жылдын
28-ноябрындагы № 1-сессиясынын
кезектеги отурумунун № 4 токтому менен
бекитилген
Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө айылдар боюнча жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси
№ | Айылдардын аталышы | Жооптуу депутаттардын тизмеги | Эскертүү |
1 | Кызыл-Эшме | Ж.Эрмекбаева
У.Таштанбеков. |
|
2 | Кызыл-Туу | А.Ажимуратов
Колдош у.Б |
|
3 | Дароот-Коргон, Кара-Шыбак | С.Мурзабеков
З.Үсөнова Ө.Калыков Ү.Исакова А.Ажимуратов А.Акимов Колдош у.Б А.Абдылдаев |
|
4 | Чак | К. Абдыраимова
А.Орозалев А.Сапаев |
|
5 | Жаш-Тилек | А.Абдыракманов
Ф.Айтбаева |
|
6 | Жар-Башы | С.Патаев
К.Жусупова А.Жусупов Ж.Касымова |
|
7 | Кулчу, Сары-Булак | С.Патаев
К.Жусупова А.Жусупов Ж.Касымова |
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: К.Турдалиев
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 1-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 5
28-ноябрь 2024-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Тоголок-Дөң участкасына трансформатор коюуга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Тоголок-дөң участкасындагы жайыт эсебинде турган № 1468-8,72 га, 1469-5,28 га инвентардык контурлардагы жайгашкан жер аянттын ичинен 0,01 га жер аянтына трансформатор коюууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 1-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 6
28-ноябрь 2024-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы маданият үйүнү капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы маданият үйүнү капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 1-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы маданият үйүнү капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салымга Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бекитиле турган жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2 006 910 сом бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 1-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 7
28-ноябрь 2024-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы “Көк-Суу” орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы “Көк-Суу” орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 1-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы “Көк-Суу” орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бекитиле турган жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2 839 900 сом бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 1-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 8
28-ноябрь 2024-жыл Дароот-Коргон айылы
“Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына электро погрузчик (кара) вилочный техникасын алып берүүнү Ош облусунун өнүктүрүү фонду мекемесине сунуштоо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана “Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетексиси М.Кадыровдун “Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына автосмеситель техникасын алып берүүнү Ош облусунун өнүктүрүү фонду мекемесине сунуштоо жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 1-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- “Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына электро погрузчик (кара) вилочный техникасын алып берүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу Ош облусунун өнүктүрүү фонду мекемесине сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 2-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 1
12-январь 2025-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 69 065 400 сом болуп бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.
- аппаратка 17 736 700 сом
- апараттын атайын каражатына 75 000 сом
- айылдык кеңешке 1 035 400 сом
- мектептерге 6 695 000 сом
- бала бакчаларга 10 452 400 сом
- бала бакчалардын атайын каражатына 3 735 000 сом
- китепканаларга 1 971 000 сом
- музейге 789 600 сом
- маданий иш чараларга 1 275 000 сом
- клубтарга 2 094 800 сом
- өзгөчө кырдаалдарга 590 000 сом
- ЖКХ 19 880 000 сом
- социалдык жардамдарга 400 000 сом
- жайытка 2 335 500 сом бөлүнүп жумшалсын.
- Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармек жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аппаратына 15 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 4 штат, келишимдин негизинде 6 штат каралсын.
— Чоң-Алай айылдык кенешине жооптуу катчы 1 штат каралсын.
— Клубтарга 7 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү 3 штат.
— Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.
-музейге 2 штат анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү 1 штат
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичке жүктөлсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2025-жылдын 20-январынан тартып күчүнө кирет.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 2-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 2
12-январь 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 01-25/330 буйругу менен “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобосуна ылайык бекитилген айылдык кеңештин типтүү регламенти боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айылдык кеңешинин регламенти №1-тиркемеге ылайык алымча кошумчасы менен бекитилсин.
- Бекитилген айылдык кеңештин регламенти жергиликтүү кеңештин депутаттарына толук тааныштырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
(тиркеме тиркелет 21 баракта)
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи
чакырылышынын депутаттарынын 2025-жылдын
12-январындагы 2-сессиясынын кезектеги
отурумунун № 2-токтому менен бекитилди
Чоң-Алай айылдык кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
- Чоң-Алай айылдык кеңеши
- Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
- Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары
- Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
- Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
- Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
- Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
- Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
- Туруктуу комиссиялардын жыйындары
- Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
- Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
- Депутаттык топтор
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
- Айылдык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
- Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
- Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
- Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
- Сессиянын күн тартиби
- Айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
- Депутаттык этика
- Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
- Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына депутат эмес адамдардын катышуу тартиби
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
- Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
- Айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
- Айылдык кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
- Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
- Жарыш сөз (талкуулоо)
- Айылдык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу
- Добуш берүү жана анын түрлөрү
- Эсептөө комиссиясынын иши
- Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
- Айылдык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
- Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
- Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
- Айылдык кеңештин айыл аймактын тургундарынын элдик ченем чыгаруу демилгесин кароо
- Айылдык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракети
- Айылдык кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы
- Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
- Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы
- Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
Чоң-Алай айылдык кеңешинин бул Регламенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнундө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
- Чоң-Алай айылдык кеңеши
1.1. Чоң-Алай айылдык кеңеши – айыл аймакта жашаган жарандар тарабынан жалпыга бирдей, тең, түз жана жашыруун добуш берүү аркылуу 5 жылдык мөөнөткө шайланган, ____ депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялдык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.2. Чоң-Алай айылдык кеңеши (мындан ары – айылдык кеңеш), Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде айыл аймагынын калкынын кызыкчылыгын колдойт жана тиешелүү аткаруучу органдар аркылуу маселелерди чечет жана ал чечимдердин аткарылышына көзөмөл кылат.
1.3. Айылдык кеңештин сессиялары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар айылдык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
1.5. Айылдык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартибин, жол-жобосун жана анын ишин уюштурууну аныктайт.
1.6. Айылдык кеңештин өзүнө таандык мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.
- Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер каралат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:
а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;
б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;
в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга жана ижарага берүүгө макулдук берүү;
г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;
д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө.
5) айыл өкмөтунүн иши жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу;
6) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
7) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
8) кеңештин регламентин бекитүү;
9) айылдык кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
10) айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;
11) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
12) ичүүчү сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди мыйзамдарга ылайык бекитүү;
13) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү;
14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
17) айыл аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
18) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
19) айыл аймагынын тургундарынын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча программаларын планын бекитүү;
20) айыл аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
21) айылдык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;
22) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
23) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;
24) айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында айыл өкмөтү менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
25) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
26) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды айыл өкмөтунө тапшыруу;
27) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;
30) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
- Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары
3.1. Айылдык кеңештин төрагасы сессияда депутаттардын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү депутаттык топко таандык.
3.3. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
3.4. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
3.5. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 7 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 5 мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн 3 мүнөткө чейин сөз берилет.
3.6. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталганга чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
3.7. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча маалыматты (Ф.А.А) жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
3.8. Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, төраганы шайлоо боюнча кворум түзүлдү деп эсептелет.
Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер төрага болуп шайланды деп эсептелет.
Эгерде:- бир талапкер катталса, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштарын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
— эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
— экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында ушул пунктта каралбаган башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде ушул Регламентте белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо, эгерде:
— кворумдун жоктугунан улам эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
— эки жолу өткөрүлсө, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
4.1. Айылдык кеңештин төрагасы:
— айылдык кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
— айылдык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
— айылдык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып сессиянын күн тартибине киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
— айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын көзөмөлдөйт;
— айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
— айылдык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
— айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
— айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт;
— депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
— айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
— мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе айылдык кеңештин атынан чыгат;
— айылдык кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
— айылдык кеңештин, анын органдарынын аброюн, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
— мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет;
— ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
4.2. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме (буйрук) чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген учурда, ал айылдык кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
5.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын берген сунушу боюнча айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүү ачык же жабык болоорун ошол сессияда депутаттар чечет.
Айылдык кеңештин төрагасынын 1 орун басары болот.
5.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
5.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
-айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-айылдык кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда төраганын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле төраганын тапшыруусу боюнча сессияларды алып барат;
6. Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
6.1. Айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот. Мындай учурда төрага жана анын орун басары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселесин жазуу жүзүндө кеңешке кайрылат. Мындай учурда ачык добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен өтүнүч кабыл алынат.
6.2. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен айылдык кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Айылдык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе эң кем дегенде депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилет.
6.3. Айылдык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен, ал эми төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Бул учурда добуш берүүнүн ачык же жашыруун болушун ушул Регламентте белгиленген тартипте аныкталат.
7. Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
7.1. Айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, айыл аймагында жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн туруктуу комиссиялар түзүлөт. Зарыл болгон учурда айылдык кеңеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
Айылдык кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, сессияда каралышы мүмкүн эмес.
7.2. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө токтом кабыл алуу менен түзүлөт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
7.3. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Туруктуу комиссиялардын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайлана албайт.
7.4. Туруктуу комиссиянын сандык курамы: 4 депутаттан кем болбоого жана 5 депутаттан көп болбоого тийиш.
7.5. Айылдык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссияга мүчө боло алат жана туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ага өз милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
7.6. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын жана орун басарын шайлашат.
7.7. Комиссиянын төрагасы жана орун басары өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
7.8. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө айылдык кеңешке отчет беришет.
7.9. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, айылдык кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды кеңештин кароосуна киргизет;
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) тиешелүү аймакта социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды кеңешке киргизет;
2) айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролду ишке ашырат;
3) өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн жана башка адамдарды тартууга укуктуу;
4) иш-аракеттеринин майнаптуулугун жана натыйжалуулугун аныктоо максатында айылдык кеңеш кабыл алган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү айылдык кеңеш белгилеген тартипте туруктуу негизде жүргүзөт.
8.2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча айыл өкмөтунүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин жана кызматкерлерин угууга укуктуу.
8.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнө караштуу аймакта жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин ыкчам-чарбалык ишине кийлигишүүгө укуксуз.
9. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
9.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
9.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
9.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
9.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
9.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселелер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
9.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, айылдык кеңештин төрагасынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
9.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, айыл өкмөт башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
9.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет.
9.10. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) кеңештин аппаратына жүктөлөт.
9.11. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялардын кошмо жыйыны уюштурулушу мумкүн.
10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
10.1. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
1) комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат;
2) комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы аркылуу маалымдайт;
3) комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, айылдык кеңештин төрагасы менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;
4) туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
5) комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;
6) комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;
7) жыл сайын айылдык кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет.
11. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
11.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
2) комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
3) комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
4) комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
5) өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
6) комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
11.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) ушул Регламенттин жоболорун сактоого;
2) өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына жазуу жүзүндө билдирүүгө;
3) айылдык кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маселелерлерге арналган иш-чараларга катышууга;
4) ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.
12. Депутаттык топтор
12.1. Депутаттык топтор -айылдык кеңештин үчтөн кем эмес депутаттарынын бирикмеси.
12.2. Депутаттык топ анын түзүлгөнү, аталышы, курамынын тизмеси, лидеринин фамилиясы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
12.3.Депутаттык топ ушул Регламенттин негизинде ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырат.
12.4. Депутаттык топ алар боюнча саясий көз карашын аныктоо үчүн айылдык кеңеш карай турган маселелерди алдын ала кароого укуктуу.
12.5. Депутаттык топтун иши төмөнкү учурларда токтотулат:
— айылдык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
— айылдык кеңеш өзүн өзү таратканда.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
- Айылдык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
13.1. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылыштагы кеңештин төрагасы тарабынан (эгерде мыйзамда башкача жазылбаса) шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыялангандан кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.
Биринчи сессияны даярдоону айылдык кеңештин аппараты (жоопту катчы) жүргүзөт.
13.2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы (мындан ары — катчы) биринчи сессияга 3 күн калганга чейин депутатка төмөнкү маалыматтарды жиберет:
— жаңы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматты;
— жоопту катчынын байланыш телефондорун;
— сессия өтүүчү жайды жана убактысын.
13.3. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү айылдык кеңештин жаш курагы боюнча улуу депутаты ачат, кеңештин төрагасы шайланганча сессияны алып барат.
13.4. Айылдык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болот.
13.5. Төрагалык кылуучу айылдык кеңешке шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо үчүн аймактык шайлоо комиссиянын төрагасына сөз берет.
13.6. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы айылдык кеңештин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү мандатын ырастоочу күбөлүк жана төш белгини тапшырат.
13.7. Айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мандат тапшырылган күндөн тартып башталат.
13.8. Жаңы чакырылыштагы айылдык кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелерди биринчи кезекте кароого тийиш:
— төраганы жана анын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү;
— төраганы жана анын орун басарын шайлоо;
— айылдык кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелердин катарына башка да маселелер киргизилиши мүмкүн.
13.9. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ирети сессиянын күн тартибинде аныкталат.
14. Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
14.1. Айылдык кеңеш, анын туруктуу комиссиялары иш планын бир жылга түзөт. Айылдык кеңештин иш планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.
14.2. Айылдык кеңештин иш планы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары/орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, жооптуу катчысы менен бирдикте айылдык кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша айыл аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.
14.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы айылдык кеңештин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, жооптуу катчысы, айылдык кеңештин төрагасы менен бирдикте түзүлөт.
14.4. Иш планга бир жыл аралыгында айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиялардын жыйындарында карала турган маселелер киргизилет.
14.5. Айылдык кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары айыл аймагындагы маалымат такталарына документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу айыл аймагынын тургундарына маалымдалуусу шарт.
15. Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби
15.1. Айылдык кеңештин сессиясы карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоо жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алына турган, ишинин эң негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп саналат.
15.2. Айылдык кеңештин сессиясы дептуттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышканда укук ченемдүү (кворум) болот.
15.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 5 мүнөттөн кийин кворум болбосо, төрага 10 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде тыныгуудан кийин да кворум камсыз кылынбаса, анда сессия кворум жоктугуна байланыштуу башка убакытка жылдырылат.
15.4. Айылдык кеңештин сессиясын төрага чакырат:
— өзүнүн демилгеси боюнча;
— дептуттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин (жазуу жүзүндөгү) демилгеси боюнча;
— айыл өкмөт башчысынын сунушу боюнча;
— жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин сунушу боюнча.
15.5. Айылдык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу сессиялардан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
15.6. Айылдык кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга ушул Регламентте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.
15.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналса, айылдык кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.
15.8. Айылдык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессияга чейин 5 календардык күндөн кечиктирилбестен, депутаттарга, айыл аймагынын тургундарына жеткиликтүү, көрүнүктүү жерлерге илинүүгө тийиш.
15.9. Айылдык кеңештин сессиясына катышуучу депутаттардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Дептуттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же кеңештин төрагасында) сакталат.
15.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык тиешелүү документ менен тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер сессияга депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат кеңештин төрагасына сессияга катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.
15.11. Сессияларга бир жыл аралыгында төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутатка карата, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
16. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
16.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же айыл өкмөт башчысынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин жана депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча кезексиз сессия чакырууга укуктуу.
16.2. Кезексиз сессияны чакыруу боюнча кеңештин төрагасынын сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгын негиздеген маалымдама депутаттарга жөнөтүлөт.
16.3. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып сессияга чейин 5 календардык күн мурун чакырылат. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессияга чейин 3 календарлык күн мурун таркатылат.
16.4. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда айылдык кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана айыл аймак тургундарын маалымдоонун мөөнөтүн сактабастан кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
17. Сессиянын күн тартиби
17.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору айылдык кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, айыл өкмөт башчысынын сунуштарынын негизинде сессия күнунө чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.
17.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
17.3. Өткөрүлө турган жайы жана убактысын белгилөө менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда маалымат такталарына жайгаштырылат.
17.4. Эгерде айылдык кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү маалымат булактарына жарыя кылынат.
17.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору төрага тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
17.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
17.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда туруктуу комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
18. Айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
18.1. Айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
-кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
-кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
-жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга суроолорду берүүгө;
-кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын сессияда отчетун угуу, ошондой эле башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маслелелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
-өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
18.2. Айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессияга толук катышууга;
-регламентти, сессиянын күн тартибин жана төраганын укук ченемдүү талаптарын сактоого;
-колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөгө;
-жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
-чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, жалган маалыматтарды пайдаланбоого;
-сессия учурунда сыртка чыгууда төрагадан уруксат алууга.
18.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутаттын мыйзам чегинде жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.
18.4. Айылдык кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
19. Депутаттык этика
19.1. Айылдык кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары – кызыкчылыктардын кагылышуусу) качууга милдеттүү.
19.2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралган учурда депутат өзүн депутаттык этиканын кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгүнө коомчулукта шектенүү пайда кылбашы үчүн аракет кылууга тийиш.
19.3. Айылдык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйындарында кандай гана маселе болбосун, аны караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө төраганын эсине салууга милдеттүү жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн четтөөгө тийиш.
19.4. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда регламент боюнча тиешелүү туруктуу комиссия тарабынан талкууланып, корутундусу кеңештин кароосуна сунуш кылынууга тийиш.
19.5. Сессияларда, жыйындарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоолорду айтпоого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого тийиш.
20. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
20.1. Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен сессияны өткөрүүгө жолтоо болсо, төраганын эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же сессиянын катышуучулары менен кайым айтышса, талкууланган маселеден башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса, ага карата төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:
-эскертүү;
-сессиянын аягына чейинки мөөнөткө сөз бербөө.
20.2. Эскертүүгө карабай кайрадан тартип бузуулар болсо, ага карата жыйын залынан чыгарылат жана мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү этика боюнча туруктуу комиссиянын кароосуна берилет.
20.3. Депутатка жана сессияга катышкандарга карата колдонулган чаралар сессиянын протоколунда белгиленүүгө тиийиш.
21. Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынадепутат эмес адамдардын катышуу тартиби
21.1. Айыл өкмөт башчысы, ошондой эле айыл аймакта иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар сессияларга жана туруктуу комиссиялардын жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга укуктуу.
21.2. Жогоруда аталган адамдар сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо журналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.
21.3. Айылдык кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары
(аты-жөнү, жашаган жери, кызматы) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагага берилет.
21.4. Сессияга жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана Регламентти бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырылат.
21.5. Сессияга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде катышуучулардын саны көп болуп, сессия, жыйындар залына батпаса аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир көчөдөн, бир кварталдан, бир айылдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ
- Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
22.1. Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук (тескеме) түрүндө жалпы депутаттардын копчулук добушу менен кабыл алынат, айрым маселелр боюнча кенештин чечимдери жалпы депутаттардын учтөн эки добушу менен кабыл алынат. Кабыл алынган токтом, буйруктарга (тескемелерге) — кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда төраганын орун басары кол коет.
22.2 Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актылары — токтом түрүндө, ал эми башка актылары — буйрук (тескеме) түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
1) Айылдык кеңештин токтомдору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
2) Айылдык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
22.3. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
22.4. Айылдык кеңеш белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн айылдык кеңештин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алууга укуктуу.
22.5. Айылдык кеңештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
22.6. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган айылдык кеңештин токтомдору айыл аймакта жашаган бардык жарандар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан баардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
22.7. Айылдык кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат такталарында жайгаштыруу аркылуу жана «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.
23. Айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
23.1. Айылдык кеңештин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
— тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары жооптуу катчы менен бирге даярдалган жана айылдык кеңештин төрагасы менен макулдашылган токтомдун долбоору;
— токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме (маалымат);
— салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
— тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;
— экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.
23.2. Айылдык кеңештин токтому мамлекеттик тилде ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде да киргизилет жана кабыл алынат. Аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана айылдык кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу айылдык кеңештин чечими болсо, токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.
23.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берилүүгө жатат.
24. Айылдык кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
24.1. Айылдык кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында айылдык кеңештин депутаттары тарабынан күн тартибине кошумча киргизилип, бекитилген маселелер каралат.
24.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнөндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.
24.3. Айылдык кеңештин депутаты сессияда каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын берүүгө укуктуу.
24.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.
24.5. Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.
24.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар келип түшсө, төрага депутаттардын бардык сунуштарын түшкөн ирети боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш менен депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.
24.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору айылдык кеңештин кезектеги сессиясына 3 айдан кийин гана киргизилиши мүмкүн.
24.8. Айылдык кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канаатанышбаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы толук эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, айылдык кеңештин кийинки сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укутуу.
24.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагага расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуу токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.
25. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
25.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:
-баяндама — 15 мүнөткө чейин;
-баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн — 15 мүнөткө чейин;
-күн тартибин талкуулоо үчүн – 5 мүнөткө чейин;
-талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн —10 мүнөткө чейин;
-шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн — 5 мүнөткө чейин;
-талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн — 5 мүнөткө чейин;
-добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн — 5 мүнөткө чейин;
-жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн — 5 мүнөткө чейин;
-сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн — 5 мүнөткө чейин;
-кайталап сөз сүйлөө үчүн — 5 мүнөткө чейин;
25.2. Депутаттардын макулдугу менен төрага чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын __ мүнөткө чейин узартууга укугу бар.
25.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүнө жол берүү добуш менен чечилет.
25.4. Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.
25.5. Депутат жыйында төрага тарабынан өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.
25.6. Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагага жазуу түрүндө же оозеки түрүндө берилет.
25.7. Айыл өкмөт башчысы, райондун акими жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.
25.8. Төрага тарабынан сессиянын ишине 10 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу жарыяланышы мүмкүн.
25.9. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калган учурда төрага 15 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрага сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакытка же күнгө которууга укуктуу.
- Жарыш сөз (талкуулоо)
26.1. Төраганын уруксаты жок сессияда эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.
26.2. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрага ага эскертет, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган учурда төрага чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укугу бар.
26.3. Төрага жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бирок сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.
26.4. Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган депутат төрагага сүйлөөчү сөздөрүнүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.
- Айылдык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу
27.1. Айылдык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укук ченемдүү. Айылдык кеңеш чечимди айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
27.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда айылдык кенеш айрым маселелер боюнча жалпы депутаттардын санынын учтөн экисинин добушу менен чечим кабыл алат.
27.3. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жол-жобо (процедуралык) маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.
28. Добуш берүү жана анын түрлөрү
28.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
-айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны — 21 депутат
-сессияга катышкандардын саны – каттоодон өткөн депутаттардын саны.
28.2. Айылдык кеңеш сессияларда ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат:
-ачык добуш берүү — депутаттардын кол көтөрүүсү аркылуу;
-жашыруун добуш берүү — депутаттар атайын кабинада бюллетендерди толтуруп, аларды чапталып бекитилген үкөккө салуу аркылуу жүргүзүлөт.
28.3. Айылдык кеңештин депутаты добуш берүүгө өзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добуш берүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен өткөрүп берүүсүнө, онлайн добуш берүүсүнө жол берилбейт.
28.4. Айылдык кеңештин депутаты чечим кабыл алуу үчүн “макул” же “каршы” добуш бере алат. Бир маселе боюнча депутат бир гана добушка ээ.
28.5. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат добуш берүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугу жок. Жыйындар залында катышып олтурган шартта депутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.
28.6. Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аны үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.
- Эсептөө комиссиясынын иши
29.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн депутаттар эсептөө комиссиясын түзушөт. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү депутаттардан турат жана так санда болуусу шарт.
29.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлайт, ошондой эле эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт.
Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
29.3. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер айылдык кеңештин чечими менен сунуш кылынган жана бекитилген форма боюнча эсептөө комиссиясы тарабынан дайындалат, анын саны айылдык кеңештин депутаттарынын санына барабар болот. Добуш берүү үчүн бюллетенде “макул”, “каршы”, деген жооптордун варианттары турат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.
29.4. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны орнотуу менен депутаттар өз эркин жашыруун билдирүү үчүн шарттарды түзөт.
29.5. Добуш берер алдында эсептөө комиссиясы айылдык кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда добуш берүүчү үкөктү бекитет.
29.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень алып, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди берүү ведомостундагы өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коёт жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага келет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берүүчү үкөккө бюллетенин таштайт.
29.7. Добуш берүү бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинет жана депутаттардын катышуусунда эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан бюллетендин оң бурчун кесүү аркылуу жок кылынат.
29.8. Депутаттардын добушун саноодо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эркин билдирүүнү аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.
29.9. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана сессияда эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.
29.10. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде сессияга төрагалык кылуучу чечимдин кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу жарыя кылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
30. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
30.1. Айылдык кеңештин жоопту катчысы баяндамачы менен бирдикте айылдык кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурат.
30.2. Айылдык кеңештин төрагасы кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.
30.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган токтомдун мазмуундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.
30.4. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:
— айыл аймакта кыйла кеңири таралган, белгиленген тартипте каттоодон өткөн басылмалардын ичинен айылдык кеңеш аныктаган басылмаларда же атайын көрүнүктүү жерлерде (такталарда, стенддерде);
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, же Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында.
30.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик тилде ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
30.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.
30.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердикти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
30.8. Айылдык кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен айылдык кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу жооптуу катчы ишке ашырат:
— актынын түрүн көрсөтүү;
— ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;
— кабыл алынган жери жана датасы;
— каттоо номери.
30.9. Расмий жарыяланган күнү айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын 7 жумушчу күндүн ичинде Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
30.10. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн айыл аймактын маалымат илинүүчү такталарына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.
31. Айылдык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
31.1. Айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протокол жүргүзүлөт, ага катар номери берилет.
31.2. Сессиялардын жана жыйындардын протоколдорун жүргүзүү жана жол-жоболоштуруу протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн кеңештин жооптуу катчысы тарабынан жүргүзүлөт. (Жооптуу катчы каралбаган айылдык кеңеште протоколду айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жүргүзөт).
31.3. Протоколдун тексти киришүү жана негизги бөлүктөрдөн турат:
а) айылдык кеңештин сессияларынын жыйындарынын протоколунун киришүү бөлүгүндө номери, датасы, өткөрүлгөн убактысы жана орду, айылдык кеңештин чакырылган жылы, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси өзүнчө тиркелет), баяндамачынын фамилиясын көрсөтүү менен күн тартиби, эгер түзүлгөн болсо эсептөө комиссиясынын курамы чагылдырылат;
б) негизги бөлүгүндө сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, баяндама менен чыгып сүйлөгөндөр жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлган маселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар чагылдырылат.
31.4. Депутаттардын фамилиялары алардын фамилияларын жана аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын – фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери көрсөтүлөт.
31.5. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, ага айылдык кеңештин төрагасы жана жооптуу катчы тарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алар аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчы тарабынан кол коюлат.
31.6. Жабык сессиялардын материалдарын кошпогондо, жыйындардын протоколдорунун көчүрмөлөрү ачык кол жеткендей болууга тийиш. Жооптуу катчы айылдык кеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн берет, алар көчүрүп алууларды жүргүзөт.
31.7. Айылдык кеңештин сессияларында жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн, алар айылдык кеңештин депутаттары үчүн жеткиликтүү болот.
31.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын түп нускалары жооптуу катчыда сакталат. Жыйындардын жана сессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн аралыгында сакталат. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары аяктаганда сессиялардын, жыйындардын протоколдору жана алардын тиркемелери туруктуу сактоого архивге тапшырылат.
31.9. Айылдык кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.
32. Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө
32.1. Айылдык кеңештин ар бир токтомунда токтомдо көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызмат адамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.
32.2. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угулгандан кийин, айылдык кеңеш төмөндөгүлөргө укуктуу:
— аткарылган катары токтомду контролдон алып коюу;
— аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон алып коюу;
— ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;
— башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жүктөө;
— токтомду жокко чыгаруу;
— токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
— кошумча токтомду кабыл алуу.
32.3. Контролдоо боюнча отчёттун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Айылдык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн контрол жүктөлгөн кызмат адамына же органга айылдык кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырууга укуктуу.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
- Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
33.1. Бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындыгын, жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча очетту бюджет боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнү айыл өкмөт башчысына тапшырууга укуктуу.
33.2. Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет боюнча туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.
33.3. Айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы айыл өкмөтүнөн, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.
33.4. Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
33.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана айыл өкмөтүнүн отчетун угат, коомдук угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен айылдык кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча корутундусун берет.
33.6. Айылдык кеңештин сессиясында жергиликтүү коомдоштуктун жана башка кызыкдар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтунүн отчету каралат.
33.7. Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу айылдык кеңештин токтому жергиликтүү ЖМК гезити аркылуу жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү маалымат тактайларына жайгаштырылат.
34. Айылдык кеңештин айыл аймактагы тургундардын элдик ченем чыгаруу демилгесин кароо
34.1. Мыйзамдардын жана жергиликтүү жамаатын уставына ылайык жарандар элдик ченем чыгаруу демилгесине ээ.
34.2. Жергиликтүү жамаат тарабынан айылдык кеңештин кароосуна киргизилген жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору) демилгечи топтун катышуусу менен тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан каралат.
34.3. Айылдык кеңештин кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечи топтун, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусунда айылдык кеңештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.
34.4. Жергиликтүү жамаат тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган айылдык кеңештин чечими аны киргизген демилгечи топко, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнө расмий жазуу түрүндө жеткирилүүгө тийиш.
- Айылдык кеңештин мамлекеттик органдар менен өз ара аракети
35.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик органдары менен өз ара мамилелерин жүзөгө ашырат.
35.2. Мамлекеттик органдары айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
35.3. Айылдык кеңеш мамлекеттик органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
35.4. Айыл аймактын кызыкчылыгына тийиштүү маселелер боюнча сессияга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун айылдык жана райондук бөлүмдөрүнүн, айыл өкмөтунүн жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү чакырылат.
35.5. Айыл аймакты өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери боюнча айылдык кеңеш консультацияларды өткөрөт жана айыл өкмөтү менен өз чечимдерин жазуу түрүндө макулдашууларды жүргүзөт.
36. Айылдык кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы
36.1. Айылдык кеңеш айыл аймакты өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин даярдоодо жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрөт, сунуштарын жана пикирлерин эске алат, зарыл болгон учурда аларды жумушчу топторго тартат.
36.2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча көтөргөн демилгелерин, кайрылууларын кылдаттык менен алардын өзүн, башка кызыкдар болгон тараптарды катыштырып талкуулайт, жакшы сунуштар боюнча маселе даярдап сессиянын кароосуна киргизет.
36.3. Сессиянын токтомдорунун долбоорун коомдук экспертизадан өткөрүү зарыл болгон учурларда жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн бул ишке тартат.
37. Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
37.1. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жобосу, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдигинин маселелери депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталат.
37.2. Айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтү жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.
37.3. Айылдык кеңеш, анын Аппараты, айылдык кеңештин (штат болбосо айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысы сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:
— шайлоочуларды кабыл алуу;
— арыздарды, кайрылууларды, сунуштарды кароо;
— шайлоочулар менен жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;
— шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, айыл өкмөткө депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.
37.4. Аппараттын тиешелүү кызматкерлери, жооптуу катчы жыл сайын айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо жүргүзөт. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылкы талдоосу айылдык кеңештин сессияларында депутаттар тарабынан каралат.
38. Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
38.1. Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу, маалыматтардын жарандарга жеткиликтүүлүгү айылдык кеңештин ишине коюлган талап болуп эсептелет.
38.2. Айылдык кеңештин ишин чагылдыруу сессияларды жана жыйналыштарды телекөрсөтүү жана радио уктуруу, башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык түйүндөр аркылуу берүү жолу менен, ошондой эле айылдык кеңештин сайты аркылуу камсыз кылынат.
38.3. Айылдык кеңештин сессияларын, туруктуу комиссиялардын жыйындарын видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы
39.1. Айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан айылдык кеңештин (штат болбосо айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысы камсыз кылат.
39.2. Жооптуу катчы айылдык кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана депутаттарга жардам көрсөтөт. Сессияларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
39.3. Жоопту катчы айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
— айылдык кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);
— айылдык кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, төраганын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;
— сессияларга материалдарды, анын ичинде токтом долбоорлорун жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
— айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга жана бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышына көмөктөшөт;
— сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарын маалымдайт;
— сессиялардын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарды каттоону жүргүзөт;
— чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына каттону жүргүзөт;
— иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;
— айылдык кеңештин токтомдорун долбоорун даярдоого көмөк көрсөтөт жана жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, айылдык кеңештин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
— расмий жарыялангандан кийин айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;
— айылдык кеңештин документтерин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
— туруктуу, убактылуу комиссияларга уюштуруучулук жагынан көмөк көрсөтөт;
— башка ченемдик укуктук актыларга, ушул Регламентке ылайык жана төраганын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
— мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү укуктук ченемдик актылардын аткарылышын камсыздайт
40. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
40.1. Айылдык кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен сессияда кабыл алынат.
40.2. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттар, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана сессияда каралат.
40.3. Регламенттин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Регламенттин жоболорун түшүндүрүү айылдык кеңештин сессиясында берилет.
40.4. Бул Регламентте тескелбеген маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 2-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 3
12 -январь 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн талапкерлерди бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын резервине жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тиешелүү документтерин карап, Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесине ылайык Чоң-Алай амактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн талапкерлер тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Чон-Алй аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн талапкерлердин документтери Кыргыз республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жиберилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
(тиркеме тиркелет 1 баракта)
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чон-Алай айылдык кенешинин сегизинчи чакырылышынын 2025-жылдын
12-январындагы 2-сессиясынын кезектеги отурумунун № 3 токтомунун тиркемеси
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү жамааттан көрсөтүлгөн жарандардын тизмеси
№ | А.А.Т. | Туулган жылы, айы күнү | Жашаган жери | Иштеген жери |
1 | Асанбаева Айчүрөк Жунусовна | 23.09.1983 | Дароот-Коргон | Мугалим |
2 | Бакыбекова Апиза Жунусовна | 15.07.1966 | Дароот-Коргон | Пенсионер |
3 | Жумамат кызы Зарипа | 28.06.1990 | Дароот-Коргон | Мугалим |
4 | Исраилов Бейшенбек Арпидинович | 01.11.1985 | Дароот-коргон | Райондук архитектура |
5 | Сражов Рахман Сарыбаевич | 15.02.1966 | Дароот-Коргон | Пенсионер |
6 | Султанов Аскарбек Жээнбаевич | 24.12.1993 | Дароот-Коргон | Райондук архитектура |
7 | Тахаева Рахат Ташмурзаевна | 14.05.1971 | Дароот-Коргон | Пенсионер |
8 | Убайдилда кызы Бүрейжеп | 09.12.1994 | Дароот-Коргон | Иштебейт |
9 | Шарипова Айдана Кожалиевна | 28.07.1991 | Дароот-Коргон | Мугалим |
10 | Жаңыбаева Айданек Тайирбекова | 28.09.2003 | Дароот-Коргон | Мугалим |
11 | Мойдунов Бусурманкул Пайзидинович | 24.12.1983 | Жар-Башы | Соц Фонд |
12 | Кудайбергенова Жаннат Аблазовна | 30.12.1975 | Дароот-Коргон | Мугалим |
13 | Ажибеков Исматилла Абдрахманович | 16.05.1971 | Дароот-Коргон | Мугалим |
14 | Аширбаев Көчкөнбай Тажидинович | 30.05.189 | Дароот-Коргон | Тех. кызматкер |
15 | Галова Жыпаргүл Каримовна | 02.02.1972 | Дароот-Коргон | Маданият |
16 | Усенова Жамила Исматиллаевна | 04.10.1965 | Дароот-Коргон | БЧБ |
17 | Сапиева Бакиыгүл Эгембердиевна | 30.01.1963 | Дароот-Коргон | Пенсионер |
18 | Абдимуталип уулу Талант | 09.07.1981 | Дароот-Коргон | Маданият |
19 | Жунус уулу Мунарбек | 07.04.1991 | Дароот-Коргон | Спорт школ
|
20 | Сулайманова Өмүркан Сулаймановна | 09.11.1993 | Дароот-Коргон | Мугалим |
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: К.Турдалиев
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 2-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 4
12-январь 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Фитнес клубунун тарифин бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун айыл өкмөттүн балансында турган фитнес клубунда машыккан жарандар үчүн тарифин бекитип берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүндө курулган фитнес клубуна машыгуу өткөргөн 1 (бир) аялга 1 (бир) ай үчүн ички чыгымдарды эске алуу менен 500 (беш жүз) сомдон 1500 (бир миң беш жүз) сомго чейинки суммада бекитилсин.
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кулов фитнести иштетүүдө эки тараптуу келишимдин негизинде иш жүргүзсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 2-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 5
12-январь 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө Мамлекеттик Лизинг компаниясы аркылуу оор жүк ташуучу техника жана эксковатор сатып алууга макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн автопаркын жаңылоо максатында Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун Лизинг аркылуу оор жүк ташуучу техника жана эксковатор сатып алуу сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Финанылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 152 000 АКШ доллары (лизинг келишим түзүлгөн датага Кыргыз Ремпубликасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эквиваленти), жылдык 11% менен алты жылдык мөөнөткө төмөнкү атайын техникаларды алууга макулдук берилсин:
- XCMG XE265C маркасындагы гусеницалуу эксковатор баасы 107 000 АКШ доллары
- XCMG XGA3251D2WC маркасындагы самосвал 45 000 АКШ доллары.
- Лизингдин жалпы баасынан 10% өлчөмүндө Чоң-Алай айыл өкмөтүнөн өздүк салымга жалпы 1 337 600 сом, 6 жылга камсыздандыруу үчүн 194 396 сом, бажы төлөмдөрү үчүн 1 630 000 сом жана каттоосу үчүн 10 000 сом жалпы 3 171 996 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 2-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 6
12-январь 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Дароот-Коргон, Чак, Кызыл-Туу айыл тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дарот-Коргон, Чак, Кызыл-Туу айылдарынын жашоочуларынын 85 участкасынын жолун оңдоо жана Кызыл-Туу каналын казып берүү боюнча кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык айыл өкмөттүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен төмөнкү маселелерге акча каражаты бөлүнүп берилсин:
- 85 участкасынын жолуна шагыл төшөөгө 1 200 000 сом
- Кызыл-Туу каналын казуга 800 000 сом
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 2-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 7
12-январь 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкөтүнүн башчысы А.А.Куловдун 2024-жылдын 27-декабрындагы №01-34/1999 чыгыш сандуу сунушун кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкөтүнүн башчысы А.А.Куловдун 2024-жылдын 27-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 31.05.2022-жылдын № 291 токтому менен бекитилен “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобосунун 18-26-пунктарына ылайык, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 30.05.2024-жылдагы № 01-12/49 токтому менен суулуу айдоо жер аянтында болгон турак жайлардын аянттары калктуу конушун жерлери категориясына (трансформация) болгон. Чоң-Алай айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн 2004-2005-жылдардагы системалык каттоодон өтүп калган жарандардын жер участоктору ээлеп турган аянтта калтырылган. Жер аянттарын документтештирүү үчүн жер аянттарынын өлчөмүн бекитип берүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Системалык каттоо жүргүзүлгөн учурда жарандардын жер аянттарын ээлеп турган өлчөмдө калтырууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасф, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 2-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 8
12-январь 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасынын № 1047, 1049 контурларында жайгашкан таштуу жайыт эсебинде турган 1,57 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасынын № 1047, 1049 контурларында жайгашкан таштуу жайыт эсебинде турган 1,57 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.А,Куловко жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 2-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 9
12-январь 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн билдирүүсун кароо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн билдирүүсун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн билдирүүсүндө белгиленгендей Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак-жай жана коммуналдык чарба” муниципалык ишканасына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча кетирилген кемчилдиктер эске алынып, мындан ары мыйзам бузууларга жол бербөө жагы айыл өкмөт башчысы А.А.Куловго жана айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлерине эскертилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн жалпы аппарат кызматкерлерине жана айыл өкмөттүн алдындагы муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине тааныштырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 2-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 10
12-январь 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү жөнүндо сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары, айылдык кеңештин 2-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул бекитилген муниципалдык кызматтардын тизмеги боюнча иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
(тиркеме тиркелет 2 баракта)
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи
чакырылышынын депутаттарынын 2025-жылдын
12-январындагы 2-сессиясынын кезектеги
отурумунун № 10-токтому менен бекитилди
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги
№п/п | Кызматтардын аталышы | Акылуу/
акысыз |
Кызматтарды көрсөтүүчү
муниципалдык мекеме |
1 | Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу | Акысыз | Айыл өкмөтү |
2 | Муниципалдык менчикти башкаруу | Акысыз | Айыл өкмөтү |
3 | Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу | Акысыз | Айыл өкмөтү |
4 | Калкты ичүүчү таза суу менен камыз кылуу | Акысыз | Дара-Таза суулары муниципалдык ишкана |
5 | Калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу | Акысыз | Айыл өкмөтү |
6 | Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу | Акысыз | Айыл өкмөтү |
7 | Жалпы пайдалануудагы көчөлөргө жарык берүүнү уюштуруу | Акысыз | Айыл өкмөтү |
8 | Айыл аймагындагы аярлуу топ тургундарын көмүр менен камсыз кылуу | Акысыз | Айыл өкмөтү |
9 | Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу | Акысыз | Айыл өкмөтү
Тазалык-Памир муниципалдык ишканасы |
10 | Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу | Акысыз | Айыл өкмөтү
Тазалык-Памир муниципалдык ишканасы |
11 | Окуучулардын мектептин олимпиадаларына жана мелдештерге катышуу үчүн транспорт чыгымдарын төлөө максатында акча каражатын бөлүп берүү | Акысыз | Айыл өкмөтү |
12 | Жарандарга жер аянттарын ижарага алуудагы келишимдерди берүү | Акысыз | Айыл өкмөтү |
13 | Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу | Акысыз | Айыл өкмөтү |
14 | Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу | Акысыз | Айыл өкмөтү |
15 | Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү | Акысыз | Айыл өкмөтү |
16 | Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | Айыл өкмөтү | |
17 | Бош убактыны өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү | Акысыз | Айыл өкмөтү |
18 | Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу | Акысыз | Айыл өкмөтү |
19 | Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу | Акысыз | Айыл өкмөтү |
20 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү | Акысыз | Айыл өкмөтү |
21 | Калкка консультациялык –укуктук жардам көрсөтүү | Акысыз | Айыл өкмөтү |
22 | Салыктан карызы бар же жок экендиги жөнүндө маалымат берүү | Акысыз | Айыл өкмөтү |
23 | Жарандардын социалдык абалы жөнүндө маалымат берүү | Акысыз | Айыл өкмөтү |
24 | Көзү өткөн жарандарды коюуга кеткен чыгымды аныктоочу маалымат берүү | Акысыз | Айыл өкмөтү |
25 | Ишкананын жайгашкандыгы боюнча маалымат берүү | Акысыз | Айыл өкмөтү |
26 | Туруктуу жашагандыгы боюнча маалымат берүү | Акысыз | Айыл өкмөтү |
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 3-сессиясынын
кезектеги отурумунун
Токтому № 1
5-февраль 2025-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышын кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмонали Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышы тууралуу билдирүүсүн Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин жыл ичиндеги киреше бөлүгү 147 820 651 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү сомду түзүп
- аппаратка 20 270 765 сом
- айылдык кеңешке 1 024 881 сом
- аппараттын атайын каражатына 884 000 сом
- мектептерге 18 953 007 сом
- бала бакчаларга 17 145 718 сом
- бала бакчалардын атайын каражатарына 5 532 724 сом
- китепканаларга 2 161 593 сом
- маданий иш чараларга 1 494 500 сом
- клубтарга 2 337 679 сом
- өзгөчө кырдаалдарга 3 145 725 сом
- ЖКХ 51 302 718 сом
- социалдык жардамдарга 2 499 998 сом
- компенсацияга 2 174 200 сом
- статистке 718 500 сом
- музейге 488 824 сом
- жайытка 1 476 687 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 3-сессиясынын
кезектеги отурумунун
Токтому № 2
5-февраль 2025-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдагы аткарган иштерин кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдагы аткарган иштери боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 3-сессиясынын
кезектеги отурумунун
Токтому № 3
5-февраль 2025-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдагы жыл ичинде аткарган иштерин кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.куловдун жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайдын “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдагы аткарган иштери тууралуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдагы аткарган жумуштары канааттандыраарлык деп табылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 3-сессиясынын
кезектеги отурумунун
Токтому № 4
5-февраль 2025-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну М.Коңурбаевди, И. Бакировду жана Жар-Башы айылынын тургуну Э.Жумаматовду Чон-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунуштоо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаттарынын Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну М.Коңурбаевди, И. Эсенбаевди жана Жар-Башы айылынын тургуну Э.Жумаматовду Чон-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунуштоо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмотүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургундары Коңурбаев Мамажусуптун, Бакиров Имарбайдын жана Жар-Башы айылынын тургуну Жумаматов Хамзанын коомдук иштерге активдүү катышкандыгын жана Чон-Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдарын эске алуу менен Чоң-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунушталын.
- Жогоруда аты аталган жарандарга Чоң-Алай районунун Адактуу атуулу наамын берүү Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Т.Шамыркановдон суралсын.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 3-сессиясынын
кезектеги отурумунун
Токтому № 5
5-февраль 2025-жыл Дароот-Коргон айылы
Чон-Алай айыл өкмөтүнө Кара-Таш участкасындагы № 2885 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таза жайыт эсебинде турган 0,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Таш участкасындагы № 2885 контурундагы “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынын жайыт эсебинде турган 0,20 га жер аянтын ушул эле категориянын курулуш алдындагы жерлер түрүнө которуу боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чон-Алай айыл өкмөтүнө кара-таш участкасындагы № 2885 контурунды “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таза жайыт эсебинде турган 0,20 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын дардоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 3-сессиясынын
кезектеги отурумунун
Токтому № 6
5-февраль 2025-жыл Дароот-Коргон айылы
“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын чополуу жайыт, таштуу жайыт, жайыт, канал жана коллектор болуп белгиленген 2,44 га жер аянтын “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын аркасынын түндүк тарабындагы № 1308-1310-1329 контурларда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын чополуу жайыт, таштуу жайыт, жайыт, канал жана коллектор болуп белгиленген 2,44 га жер аянтын “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын аркасынын түндүк тарабындагы № 1308-1310-1329 контурларда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын чополуу жайыт, таштуу жайыт, жайыт,канал жана коллеторлор болуп белгиленген 2,44 га жер аянтын “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформацялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын дардоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 3-сессиясынын
кезектеги отурумунун
Токтому № 7
5-февраль 2025-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Куу-Коргон участкасынын № 1447 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт болуп белгиленген 2,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын суулуу түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Куу-Коргон участкасынын № 1447 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт болуп белгиленген 2,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын суулуу түрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Куу-Коргон участкасынын № 1447 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт болуп белгиленген 2,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын суулуу түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын дардоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 3-сессиясынын
кезектеги отурумунун
Токтому № 8
5-февраль 2025-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасынын № 1289 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт болуп белгиленген 1,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын суулуу түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасынын № 1289 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт болуп белгиленген 1,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын суулуу түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасынын № 1289 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт болуп белгиленген 1,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын суулуу түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын дардоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 3-сессиясынын
кезектеги отурумунун
Токтому № 9
5-февраль 2025-жыл Дароот-Коргон айылы
Дароот-Коргон айылынын тургуну Кудрет уулу Алидиндин кайрылуусун кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Кудретилла уулу Алидиндин Ыссык участкасынан жергиликтүү тургундар пайдаланбаган бөксө тоонун боорунан жер сураган кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Дароот-Коргон айылынын тургуну Кудрет уулу Алидинге Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасынын түштүк чыгышындагы Ыссык участкасындагы бөксө тоонун бооруна кышкы лыжа базасын уюштурууга тактап айтканда транспортёрдук көтөргүч мамычаларын, кичи ашкана жана шаймандарды коюучу жайларды жеңил конструкция түрүндө курууга убактылуу мөөнөткө макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын дардоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 3-сессиясынын
кезектеги отурумунун
Токтому № 10
5-февраль 2025-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда түзүлгөн айыл чарба кооперативдерине жер аянттарын берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда түзүлгөн айыл чарба кооперативдерине жер аянттарын берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы түзүлгөн айыл чарба кооперативдерине жалпы 35,0 га жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык даярдоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 3-сессиясынын
кезектеги отурумунун
Токтому № 11
5-февраль 2025-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мекемесене кошумча чечинүүчү жана жуунучу бөлмөлөрдү салууну Чоң-Алай районунун региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мекемесине кошумча чечинүүчү жана жуунучу бөлмөлөрдү салууну Чоң-Алай районунун региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 3-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мекемесине кошумча чечинүүчү жана жуунучу бөлмөлөрдү салууну Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу Чоң-Алай районунун региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 3-сессиясынын
кезектеги отурумунун
Токтому № 12
5-февраль 2025-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме айылынын тургуну Гүдүбаев Нүрмаматты Чон-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунуштоо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты Ж.Эрмекбаеванын Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме айылынын тургуну Гүдүбаев Нурмаматты Чон-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунуштоо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 3-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмотүнө караштуу Кызыл-Эшме айылынын тургуну Гүдүбаев Нурмамат коомдук иштерге активдүү катышкандыгын жана Чон-Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алуу менен Чоң-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунушталын.
- Жогоруда аты аталган жаранга Чоң-Алай районунун Адактуу атуулу наамын берүү жагы Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Т.Шамыркановдон суралсын.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 4-сессиясынын
кезексиз отуруму
Токтом № 1
20-февраль 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинен 2025-жылга калган калдыкты бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинен 2025-жылга карата калган калдыктарды бөлүштүрүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 4-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинен калган 15 469 539 сом акча каражаты 2025-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилип төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
— аппаратка 1 718 929 сом
— ЖКХ 6 962 000 сом
— мектептерге 3 666 900 сом
— бала бакчаларга 575 200 сом
— китепканаларга 411 800 сом
— клубтарга 2 134 710 сом
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 4-сессиясынын
кезексиз отуруму
Токтом № 2
20-февраль 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 2024-жылдын 2-августундагы 39-сессиясынын кезектеги отурумунун № 5 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 2024-жылдын 2-августундагы 39-сессиясынын кезектеги отурумунун № 5 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- 2004-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн системалык каттоо учурунда ар бир жаранга ээлеп турган жер аянтына жеке менчик деп токтом чыгарылгандыгына байланыштуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 2024-жылдын 2-августундагы 39-сессиясынын кезектеги отурумунун № 5 токтому жокко чыгарылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү, жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 4-сессиясынын
кезексиз отуруму
Токтом № 3
20-февраль 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы 26-сессиясынын кезектеги отурумунун № 7-токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун 2025-жылдын 12-февралындагы № 01-34/155 чыгыш сандуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы 26-сессиясынын кезектеги отурумунун № 7-токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы 26-сессиясынын кезектеги отурумунун № 7-токтомуна толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
- Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы 26-сессиясынын кезектеги отурумунун № 7-токтому 4-пункт менен толукталсын тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291-токтому менен бекитилген Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобонун пункттарына ылайык мыйзамсыз турак жайларды мыйзамдаштырууда ар бир турак жайдын аянтты 1500м2 болуп калтырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү, жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 4-сессиясынын
кезексиз отуруму
Токтом № 4
20-февраль 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты А.Жусуповдун, Ж.Эрмекбаеванын жана А.Абдыракмановдун сунуштарын кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты А.Жусуповдун, Ж.Эрмекбаеванын жана А.Абдыракмановдун сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты А.Жусуповдун, Ж.Эрмекбаеванын жана А.Абдыракмановдун сунуштарына ылайык айыл өкмөттүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен төмөнкү маселелерге жалпы 1 850 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
- И.Маматмусаев балдар бакчасына кошумча корпус курууга 1 000 000 сом
- Алтын-Дара балдар бакчасынын фасадын оңдоого 300 000 сом
- З.Каримбеков орто мектебинин эшиктерин алмаштырууга 300 000 сом
- Н.Нуридинов балдар бакчасына керектелүүчү жабдыктарга 250 000 сом
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 4-сессиясынын
кезексиз отуруму
Токтом № 5
20-февраль 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Туздун-Сайы участкасындагы № 1293 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 3,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын, танспорттун,байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмотүнө караштуу Туздун-Сайы участкасындагы № 1293 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 3,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Туздун-Сайы участкасындагы № 1293 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 3,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык тактап иш алып баруу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү, жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 4-сессиясынын
кезексиз отуруму
Токтом № 6
20-февраль 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Жайыт тармагынын 2024-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жайыт тармагы боюнча 2024-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2025-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Жайыт тармагынын 2024-жылдагы атайын каражатынан калган 20 сом акча каражаты 2025-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.
- жайыт комитетинин атайын каражатына 20 сом.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 4-сессиясынын
кезексиз отуруму
Токтом № 7
20-февраль 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Сейдановдун Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2023-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы атайын каражатынан калган 292 051,84 сом акча каражаты 2025-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.
- Аппараттын атайын каражаттарына 292 051,84 сом
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 4-сессиясынын
кезексиз отуруму
Токтом № 8
20-февраль 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынын 2025-жылга карата калган калдыгын бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Сейдановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2024-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынын 2025-жылга карата калган калдыгын бөлүштүрүү боюнча долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2024-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынан калган калдык 60 956 сом акча каражаты 2025-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилсин жана төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
- Дароот-Коргон айылындагы спорт комплекстин от казанын алмаштыруудагы эски карызын төлөөгө 60 956 сом
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 4-сессиясынын
кезексиз отуруму
Токтом № 9
20-февраль 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын 2024-жылдагы атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Сейдановдун Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын 2024-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2025-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын 2024-жылдагы атайын каражатынан калган 386 586 сом акча каражаты 2025-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.
- Бала бакчалардагы балдардын тамак ашы үчүн 386 586 сом
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 4-сессиясынын
кезексиз отуруму
Токтом № 10
20-февраль 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы турак жай имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 17-февралындагы № 9858 сандуу турак имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмдөрүн бекитүү тапшырмасын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы турак имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмү, тактап айтканда жашоо аянты 330 чарчы метрден ашкан 1 чарчы метр үчүн 10 сомдон болуп бекитилсин.
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жергиликтүү тургундарга жогоруда белгиленген сумма боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловго жана айыл өкмөттүн коомдук коопсуздук жана кирешелер боюнча башкы адис Ө.Наримбаевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 4-сессиясынын
кезексиз отуруму
Токтом № 11
20-февраль 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдар боюнча таштанды салыгын бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Сейдановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдар боюнча таштанды салыктарын бекитип берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 4-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы физикалык жактарга таштанды салыгы 2025-жыл үчүн 80 сомдон ал эми юридикалык жактарга 100 сомдон болуп бекитилсин.
- Таштанды салыгын физикалык жана юридикалык жактарга 2025-жылдын 1-майына чейин отчетун берүү жана төлөмүн жылдын 1-сентябрынан кечиктирилбестен төлөөлөрү белгиленсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов