
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 1 Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Коңурбаев Анаргазы Жалалидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылайык токтом кылат:
- Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 87 263 800 сом болуп бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.
- аппаратка 21 466 063 сом
- апараттын атайын каражатына 100 000 сом
- айылдык кеңешке 993 095 сом
- мектептерге 8 970 000 сом
- бала бакчаларга 9 209 820 сом
- бала бакчалардын атайын каражатына 7 470 000 сом
- китепканаларга 2 032 451 сом
- музейге 690 597 сом
- маданий иш чараларга 1 570 000 сом
- клубтарга 2 466 740 сом
- өзгөчө кырдаалдарга 590 000 сом
- ЖКХ 28 969 534 сом
- социалдык жардамдарга 400 000 сом
- жайытка 2 335 500 сом бөлүнүп жумшалсын.
- Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармек жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аппаратына 15 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 4 штат.
-келишимдин негизинде 9 штат каралсын.
— Чоң-Алай айылдык кенешине жооптуу катчы 1 штат каралсын.
— Клубтарга 7 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү
3 штат.
— Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.
— Музейге 2 штат анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү 1 штат
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Коңурбаев Анаргазы Жалалидиновичке жүктөлсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2026-жылдын 21-январынан тартып күчүнө кирет.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 2 Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинен калган калдыкты бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Коңурбаев Анаргазы Жалалидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинен 2026-жылга карата калган калдыктарды бөлүштүрүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылайык токтом кылат:
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинен калган 7 024 847,89 сом акча каражаты анын ичинен 6 014 013,05 сом жергиликтүү бюджеттен, 949 858,89 сом атайын каражаттардын эсебинен, 60 956 сом социалдык пакеттен, 20 сом жайыттан 2026-жылдын бюджетине өткөрүлүп, төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
— ЖКХ 5 124 013 сом
— мектептерге 690 000,05 сом
— бала бакчаларга 200 000 сом
2 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 3 Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 0,50 га жер аянтын, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер ” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 0,50 га жер аянтын, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер ” категориясына которууга макулдук берүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 12-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык токтом кылат:
- Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасынын № 1361 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган 0,50 га жер аянтын, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер ” категориясына которууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 4 Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 3,0 га жер аянтын, сугат айдоо түрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасындагы “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган 3,0 га жер сугат айдоо түрүнө которуу боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 12-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык токтом кылат:
- Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасындагы № 1518 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган 3,0 га жер аянтын сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын дардоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 5 Дароот-Коргон айылы
Дароот-Коргон айылынын тургуну Токтоматова Диларам Тилемишовнанын өзүнүн жеке менчигине таандык 2109,0м2 жер аянтынын ичинен 500 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Токтоматова Диларам Тилемишовнанын өзүнүн жеке менчигиндеги 2109,0 м2 жер аянтынын ичинен 500 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесине ылайык токтом кылат:
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Токтоматова Диларам Тилемишовнанын өзүнүн жеке менчигиндеги 2109,0 м2 жер аянтынын ичинен 500 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын жер кодексине ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 6 Дароот-Коргон айылы
Дароот-Коргон айылынын тургуну Бактыбаев Дыйканбай Мисиратиллаевичтин жеке менчигиндеги коммерциялык багыттагы 0,11 га жер аянтын эшик алды багытына өзгөртүп иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-коргон айылынын тургуну Бактыбаев Дыйканбай Мисиратиллаевичтин өзүнүн жеке менчигиндеги 0,11 га жер аянтын коммерциялык багытта иштетүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу кайрадан эшик алды багытына өзгөртүп берүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесине ылайык токтом кылат:
- Дароот-Коргон айылынын тургуну Бактыбаев Дыйканбай Мисиратиллаевичтин өзүнүн жеке менчигиндеги 0,11 га жер аянтын коммерциялык багытта иштетүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу кайрадан эшик алды багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын жер кодексине ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповко милдеттендирилсин.
- Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 18-мартындагы 25-сессиясынын кезексиз отурумунун Д.Бактыбаевдин өзүнүн жеке менчигиндеги эшик алды жеринин ичинен 0,11 га жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча № 5 токтому күчүн жоготсун.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 7 Дароот-Коргон
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара Таза-сулары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Таштанбековдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара Таза-сулары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Таштанбековдун Даранын Үч-Булак участкасынан Кызыл-Туу айылына жолдун жээги жана каналдын жээги менен таза суу түтүгүн тартууга макулдук берүү боюнча кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылыйык токтом кылат:
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылына Даранын Үч-Булак , кошумча Ак-Теке участкаларынан Кызыл-Туу айылына жалпы 11700 метр аралыкка тактап айтканда Дара участкасындагы жайлоого баруучу жолдун жээгинен жана Дара-Кызыл-Туу каналынын жээгинен таза суу түтүгүн тартууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 8 Дароот-Коргон
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги мал базарга курулган мал союуучу жайдагы мал-жандыктарды союу кызмат акыларын бекитүү жөнүндө
Чон-Алай айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринардык адиси К.Гожобековдун мал союуучу жайда союлган мал жандыктар үчүн касаптардын кызмат көрсөтүү тарифин бекитип берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылыйык токтом кылат:
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде мал союуучу жайда союлган мал жандыктар үчүн тариф төмөнкүдөй баада бекитилсин.
- Жылкы жана ири мүйүздүү малдарды союуга 1 баш үчүн 1200 сом
- Кой жана эчкилиерди союуга 1 баш үчүн 500 сом
- Жылкы жана ири мүйүздүү малдардын ичеги карынын жууп тазалоо үчүн 1 башка 500 сом
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 9 Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу № 85 участкасынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 9,0 га жер аянтын, сугат айдоо түрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу № 85 участкасындагы “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган 9,0 га жер сугат айдоо түрүнө которуу боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 12-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык токтом кылат:
- Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу № 85 участкасындагы № 1421 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 9,0 га жер аянтын сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 10 Дароот-Коргон айылы
Крематория (өлгөн мал жандыктардын) жасатын өрттөп жоготуучу аппаратын алууну каржылоо жагын Чоң-Алай районунун региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу жана экологияны сактоо максатында Крематория (өлгөн мал жандыктардын) жасатын өрттөп жоготуучу аппаратын алып берүүнү Чоң-Алай районунун региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап: Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылыйык токтом кылат
1 . Чоң-Алай айыл өкмөтүнө Крематория (өлгөн мал жандыктардын) жасатын өрттөп жоготуучу аппаратын алып берүү үчүн акча каражатын каржылап берүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу Чоң-Алай районунун региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана чарба боюнча туруктуу комиссиясына
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 11 Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу ички чарбалык каналдарды Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы 1-2-ирээттеги ички чарбалык каналдарды Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүү жөнүндө Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылыйык токтом кылат:
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы 1-2-ирээттеги ички чарбалык каналдарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207, Суу ресурстары кызматынын 2026-жылдын 21-январындагы № 03-06/176 сандуу катына ылайык, Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы 1-2-ирээттеги ички чарбалык каналдары Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдап өткөрүп берүү жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 12 Дароот-Коргон айылы
Дароот-Коргон айылынын тургуну Халмурзаев Талантбек Шадыбековичке тиешелүү өзүнүн жеке менчигиндеги 2500 м2 жер аянтынын ичинен 700 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Халмурзаев Талантбек Шадыбековичке тиешелүү өзүнүн жеке менчигиндеги 2500 м2 жер аянтынын ичинен 700 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдаануусуна макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесине ылайык токтом кылат:
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Халмурзаев Талантбек Шадыбековичке тиешелүү өзүнүн жеке менчигиндеги 2500 м2 жер аянтынын ичинен700 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын жер кодексине ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 14 Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануу боюнча 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайдын Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануу боюнча 2026-жылга карата бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылыйык токтом кылат:
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануу боюнча 2026-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 2 335 500 сом болуп бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.
- Жайыттарды жана алардын инфраструктурасын кармоого 123 306 сом
- Жайыттарга мониторинг жүргүзүүгө 10 000 сом
- Жарнама чыгымдарына 15 000 сом
- Эмгек акыларга 1 846 745 сом
- Соц. чегерүүлөргө 243 449 сом
- Сапар чыгымдарына 42 000 сом
- Орг техника сатып алууга 45 000 сом
- Кеңсе товарларын сатып алууга 10 000 сом
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайга жүктөлсүн.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 15 Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды пайдалануу боюнча 2026-жылга карата жылдык планын бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайдын Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды пайдалануу боюнча 2026-жылга карата планын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылыйык токтом кылат:
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды ар жылдык пайдалануу боюнча 2026-жылга карата жылдык планы бекитилсин.
- Бекитилген жылдык планга ылайык иш алып баруу жагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайга милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь 2026-жыл № 16 Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 5-0701-0001-0189 коду менен катталган 918 м 2 жер аянтын Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн балансасына мөөнөтсүз пайдалануу үчүн өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүңдө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси А.Кудайбергеновдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 5-0701-0001-0189 коду менен катталган 918 м 2 жер аянтын Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн балансасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү боюнча сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө жөнүндө мыйзамынын 16-беренесине ылыйык токтом кылат:
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 5-0701-0001-0189 коду менен катталган 918 м 2 жер аянтын Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн балансасына мөөнөтсүз пайдалануу үчүн өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Өткөрүлүп берилген жер аянтындагы курулуштар айыл өкмөтүнүн балансында калтырылсын.
- Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2022-жылдын 30-мартындагы 15-сессиясынын кезексиз отурумунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн балансасында турган Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмү жайгашкан имараттын жер аянтын Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн имаратына алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө № 2- токтому жокко чыгарылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21-январь. 2026-жыл № 17 Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Мойдунов Шерали Тилекматовичтин кайрылуусун кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Мойдунов Шерали Тилекматовичтин өзүнүн турак жай аянтынын күн чыгыш тарабындагы 1400 м 2 жер аянтын көрктөндүрүү үчүн сураган кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине ылайык токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Мойдунов Шерали Тилекматовичтин турак жай аянтынын күн чыгыш тарабындагы 0,14 га жер аянтын Мойдунов Шерали Тилекматовичке көрктөндүрүү үчүн убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловко жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
9-март 2026-жыл № 1 Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл аймагынын 2025 — 2030 -жылдарга карата социалдык- экономикалык өнүгүү программасына (СЭӨПко) толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунушталган чакан долбоор тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун талаптарына, Жумушчу топтун 2026-жылдын 25-февралындагы № 2 протоколуна жана 2026-жылдын 4-мартында өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгына таянып, Чоң-Алай айылдык кеңеши Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылыйык токтом кылат:
- Чоң-Алай айыл аймагынын курамына кирген айылдарда Жумушчу топ тарабынан өткөрүлгөн фокус топтук талкуулоонун жана айылдарда онлайн аркылуу талкуулоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөр жана сунуштар талкууланып жумушчу топтун протоколундагы тизме боюнча айыл аймактын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин.
- Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун (НПИС) алкагында каржылоо үчүн Социалдык экономикалык өнүгүү программасынын иш-аракеттер планына ылайык төмөнкү чакан долбоор сунушталсын:
-Социалдык инфраструктуралык чакан долбоорлордун аталышы:
— “ Чак айылындагы Көк-Суу жалпы билим берүү мектебине кошумча имарат куруу”
— “ Кызыл-Эшме айылына футбол аянтчасын куруу”
-Экономикалык багыттын аталышы:
«Картошка (логистикалык борбор + кайра иштетүүчү ишкана) » Кызыл-Туу айылы;
- Айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
3.1 Социалдык инфраструктуралык чакан долбоор боюнча зарыл болгон документтердин топтому даярдалып, АРИСке жөнөтүлсүн.
3.2 Долбоор тарабынан бөлүнө турган акча каражаты жетпей калган учурда, жергиликтүү бюджеттен кош каржылоо камсыз кылынсын.
3.3 Чакан долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо камсыз кылынсын.
3.4 Экономикалык багыт боюнча Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук
долбоордун конкурсуна тийиштүү документтер даярдалып тапшырылсын.
- Коомдук угууда коомчулук, айыл аймагы жана айылдык кеңеш тарабынан сунуш кылынып, айыл аймагынын социалдык- экономикалык өнүгүү программасынын жана АРИСтин коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн түзүлгөн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичке жүктөлсүн.
Төраганын орун басары А.Сапаев
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-мартындагы 13-сессиясынын кезексиз отурумунун № 1-токтомунун № 1-тиркемеси
Чоң-Алай айыл аймагынын 2025 -2030 -жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына толуктоо катары киргизиле турган артыкчылыктуу көйгөйлөр.
(артыкчылыктар жумушчу топтун протоколуна ылайык баары киргизилет жана ар бир артыкчылык боюнча мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү жана күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр көрсөтүлөт)
3.3. Жергиликтүү коомчулуктун артыкчылыктуу муктаждыктарына анализ жүргүзүү.
| № | Артыкчылык | Мүмкүн болгон чаралардын жалпы сүрөттөлүшү | Күтүлгөн натыйжа жана мөөнөттөр |
| 1 | Чак айылындагы Көк-Суу жалпы билим берүү мектебине кошумча имарат куруу | Көк-Суу жалпы билим берүү мектебине мекемеси 2005-жылы курулган. 320 орундуу. Учурда 320 орундуу 547 окуучу 3 сменада билим алат. Мектепке 8 класс комплект, 1 актовый зал, ашкана, китепкана, лаборатория жетишсиз. | Көк-Суу жалпы билим берүү мектебине кошумча имарат курулуп, көйгөй чечилип калса, 3 сменада окуган окуучулар 2 сменага өтүп, окуучулардын толук кандуу билим алуусуна шарт түзүлүп, билим сапаты жогорулап, мектептеги кружоктор, ийримдер ар кандай иш чараларды актовый залда өткөрүүгө шарт түзүлөт. |
| 2 | Дароот-Коргон айылындагы балдардын чыгармачылык борборуна ( БЧБ га) имарат куруу | Балдардын чыгармачылык борбору учурда Алайчы уулу Саит атындагы иннвациялык жалпы билим берүү мектебинде жайгашкан. Учурда өзүнүн имараты жок. БЧБ да учурда Дароот-Коргон айылында 360 окуучу билим алат. БЧБ өзүнчө имаратка муктаж | Балдардын чыгармачылык борборуна имарат курулп калса, кошумча ийримдер (фортепиано, аккордеон) , шахмат, англис тили курсу ачылып, кошумча жумуш орундар түзүлүп, 7-8 ийрим туруктуу иштеп, балдардын билим алуусуна шарттар түзүлөт.. |
| 3 | Кызыл-Туу айылына (Кызыл-Суу дарыясына ) көпүрө куруу | Кызыл-Туу жана Дароот-Коргон айылдарынын (ПМК) тургундарынын айдоо жерлерине, чөп орунду аянттарына баруу,жайыттарга каттосуна тоскоолдуктар жаралып келет | Көпүрө салынса Кызыл-Туу жана ПМК жашоочуларынын,кошуна Кызыл-Эшме айылынын тургундарынын жайыттарга мал айдоо, сугат иштерине, чөп жыйноо, жайыт пайдалануу ж.б. чарбалык иштерине жакшы шарт түзүлөт |
| 4 | Жар-башы айылындагы Алтын-Дара балдар бакчасына кошумча музыка өтүлүүчү каана | Азыркы убакта бала бакчадагы тарбиянычуулардан саны көп болуп, майрамдык иш чараларды өткөрүүдө ыңгайлуу шарт жок. Ата-энелердин балдардын иш чарасын көрүүгө шарт жок батышпайт. | Бала бакчага кошумча музыкалык зал курулса ишчаралар жогорку деңгээлде өткөрүлөт |
| 5 | Мектепке актовый зал куруу | Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектеби окуучулардын санына иммарат туура келбейт билим берүү уюмунда өткөрүлгөн иш жакшы шартта өткөрүлбөйт | Билим берүү мекемесине кошумча актовый зал жана кошумча класстын кааналар курулуп калса өткөрүлгөн иш чара жетиштүү шартта өткөрүлөт. |
| 6 | Кара-Кыя участкасына Дамба куруу | Кара-Кыя участкасындагы айрым турак үйлөр, короо сарайлар Кызыл-Суу дарыясынын кооптуулугунда аталган жерге жалпысынан 1500, 200 аралык жерине дамба көтөрүү керек | Тургундардын турак үйлөрү суу коркунучунан алдын алынат |
| 7 | Дароот-Коргон айылына Бассейин куруу | Айыл аймагында эс алуучу бассейиндердин жоктугунан улам, жаш балдар ар кайсы дарыялардын жээги, каналдарга жайдын ыссыгында барып жуунушуп, натыйжада адам өмүрүн алган окуялар кездешкен. | Өспүрүмдөр жаш кезинен сууга сүзүүнү үйрөнүп, адам өмүрүн алган кырсыктар алдын алынат |
| 8 | Жар-Башы айылындагы Туз-Кашарга көпурөө куруу | Жайлоого, жайытка чыккан тургундар көпүрөөнүн жоктугунан кыйналышат | Дыйкандарга, жайлоого чыгуучуларга, эс алуучулардын коопсуздуктары алдын алынып, ыңгайлуу шарттар түзүлөт |
| 9 | Кашка-Жолго копуро куруу | Жаш-Тилек айылындагы Кашка- Жолго көпүрөө куруу заарылчылыгы болуп, жашоочулар, мал жандыктар суудан өтө албай кыйынчыылык жаралат | Жашоочуларга ыңгайлуу шарт түзүлөт |
| 10 | Кызыл-Эшме айылына ФАП куруу | Кызыл-Эшме айылында ФАПтын жоктугунан орулуулар укол даарыны алыш үчүн 5км алыстыкта жайгашкан ооруу канага барууга аргасыз | Тургундар өз убагында кан басымдарын өлчөө, укол даарыла |
| 11 | Кызыл-Туу айылына башталгыч мектеп куруу | Кызыл-Туу айылында башталгыч мектептин жоктугунан 1,4-класска
чейинки окуучулар Дароот-Коргон айылына караштуу ПМК участкасындагы А. Мурзакулов орто мектебине барышып, кыйналышат жолдун алыстыгы кыш мезгилинде аба ырайынын сууктугу, жол коопсуздугу көйгөй жаратат. |
1,4-класска чейинки окуучуларга Кызыл-Туу айылына башталгыч класс
салынса коопсуздук алдын алынып, окуучуларга жакшы шарттар түзүлөт. |
| 12 | Балдар ойноочу аянтча | Кызыл-Туу айылында балдар ойноочу аянтчанын жоктугунан балдар алыскы жердеги аянтчаларга барышып, жол коопсуздук, жрм-турум начарлап көйгөй жаралат | Айылга балдар ойноочу аянтча курулса өспүрүмдөргө ыңгайлуу шарт түзүлүп ар кандай коопсуздулук алдын алынат |
| 13 | Кызыл-Туу айылына ичүүчү тазасууну толук тартуу | Кызыл-Туу айылында ичүүчү тазасуу толук жетпегендиктен тургундар өздөрүнчө кудук казып алышып пайдаланышат. Кудуктагы сууну ичүүдө ар кандай жугуштуу ооруулардын пайда болуп калышы, лобараториялык талаптарга ылайык келбей калышы көйгөй жаратат | Дара-Участкасынан ПМК участкасы менен кошо кошумча труба келип, суу сактагычка жеткиликтүү куюп турса тазасуу менен толук камсыздалат. |
| 14 | Кызыл-Эшме айылын эгин жерлерине келген каналды ондоо | Кызыл-Эшме айылындагы талаа эгиндерин сугарууга суу жетишсиз кошумча каналдарды иреттөө зарыл | Дыйкандарга ыңгайлуу шарт түзүлөт |
| 15 | Кызыл-Эшме айылын ичүүчү таза суу менен толук камсыз кылуу | Кызыл-Эшме айылын ичүүчү тазасуусу эскилиги жеткен трубалардан көйгөй жаралып, тазасуу ишканасына көйгөй жаралып, тургундарды тазасуу менен камсыз кылууга тоскоол болот. | Кызыл-Эшме айылынын жашоочуларын ичүүчү тазасуу менен толук камсыз кылынса тургундарга жакшы шарттар түзүлөт. |
| 16 | Жаш-Тилек айылына маданият уйун куруу | Айылда маданият үйүнүн жоктугунан айылдык иш чаралар дээрлик өтпөй, маданият тармагындагы таланттуулар жоголуп баратат. | Айылга заман талабына ылайык, маданият үйү курулса айылдагы ишчаралар жакшы шартта түзүлүп, эл арасындагы таланттар жанданат. |
| 17 | Кызыл-Туу айылын сугат суу менен камсыз кылуу | Кызыл-Туу айылындагы эгин талаалар толук суу менен камсыз болбой дыйкандарга көйгөй жаралууда | Тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. |
| 18 | Жаш-Тилек айылы ФАП ка таза суу киргизуу, ажаткана куруу | Айылдагы ФАПтын тазасуусу, ажатканасы жоктугунан иштегендерге, кайрылгандарга көйгөй жаралууда | Кызматкерлерге, кайрылган жарандарга ыңгайлуу шарт түзүлөт. |
| 19 | Кара-Шыбакка бала бакча куруу | Айылда бала бакчанын жоктугунан Кара-Шыбак айылынын тургундары, чек ара бекетинин кызматкерлери 6км алыстыктагы Дароот-Коргон айылындагы бала бакчаларга балдарын беришет. Калкынын саны жетишсиздигинен бакча салууга инвестор чыкпай келүүдө | Жашоочуларга, Чек ара бекетинин кызматкерлерине ыңгайлуу шарт түзүлөт. |
| 20 | Кара-Шыбак таза суу | Айылда союз мезгилиндеги казылган кудуктан убактылуу камсыз болушуп, лабораториялык талапка жооп берилбей азыркы убакта тургундарды чек ара бекетинин суу ташыган | Айыл тургундар тазасуу менен толук камсыздалып, жагымдуу шарт түзүлөт |
| 21 | Кызыл-Туу Суу тундурма куруу отстойник | Кызыл-Туу айылына сугат сууга келген Кызыл-Дарыя суунан кошумча келгендиктен суу тундурмага куюп, сууну тазалап сугат сууга берүү зарыл | Эгин жайдын жер кыртышы зыянга учурабай, дыйкандар сугаруучу тазасуу менен камсыз болот |
| 22 | Жаш-Тилек айылындагы жол жээгине лоток орнотуу | 2025-жылда жол боюнда жылдырылган короо сарайлар тосмолор алынып, снос жүргүзүлгөн. Жол жээгине тратоар латок орнотуу керек | Тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлөт |
| 23 | Балдыркандыга канал куруу | Балтырганды эгин талаасындагы жерлерге кошумча эгин суу чыгарылса иштетилбей келген жер аянттары өздөштүрүлөт | Дыйкандарга кошумча жерлер каралып сугат суу менен камсыз юолот |
| 24 | Айыл аймагындагы балдар бакчаларга балдар ойноочу аянтча куруу | Айыл аймагында 15 бала бакча бар алардын айрымдарында балдар ойноочу аянтча жок. | Бакча балдарына ыңгайлуу шарт түзүлөт |
| 25 | Жаш-Тилек айылындагы Ак-Терек участкасына канал куруу | Ак-Терек участкасындагы бош жаткан жер аянттарын өздөштүрүү үчүн канал казып келүү | ФПСтин жер аянттары көбөйүп, аукцион менен жер алган жарандарга ыңгайлуу шарт түзүлөт |
| 26 | Айыл аймагыны жашылдандыруу | Жашыл мурас алкагында айыл аймагыны көрктөндүрүү үчүн тал-терек, арча, карагайларды өстүрүү | Экологиялык кырсыктар алдын алынып, жашоочуларга, эс алуучуларга жакшы шарттар түзүлөт. |
| 27 | Кулчу айылына ФАП куруу | Айылда эскилиги жеткен ФАП жараксыз абалда. Кайрылган жарандарга убактылуу мектептин ичинен бир бөлмө бөлүнгөн. Айыл өкмөт тарабынан 2026-жылга түрткү берүүчү грантка сунушталган. | Жашоочулардын ден соолугуна убагында кам көрүлүп, ыңгайлуу шарт түзүлөт |
| 28 | Кулчу айылына аялдар учун фитнес клуб куруу | Сейрек жашоо чын ден соолук деген чакырыкта айыл тургундарынын аялдар үчүн фитнес зал куруу заарыл | Айыл жаштары спорт менен алектенишип, ар кандай кылмыштуулук сакталып, ден соолуктарына кам көрүшөт. |
| 29 | Кызыл-Эшме айылына кичи футбол аянтчасын куруу | Айыл өкмөт тарабынан атайын кичи футбол аянтчага жер даярдалып, тиешелүү инвесторлорго сунушталган | Айыл жаштарына жагымдуу шарттаар жаралып, ар кандай кылмыштуулук сакталып, ден соолуктарына кам көрүшөт. |
| 30 | Айыл аймагындагы камсыз боло элек көчөлөрдү жарыктандыруу жана күн панелдүү жарыктандыруу менен камсыз кылуу | Күн панелдүү жарыктандырууга көчө жарыктарын өткөрүү заарыл. | Электр энергиясына болгон үнөмдүүлүк жогорулап, жергиликтүү бюджеттин акчасына жардам болот. |
| 31 | Электр линиясын жылдыруу | Айыл аймагындагы кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштарды жылдыруу менен электр зым чубалгыларын иреттүү коюу заарыл | Тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жол тыгындары алдын алынат |

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
9-март 2026-жыл № 2 Дароот-Коргон айылы
Чак айылынын тургуну Рыскулов Муканбет Рыскуловичтин кайрылуусун кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылынын тургуну Рыскулов Муканбет Рыскуловичке тиешелүү турак жай куруу үчүн өзүнүн жеке менчигиндеги 0,15 га жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 13-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесине ылайык токтом кылат:
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылынын тургуну Рыскулов Муканбек Рыскуловичке таандык Кум-Талаа участкасында жайгашкан 5-07-01-1007-0203 коду менен турак жай куруу үчүн деп катталган жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын жер кодексине ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.Сапаев

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
9-март 2026-жыл № 3 Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Жыргалбек уулу Нурдөөлөттүн арызын кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Жыргалбек уулу Нурдөөлөттүн турак жай курууга деп сатып алган жер аянтынын багытын тактап айтканда коммерциялык багытка өзгөртүп берүү жөнүндө арызын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 13-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесине ылайык токтом кылат:
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Жыргалбек уулу Нурдөөлөткө тиешелүү турак жай курууга багытталган 155м2 жер аянтынын багытын коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловко жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.Сапаев

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
9-март 2026-жыл № 4 Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл аймагынын жерлеринин инвентаризация материалдарына түзөтүүлөрдү киргизүүнүн жыйынтыгын кароо жөнүндө.
Чоң-Алай районунун мамлекеттик админстрациясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 0145 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жерлерине инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалы тарабынан аткарылган Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагынын жерлерин инвентаризациялоо материалдарына түзөтүүлөрдү киргизүү жумуштарынын жыйынтыгын карап чыгып, Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 13-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргыз Республикасынын жерлерине инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосуна ылайык токтом кылат:
- Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагынын жерлерин инвентаризациялоо материалдарына алымча кошумчасы менен түзөтүүлөр киргизилип бекитилсин.
- Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагынын жерлеринин инвентаризациялоо материалдарына түзөтүүлөрдү киргизүү жумуштарынын жыйынтыктары Чоң-Алай районунун мамлекеттик адинистрациясынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 0145 буйругу менен түзүлгөн райондук комиссиянын кароосуна жиберилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер ресурстары боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.Сапаев