Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 18-сессиясынын кезектеги отурумунун
Токтому № 2
30-май 2022-жыл Дароот-Коргон айылы
Дароот-Коргон айылынын тургуну Турдалиев Нурисламга жардам берүү жөнүндө
Дароот-Коргон айылынын тургуну Ж.Сулайманованын уулу Турдалиев Нурисламды операция кылуу үчүн жардам сурап кайрылган арызын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 18-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Дароот-Коргон айылынын тургуну Турдалиев Нурисламга Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн материалдык резервинен 10 000 сом акчалай жардам берилсин.
- Жогоруда белгиленген акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери О.Сейдановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: Г.Мадалиев.