Кашка-Суу айылдык кеңешинин токтомдору 14.02.2023-жыл

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  бешинчи   сессиясынын

Токтому    № 1

18-май   2022-жыл                                                                       Кашка-Суу айылы

                                                                              Депутаттарды сессияга чакыруу  жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи     сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 18-май    күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  бешинчи   сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 18-май  күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  чакырылсын.

  1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага жана айыл башчыларына   милдеттендирилсин.

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                                А. Баатыркулов

 

 

    

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз бешинчи  сессиясынын

Токтому №  2

18-май   2022-жыл                                                                           Кашка-Суу айылы

 

Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу обьектилердин       2022-жылдагы  каралган электр энергиясына  болгон лимитти бекитүү     жөнүндө

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу обьектилердин  2022-жылдагы  электр  энергиясына  каралган лимит 900,9 миң кВт бекитилсин.

2.Тийиштүү   документтерин бүтүрүү   жана аткарылышын көзөмөлгө  алуу жагы  финансы -экономика бөлүмүнүн башчысы  К.Жалиловко  милдеттендирилсин.

3.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу коммисиясына тапшырылсын.

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                                  А.Баатыркулов

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз бешинчи  сессиясынын

Токтому №  3

18-май   2022-жыл                                                                                     Кашка-Суу айылы

 

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бекитилген бюджетинин планынын аппарат бөлүмүнүн 2111 статьясынан 288,3 (эки жүз сексен сегиз миң үч жүз) сом акча каражаты башка-турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн 2215 статьясына  (Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин документтерине 143,3 сом, Кабык айылындагы курулган курулуштарга 100,0 сом, Ачык-Суу айылындагы таза суунун технадзорунун эмгек акысына 45,0 сом) жылдырылсын.

2.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу коммисиясына   тапшырылсын.

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                                 А.Баатыркулов

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз бешинчи  сессиясынын

Токтому    № 4

18-май   2022-жыл                                                                                       Кашка-Суу айылы

 

Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү  маданият      кызматкерлерин кыскартуу жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  2022-жылга жергиликтүү бюджети тартыш болгондугуна байланыштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  караштуу айылдардагы маданият үйүнүн   көркөм  жетекчилерин кыскартуу жөнүндө  Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  2022-жылга жергиликтүу  бюджети тартыш болгондугуна байланыштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  караштуу айылдардагы маданият үйүнүн көркөм жетекчилери  убактылуу кыскартылсын.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу коммисиясына тапшырылсын.

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                                   А.Баатыркулов

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймактык   кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз бешинчи  сессиясынын

Токтому    № 5

18-май   2022-жыл                                                                                   Кашка-Суу айылы

Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Бурган-Суу  айылына таза суу түтүгүн  куруу үчүн жер аянтын  чектеп берүүгө  макулдук берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын   Бурган -Суу айылына суу түтүгүн  куруу үчүн жер аянтын чектеп берүүгө  макулдук берүү жөнүндөгү  билдирүүсүн  угуп жана талкуулап  Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

                                                               Токтом кылат

  1. Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу Бурган- Суу айылына таза суу түтүгүн куруп, элдин көп жылдан берки талабын канааттандыруу менен ичүүчү сууга болгон муктаждыгын чечүү үчүн “Сары -Могол” дарыясынан  Бурган -Суу айылына чейин узуну 5000 метр , туурасы 5 метр жалпы 25000 м2  жер аянты              № 374,437,439,451,450,453,420 контурларында жайгашкан  эски жолдун үстүнөн  чектелип жана  суу сактоочу кампанан (резервуардан ) памирлик этникалык  кыргыздар үчүн  бөлүнүп  берилген  участокко чейин узундугу  2900 метр, туурасы 3 метр жалпы 8700 м2 жер аянты  калктуу конуштун ичиндеги каттоодогу жолдун жээгинен  чектеп берүүгө макулдук берилсин.

2.Тиешелүү  иш кагаздарын тактап  даярдоо жагы  Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  жер адистери Ө.Шаншоевке  жана К.Акунбаевке Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  юристи У.Алибаевке  милдеттендирилсин.

3.Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоого чыгымдалган акча каражатын чечип берүү  жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  ФЭБ нүн башчысы  К.Жалиловко милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                              А.Баатыркулов

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  бешинчи  сессиясынын

Токтому    № 6

18-май   2022-жыл                                                                                                                                                                                                                           Кашка-Суу айылы

Жер аянтын бөлүп берүүгө  макулдук берүү жөнүндө  

 Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 

                                               Токтом кылат

  1. Кашка-Суу айыл аймагынын “Тели -Кум” участкасынын № 581- контурундагы   0,05  га аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын  таштуу жайыт эсебиндеги  жер аянтына  сарай куруу үчүн  ушул эле категориянын  курулуш алдындагы  түрүнө   которууга  макулдук берилсин.

2.Кашка-Суу айыл аймагынын “Таш-Арык” участогунун 1365  -контурундагы  1,0 га айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын  таштуу жайыт эсебиндеги  жер аянтын ушул эле категориянын  суулуу айдоо түрүнө  которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

3.“Таш-Арык” участогунун 1365-контурунда жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын  таштуу жайыт эсебиндеги  0,5 жер аянтына минералдык суу иштетүүчү  суу заводун куруу үчүн  “Өнөр  жайдын, транспорттун, байланыштын,   коргонуунун жана башка  багыттагы жерлер” категориясынын  курулуш алдындагы түрүнө  которууга макулдук берилсин.

4.Оргума булагынан Таш-Арык участкасына чейин суу тартып келүү  үчүн 14000 м2 же 1,4 га жерди трансформация кылууга макулдук берилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А. Баатыркулов

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы   сессиясынын

Токтому    № 1

07-июнь    2022-жыл                                                                           Кашка-Суу айылы

                                                                              Депутаттарды сессияга чакыруу  жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз  алтынчы  сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 07-июнь күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 07-июнь күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  чакырылсын.
  2. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага жана айыл башчыларына   милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                                  А. Баатыркулов

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы   сессиясынын

Токтому    № 2

07-июнь    2022-жыл                                                                                Кашка-Суу айылы

Ачык-Суу айылынын ичүүчү таза суусунун  тарифин бекитүү жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы          сессиясы:

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Ачык-Суу айылынын элинин  ичүүчү таза сууга төлөгөн акчанын суммасы 1 сууга       61 (алтымыш бир ) сом деп бекитилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика , инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча  туруктуу комиссиясына  жана айыл башчыга тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А. Баатыркулов

  

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы   сессиясынын

Токтому    № 3

07-июнь    2022-жыл                                                                          Кашка-Суу айылы

Жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы                                сессиясы:

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу  “Мазар” участкасындагы  “Айыл чарба багытындагы  жерлер”категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги жер аянтына Кашка-Суу  дарыясынын суусун минералдык суу катары пайдаланууга ишкана  куруу үчүн   жер аянтын бөлүп берүүгө   макулдук берилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика , инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы   сессиясынын

Токтому    № 4

07-июнь    2022-жыл                                                                                 Кашка-Суу айылы

                                                                                  Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

                                                        

Кыргыз Республикасынын  Салык кодексинин 337-статьясына ылайык аймактагы айылдарда жашаган  жаш курагы жана 4 баладан жогору балдары бар, улуусу 16 жашка чейинки жаш балдары бар үй бүлөлөргө  жеңилдик берүү жөнүндө  айылдык аймагынын  финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун  билдирүүсүн угуп жана   талкуулап

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз     алтынчы                  сессиясы:

                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кыргыз Республикасынын  Салык кодексинин 343-статьясынын негизинде  81,86 га жер аянттан төлөнүүчү  81860 сом өлчөмдө  эшик алды салык төлөмүн  жаш курагы боюнча  жана 4-жаштан жогору  көп балдары бар,улуусу 16 жашка чейинки үй-бүлөлөргө  жеңилдик берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин  Бюджет,салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисиясына жүктөлсүн.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А. Баатыркулов

  

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы   сессиясынын

Токтому    № 5

07-июнь    2022-жыл                                                                              Кашка-Суу айылы

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин   Погрузчик,

Беларусь МТЗ-82. 1 жана Экскватор-Бульдозер тракторлорунун  иштөө акысын бекитүү жөнүндө

              Кашка-Суу айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин төрагасы А.Абдыхалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы          сессиясы:

                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин   Погрузчик, Беларусь МТЗ-82.1 жана Экскватор-Бульдозер тракторлорунун  иштөө акысы маторунун иштөө саатына  төлөнөрү белгиленсин:  

—  Погрузчик тракторунун иштөө акысы бир саатына  4478 сом;

—  Беларусь МТЗ-82  тракторунун иштөө акысы – 1155 сом;

—  Экскватор -Бульдозер тракторунун иштөө акысы -1500 сом.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин  Бюджет,салыктар жана финансы боюнча туруктуу коммисиясына жүктөлсүн.

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А. Баатыркулов

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз алтынчы  сессиясынын

                                                                                    Токтому    № 6

 07-июнь 2022-жыл                                                                              Кашка-Суу айылы

  “Ардактуу атуул”  наамын ыйгаруу  жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин “Ардактуу атуул” наамына көрсөтүү үчүн  Кашка-Суу айыл  өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановдун сунушун талкуулап,   Кашка-Суу айылдык аймактык  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы   сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 1.Кыргыз Республикасынын  инвестиция боюнча  улуттук агенттиктин директору      Сабиров Равшанбек Азатовичке Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А. Баатыркулов

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы сессиясынын

Токтому    № 7

7-июнь    2022-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

“Этно шаарча” курууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө    

            Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Ж.Рахмановдун билдирүүсүн  угуп жана талкуулап  Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы     сессиясы:

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Бурган-Суу айылындагы Сары -Могол  №1- каналынын түндүк тарабынан, Сары-Могол дарыясынын  батыш тарабынан  Бурган -Суу айылына кеткен  таза суу түтүгүнүн  коргоо  аянтына чейинки 11,84   га  жер аянтын “Этно шаарча” курууга бөлүп берүүгө   макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика , инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А. Баатыркулов

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы  сессиясынын

Токтому    № 8

 

7-июнь    2022-жыл                                                                      Кашка-Суу айылы

          Жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы     сессиясы:

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу  Кара-Жылга участкасынан баштап, Таш-Булак участкасынын батыш тарабы менен Бурган-Суу айылына  чейин узундугу 8000,00 м2  туурасы  2 метр  жалпы 16000,00 м2 жер аянтына  лыжа база курууга жер аянтын бөлүп берүүгө  макулдук берилсин.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика , инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                              А.Баатыркулов

  

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  жетинчи   сессиясынын

Токтому    № 1

28-июнь    2022-жыл                                                                                                                                                                                                                               Кашка-Суу айылы

                                                                              Депутаттарды сессияга чакыруу  жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII  чакырылышынын кезексиз  жетинчи   сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 28-июнь күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 28-июнь  күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  чакырылсын.
  2. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага жана айыл башчыларына   милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  жетинчи   сессиясынын

Токтому    № 2

28-июнь    2022-жыл                                                                                                Кашка-Суу айылы

      Туристтик маалымат борборун курууга жер аянтын убактылуу пайдаланууга  берүүгө  макулдук берүү жөнүндө

 Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кашка-Суу айылына  туристтик маалымат борборун куруу жөнүндөгү  Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Ж.Рахмановдун  билдирүүсүнугуп жана талкуулап  Кашка-Суу айыл  аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  жетинчи       сессиясы:

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу  Кашка-Суу айылына туристтик маалымат борборун куруу үчүн  “Кыргыз Республикасынын  Туризмди өнүктүрүүнү  колдоо фонду” ачык акционердик  коомуна  Кашка-Суу айылында жайгашкан 500 мжер аянтын  5 (беш)  жылдык мөөнөткө  убактылуу пайдаланууга акысыз берүүгө  макулдук берилсин.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика , инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча  туруктуу комиссиясына жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановко   тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз жетинчи  сессиясынын

                                                                                        Токтому    № 3

 28-июнь  2022-жыл                                                                                    Кашка-Суу айылы

  Кашка-Суу айыл  өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл  өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бекитилген бюджетинин планынын балдар бакчасы бөлүмүнүн 2218 статьясынан 45,0 (кырк беш мин) сом акча каражаты Башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн 2215 статьясына (туристтик маалымат борборун куруу үчүн тийиштүү иш кагаздарына) жылдырылсын.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  жетинчи   сессиясынын

Токтому    № 4

28-июнь    2022-жыл                                                                          Кашка-Суу айылы

Жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  алтынчы                                сессиясы:

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

 1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу  “Мазар” участкасындагы  “Айыл чарба багытындагы  жерлер”категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги жер аянтына Кашка-Суу  дарыясынын суусун минералдык суу катары пайдаланууга ишкана  куруу үчүн   жер аянтын бөлүп берүүгө   макулдук берилсин.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика , инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII  чакырылышынын кезексиз  жетинчи   сессиясынын

Токтому    № 5

28-июнь    2022-жыл                                                                                Кашка-Суу айылы

    “Ачык-Таш” альпинисттик лагериндеги  “Луковое” учаткасынын чыгыш тарабында жайгашкан ч “АРИС” чокусу  деп атоо жөнүндө

 Кашка-Суу айыл  аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  жетинчи                   сессиясы:

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ

1.“Ачык-Таш” альпинисттик лагериндеги  “Луковое” учаткасынын чыгыш тарабында жайгашкан чоку “АРИС” чокусу   деп аталсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика , инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча  туруктуу комиссиясына    тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

  

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII  чакырылышынын кезексиз  жетинчи   сессиясынын

Токтому    № 6

28-июнь    2022-жыл                                                                            Кашка-Суу айылы

    “Ардактуу атуул”  наамын ыйгаруу   жөнүндө

 Кашка-Суу айылдык  аймактык  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  жетинчи   сессиясы     төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

        1.Калктын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, көп жылдык  үзүрлүү эмгеги үчүн  Кашка-Суу  айыл өкмөтүнүн  ФЭБ нүн башчысы   Жалилов Канатбек   Абдрахмановичке жана  Кара-Кабак айылынын тургуну Мурзаканов Пайзилда Бадировичке  Кашка-Суу айыл аймагынын  “Ардактуу атуулу”  наамы ыйгарылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII  чакырылышынын кезексиз  жетинчи   сессиясынын

Токтому    № 7

28-июнь    2022-жыл                                                                               Кашка-Суу  айылы

    “Ардактуу атуул”  наамына көрсөтүү   жөнүндө

 

Чоң-Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын  “Ардактуу атуул”  наамына көрсөтүү жөнүндө  Кашка-Суу айылдык аймактык  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  жетинчи сессиясы     төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. 1. Калктын социалдык-экономикалык өсүүсүнө салым кошкон, көп жылдык эмгеги бар Жайылма айылынын тургуну Апызов Мамат жана Ош областтык кан борборунун башкы дарыгери Боркошев Абдиламит Ниязович Чоң-Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын “Ардактуу атуул”  наамына сунушталсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз  жетинчи  сессиясынын

Токтому    № 8

28-июнь    2022-жыл                                                                       Кашка-Суу айылы

                      Макулдук берүү жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  жетинчи          сессиясы:

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу  № 2656  булагынан “Мазар” участкасына суу түтүгүн тартууга  макулдук берилсин.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов