жекенди айылдык кеңешинин токтомдору 14.02.2023-жыл

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги онунчу  сессиясынын

ТОКТОМУ 

16-июнь   2022-жыл № 28                                                                           Кара-Мык  айылы

Жерлерди бир категориядан  экинчи категорияга                                                                                        которууга     (трансформациялоого)       макулдук    берүү жөнүндө.

      Чоң-Алай районуна  караштуу  Жекенди  айылдык  аймагында  жайгашкан  Мукур  жайлоосунан Бел жайлоосуна  чейинки 5  км аралыкты  же  жайыттын   4,0 га   аянтын  “Айыл чарба  багытындагы жерлер”  категориясынан “Өнөр жайынын,  транспорттун,  байланыштын,  энергетиканын, коргонуунун жерлери  жана  башка  багыттагы жерлер”  категориясына  которуу  жөнүндө Кыргыз  Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз  Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу  (трансформациялоо)  жөнүндө  № 145  мыйзамынын жана  2014-жылдын 19-марты №  169  “Жер  участокторун  которуу  (трансформациялоо)  тартиби”  жөнүндө  убактылуу  жобосуна   ылайык  жеке  ишкер  К.Анапияевдин   арыз  карап  жана  талкуулап

Жекенди  айылдык  кеңеши

 ТОКТОМ  КЫЛАТ

        1.Чоң-Алай районуна караштуу  Жекенди айылдык аймагында  жайгашкан  Мукур  жайлоосунан Бел жайлоосуна  чейинки 4400 метр аралыкты  же  жайыттын   0,44  га   аянтын  “Турдумамат”  дыйкан чарбасынын     жер казынасынын көмүр кендерин  иштетүүдө  тейлөө  максатында  жол салуу үчүн  “Айыл чарба  багытындагы  жерлер”  категориясынан  “Өнөр жайынын,  транспорттун,  байланыштын,  энергетиканын,  коргонуунун  жерлери  жана  башка багыттагы  жерлер” категориясына которуу жөнүндөгү   жеке  ишкер  К.Анапияевдин    сунушу колдоого  алынсын.

  1. Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык аймагында  жайгашкан  Мукур  жайлоосунан Бел жайлоосуна  чейинки 4400метр  аралыкты  же  жайыттын   0,44 га   аянтын  “Турдумамат”  дыйкан чарбасынын     жер казынасынын көмүр кендерин  иштетүүдө  тейлөө  максатында  жол салуу үчүн  “Айыл чарба  багытындагы  жерлер”  категориясынан  “Өнөр жайынын,  транспорттун,  байланыштын,  энергетиканын,  коргонуунун  жерлери  жана  башка багыттагы  жерлер” категориясына которууга  макулдук берилсин.

3.Жол салуу  учурунда   элге  келтирилген чыгымдарды  өз  убагында  калыбына  келтирүү   жагы  “Турдумамат”  дыйкан чарбасы  тарабынан    аткарууга  алынсын.

4.Тийиштүү документтерди  даярдоо жагы  Жекенди  айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча  башкы  адисинин  милдетин аткаруучу жетектөөчү  адис  Э.Галовго  милдеттендирилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Эшов  Боронбайга тапшырылсын.

Төрага                                                                                            А.Абдукалилов

 

Жекенди   айылдык  Кеңешинин   депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги онунчу  сессиясынын

ТОКТОМУ 

16-июнь   2022-жыл № 29                                                                           Кара-Мык  айылы

Жерлерди бир категориядан  экинчи категорияга                                                                                        которууга     (трансформациялоого)       макулдук   берүү жөнүндө.

      Чоң-Алай районуна  караштуу  Жекенди  айылдык  аймагында  жайгашкан № 108, 120, № 104,  № 104а, № 95, № 59, № 58, № 15, № 9, № 10, № 494, № 530, № 484, № 485, № 482, № 428, № 430, № 506, № 509, № 396, № 389, № 388, № 395, № 390, № 397, № 392, № 347, № 389, № 391, № 356, № 357, № 359, № 360, № 361, № 187, № 188, № 186, № 182 контурларында жайгашкан       “Айыл чарба  багытындагы жерлер”  категориясындагы 93,84 га жайыт, 7,66 га таш, 0,12 га жолдор, жалпы 101, 62 га мындан сырткары  “Суу фондусунун жерлери”  категориясындагы 0,48 га, жалпы Жекенди айыл өкмөтү боюнча 102,10 га жер аянтын көмүр сактоочу  жай, вахта (5,52 га) жана жол (96,58 га) куруу үчүн  “Өнөр жайынын,  транспорттун,  байланыштын,  энергетиканын, коргонуунун жерлери  жана  башка  багыттагы жерлер”  категориясына   Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык которууга, Чоң-Алай  токойчулугунун токой фрндусунда  турган  жерлер жок болгондугуна байланыштуу макулдук берүү жөнүндөгү  Жекенди  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевдин  13.05.2022-жылдагы  № 01-19/196  билдирүү  катын  карап  жана  талкуулап

Жекенди  айылдык  кеңеши

 ТОКТОМ  КЫЛАТ

       1.Жекенди  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевдин  13.05.2022-жылдагы  № 01-19/196  сандуу    сунушу колдоого  алынсын.

  1. Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди  айылдык  аймагында  жайгашкан № 108, 120, № 104,  № 104а, № 95, № 59, № 58, № 15, № 9, № 10, № 494, № 530, № 484, № 485, № 482, № 428, № 430, № 506, № 509, № 396, № 389, № 388, № 395, № 390, № 397, № 392, № 347, № 389, № 391, № 356, № 357, № 359, № 360, № 361, № 187, № 188, № 186, № 182 контурларында жайгашкан       “Айыл чарба  багытындагы жерлер”  категориясындагы 93,84 га жайыт, 7,66 га таш, 0,12 га жолдор, жалпы 101, 62 га мындан сырткары  “Суу фондусунун жерлери”  категориясындагы 0,48 га, жалпы Жекенди айыл өкмөтү боюнча 102,10 га жер аянтын көмүр сактоочу  жай, вахта (5,52 га) жана жол (96,58 га) куруу үчүн  “Өнөр жайынын,  транспорттун,  байланыштын,  энергетиканын, коргонуунун жерлери  жана  башка  багыттагы жерлер”  категориясына      которууга  макулдук берилсин.

3.Тийиштүү документтерди  даярдоо жагы  Жекенди  айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча  башкы  адиси  А.Маматовго   милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Эшов  Боронбайга тапшырылсын.

Төрага                                                                                            А.Абдукалилов

 

 

 

 

Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги онунчу  сессиясынын

ТОКТОМУ 

16-июнь   2022-жыл № 30                                                                           Кара-Мык  айылы

 Шибээ  айылындагы Шибээ каналынан  Тоголок-Дөң участкасына  чейин курууга уруксат берүү жөнүндө.

Чоң-Алай районуна  караштуу  Жекенди  айылдык  аймагында  жайгашкан   Шибээ  айылында кээ бир  суу жетпеген   сугат  жерлерди  суу менен  камсыз  кылуу  максатында  Шибээ  каналынан  Тоголок-Дөң  участкасына чейин  узундугу  5248  м  же  4,2 га жер  аянтына     канал  куруу   үчүн    Шибээ айылынын  элдик жыйынынын   протоколун    карап  жана  талкуулап

Жекенди  айылдык  кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

        1.Жекенди айылдык аймагында  жайгашкан  Шибээ  айылындагы кээ бир  суу жетпеген   сугат  жерлерди  суу менен  камсыз  кылуу  максатында  Шибээ  каналынан   Тоголок-Дөң  участкасына  чейин канал куруу үчүн  узундугу  5248 м  аралыкка же   4,2 га жер  аянтына канал курууга   уруксат  сурап кайрылган  элдин   сунушу колдоого  алынсын.

  1. Жекенди айылдык аймагында жайгашкан  Шибээ  айылындагы кээ бир  суу жетпеген   сугат  жерлерди  суу менен  камсыз  кылуу  максатында  Шибээ  каналынан   Тоголок-Дөң  участкасына  чейин канал куруу үчүн  узундугу  5248  м  аралыкка же   4,2 га жер  аянтына канал салууга    уруксат берилсин.

3.Тийиштүү документтерди  даярдоо жагы  Жекенди  айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча  башкы  адиси  А.Маматовго   милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын  төрагасы  Эшов  Боронбайга тапшырылсын.

Төрага                                                                                         А.Абдукалилов

 

 

Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги онунчу  сессиясынын

ТОКТОМУ 

16-июнь   2022-жыл № 31                                                                           Кара-Мык  айылы

Жекенди   айыл   аймагына    караштуу  ара-Мык  айылындагы   Кароол-Дөбө  участкасына  көрүстөн  куруу жөнүндө.

Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына  көрүстөн  куруу үчүн  4,39  га  жер аянтын  “Айыл чарба  багытындагы жерлер”  категориясынан “Өнөр жайынын,  транспорттун,  байланыштын,  энергетиканын, коргонуунун жерлери  жана  башка  багыттагы жерлер”  категориясына  которуу  жөнүндө Кыргыз  Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз  Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу  (трансформациялоо)  жөнүндө  № 145  мыйзамынын жана  2014-жылдын 19-марты №  169  “Жер  участокторун  которуу  (трансформациялоо)  тартиби”  жөнүндө  убактылуу  жобосунун  жана Жекенди  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевдин  07.07.2022-жылдагы  № 01-19/313  билдирүү  катын  карап  жана  талкуулап

Жекенди  айылдык  кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

        1.Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына  көрүстөн  куруу үчүн  4,39  га  жер аянтын  “Айыл чарба  багытындагы  жерлер”  категориясынан  “Өнөр жайынын,  транспорттун,  байланыштын,  энергетиканын,  коргонуунун  жерлери  жана  башка багыттагы  жерлер” категориясына которуу жөнүндөгү  Жекенди  айыл өкмөтүнүн  башчысынын  сунушу колдоого  алынсын.

2.Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасына  көрүстөн  куруу үчүн  4,39  га  жер аянтын “Айыл чарба  багытындагы  жерлер”  категориясынан  “Өнөр жайынын,  транспорттун,  байланыштын,  энергетиканын,  коргонуунун  жерлери  жана  башка багыттагы  жерлер” категориясына которууга  макулдук берилсин.

3.Тийиштүү документтерди  даярдоо жагы  Жекенди  айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча  башкы  адиси  А.Маматовго   милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Эшов  Боронбайга тапшырылсын.

Төрага                                                                       А.Абдукалилов

 

 

Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын он экинчи кезектеги   сессиясынын

ТОКТОМУ 

12-август    2022-жыл № 32                                                                           Кара-Мык  айылы

 Жекенди айыл  өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинин  2022-жылдын  6 ай  ичинде  аткарылышы  жөнүндө

 Жекенди айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

      1.Жекенди айыл өкмөтүнүн   2022-жылдын 6 ай ичиндеги  жергиликтүү  бюджети кирешелер бөлүгү  7 631 100  (жети  миллион  алты жүз отуз бир миң жүз ) сомго пландаштырылып  аткарылганы  7 631 124     (жети  миллион  алты жүз отуз бир миң жүз жыйырма төрт) сомго,  чыгаша  бөлүгү  8 211 200 (сегиз миллион  эки жүз он бир миң эки жүз) сомго  пландаштырылып  6 972 649 (алты миллион тогуз жүз жетимиш эки миң  алты жүз  кырк  тогуз)  сомго  аткарылгандыгы жактырылсын.

   2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана  бюджет боюнча  комиссиясынын  төрагасы   Мурзапар уулу  Назириллаго жүктөлсүн,  аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Б.Нышанбаевге  жана  финансы-экономика бөлүмүнүн   башчысы  С.Маматовго милдеттендирилип.

  1. Ушул токтом расмий  жарыяланууга  жатат.

Төрага                                                                                               А.Абдукалилов

 

Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын он экинчи кезектеги   сессиясынын

ТОКТОМУ 

12-август    2022-жыл № 33                                                                           Кара-Мык  айылы

 Жекенди айыл  өкмөтүндө 2022-жылдын  6 ай ичинде үнөмдөлгөн акча каражатын башка статьяларга  жылдыруу жөнүндө

Жекенди айылдык Кеңеши

 Токтом кылат.

        1.Жекенди айыл  өкмөтүндө 2022-жылдын 6 ай  ичинде  айылдык кенештин  компьютеринен  үнөмдөлгөн 15,5    (он беш мин беш жүз ) миң сом  акча каражаты башка статьяларга жылдырылсын.

2.Жекенди айылдык өкмөтүнүн  2022-жылдагы жергиликтүү бюджетине 1 тиркемеге ылайык  өзгөртүү киргизилсин (тиркеме тиркелет).

3.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго тапшырылсын.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана  бюджет боюнча комиссиясынын   төрагасы  Мурзапар уулу  Назириллого жүктөлсүн.

Жекенди айылдык кенешинин төрагасы:                               А.Абдукалилов

 

        Бекитемин
        Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы
         
        ____________________ А.Абдукалилов
         
  Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын он экинчи  сессиясынын № 33 токтомунун тиркемеси
 

 

 

 

 

 

Мекеменин аталышы эмне үчүн статьясы суммасы
  ЖКХ Кара-Тейит ФАП ка комур капа куруу учун 2221 15 500
  Жалпы   15 500
         
 

 

 

 

 

Жекенди айылдык өкмөтүнүн башчысы:

  Б.Нышанбаев  
         
         
           Башкы эсепчиси:   С.Маматов  

 

 

Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын он экинчи кезектеги   сессиясынын

ТОКТОМУ 

12-август    2022-жыл № 34                                                                           Кара-Мык  айылы

Жекенди айылдык аймагына караштуу  Шибээ айылында  китепканага  имарат  салуу жөнүндө

       Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылдык китепкананын китепканачысы А.Абдуллаевдин Шибээ айылында китепкананын имараты жоктугуна байланыштуу эски мектептин аянтына китепканага имарат салууга уруксат берүү жагын сурап кайрылган 04.07.2022-жылдагы   кайрылуу катын угуп жана талкуулап

Жекенди айылдык Кеңеши

 Токтом кылат.

        1.Жекенди айылдык аймагына  караштуу  Шибээ  айылындагы  эски мектептин  жеринен 0,02 га  жер аянтына китепкана  салууга  уруксат берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди  айыл  өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча  башкы  адиси  А.Маматовго тапшырылсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө  алуу  жагы  Жекенди  айылдык  Кенешинин  Агрардык  маселелер,  азык-түлүк  жана  экология,  жер  жана  жер  реформасы  боюнча туруктуу комиссиясынын  төрагасы Б.Эшовго  жүктөлсүн.

Жекенди айылдык кенешинин төрагасы:                               А.Абдукалилов

 

 

Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын он экинчи кезектеги   сессиясынын

ТОКТОМУ 

12-август    2022-жыл № 35                                                                           Кара-Мык  айылы

Жекенди  айылдык аймагына караштуу  Кара-Тейит айылына бала  бакча  салуу үчүн жер тилкесин тактап берүү жөнүндө

       Жекенди  айылдык аймагына караштуу  Кара-Тейит айылындагы  эски ФАП тын  ордуна  бала  бакча  салуу үчүн   жер тилкеси  аз болгондугуна  байланыштуу  Ак-Суу орто мектебинин  жеринен  тийиштүү  жер  участогун бөлүп  берүү  үчүн   Кара-Тейит  айылынын  тургундарынын  сунушун   угуп жана  талкуулап

Жекенди айылдык Кеңеши

 Токтом кылат

  1. Жекенди айылдык аймагына караштуу  Кара-Тейит айылына бала  бакча  салуу үчүн   ФАП тын  400 м.кв жер аянтын   жана     Ак-Суу орто мектебинин жер  аянтынын ичинен  600 м.кв  жер аянтын,  жалпы 1000 м.кв.  жер аянтын     бөлүп берүү  жагы   Жекенди  айыл өкмөтүнө  сунушталсын.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди  айыл  өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча  башкы  адиси  А.Маматовго  милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө  алуу  жагы  Жекенди  айылдык  Кенешинин  Агрардык  маселелер,  азык-түлүк  жана  экология,  жер  жана  жер  реформасы  боюнча туруктуу комиссиясынын  төрагасы Б.Эшовго  жүктөлсүн.

Төрагасы                                                                                                   А.Абдукалилов

 

 

Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын он экинчи кезектеги   сессиясынын

ТОКТОМУ 

12-август    2022-жыл № 37                                                                           Кара-Мык  айылы

Жарандарга     Чоң-Алай      районунун 

“Ардактуу  атуулу”  наамын ыйгаруу жөнүндө.

Жекенди  айылдык аймагында  чөн-Алай районун  билим берүү  тармагында,  маданият тармагындагы  өнүгүүсүнө   зор салымын  кошуп келген,      элдердин  биримдигин коргоого  жана  чыңдоого,     интелектуалдык   жана руханий  потенциалын  артырууга  кошкон салымы,  ошондой эле     элдин  алдында   коомдук  гуманитардык   жана  кайрымдуулук  жана  башка  иштердеги  сиңирген эмгектерин эске  алуу   максатында

Жекенди  айылдык  Кенеши

 Т О К  Т О М                      К Ы Л АТ:

       1.Чоң-Алай районунун  эл чыгармачылыгына,  билим  берүү  тармагына, маданияттын       өнүгүүсүнө  зор  салымын  кошуп  келген жана коомдук  иштерге  активдүү  катышуу менен эл арасында аткарган ишинин негизинде жогорку кадыр баркка  ээ       төмөндөгү  атуулдарга    Чоң-Алай районунун   “Ардактуу  атуулу”  наамы  берилсин:

  1. Камбаров Мамади
  2. Маматов Тагайбек Нуриллаевич

2.Тийиштүү  документтерин  даярдап  Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш  даярдап жөнөтүү  жагы    Жекенди  айыл  өкмөтүнун  башчысы   Б.Нышанбаевге   милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын   төрагасы  С.Халиловго  тапшырылсын.

Төрага                                                                                                           А.Абдукалилов

 

Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын он экинчи  кезектеги   сессиясынын

ТОКТОМУ 

12-август  2022-жыл  № 38                                                                         Кара-Мык  айылы

Чоң-Алай  райондук  билим берүү  бөлүмүнө караштуу 

С.Осмонов    атындагы   орто      мектебин            толук

комплектиленбеген   мектептердин       категориясына  

киргизүү жөнүндө.

Жекенди  айылдык кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

         1.2022-2023-окуу жылында  Жекенди  айылдык аймагына караштуу  Садыбакас  Осмонов  атындагы орто мектебинде  баланын саны  аз болгондугуна  байланыштуу толук комплектиленбеген  мектептердин  категориясына  киргизүү  жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Б.Нышанбаевден  суралсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык    жана   маданий    маселелер, коммуналдык    менчик,    маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссиянын  төрайымы     Ж.Султановага  жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                      А.Абдукалилов  
 

Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын он төртүнчү  кезексиз   сессиясынын

ТОКТОМУ 

15-сентябрь  2022-жыл № 39                                                                           Кара-Мык  айылы

Жекенди  айыл аймагында  Кыргыз Республикасынын   Биринчи Элдик Курултайына   делегаттарды шайлоо боюнча  Жергиликтүү курултайды  чакыруу  жөнүндө.

 Жекенди айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

       1.Жекенди айылдык аймагында  Жергиликтүү курултайды  өткөрүү күнү   5-ноябрь  2022-жылы саат 10-00 гө  Кара-Мык айылындагы   Ленин  атындагы орто мектебинин жыйындар залында   өтүлө тургандыгы белгиленсин.

2.Жергиликтүү курултайдын делегаттарынын  жалпы саны айылдын  жашоочуларынын санына  жараша  төмөнкүдөй болуп бекитилсин:

-Кара-Мык айылына                           40 делегат

-Кара-Тейит айылына                         20 делегат

-Жекенди  айылына                            20 делегат

-Чулук айылына                                  20 делегат

-Шибээ  айылына                                20 делегат

3.Жергиликтүү  курултайга делегаттарды шайлоого жарандардын  жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүүнүн графиги  1-тиркемеге  ылайык бекитилсин.

4.Жергиликтүү  курултайды уюштуруу жана   өткөрүү боюнча комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык  бекитилсин.

      5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы   Халилов  Сагынбекке  жүктөлсүн.

Төрага                                                                                      А.Абдукалилов

  

Жекенди айылдык кеңешинин  № 39  15-сентябрь  2022-жылдагы токтомуна № 1-тиркеме

 Жергиликтүү  курултайга делегаттарды шайлоого жарандардын

 жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү  графиги

 

Айылдардын аталышы

 

Өткөрүү убактысы Жыйындар өткөрүүлүчу жайы Уюштуруу-

чулар

эскертме
1 Кара-Мык 17-октябрь саат 12-00 гө Борбордук мечит Жооптуу кызматкерлер  
2 Кара-Тейит 17-октябрь саат 12-00 гө Ак-Суу орто мектебинин жыйындар залы Жооптуу кызматкерлер  
3 Жекенди 17-октябрь саат 11-00 гө Борбордук мечитке Жооптуу кызматкерлер  
4 Чулук 17-октябрь саат 14-00 гө С.Осмонов орто мектебинин жыйындар залы Жооптуу кызматкерлер  
5 Шибээ 17-октябрь саат 15-00 гө Борбордук мечит Жооптуу кызматкерлер  

 

Жекенди айылдык кеңешинин  № 39  15-сентябрь  2022-жылдагы токтомуна № 2-тиркеме

Жергиликтүү  курултайды уюштуруу жана

өткөрүү боюнча комиссиянын курамы

 

1.А.Абдукалилов                                      -Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы

Жумушчу топтун   төрагасы

2.Г.Мурзакулова                                     -жооптуу катчысы, жумушчу топтун

катчысы

Мүчөлөрү

3.С.Халилов                                                           -айылдык кеңештин депутаты

4.А.Амирбеков                                                      -айылдык кеңештин депутаты

5.Ө.Калыков                                                          — айылдык кеңештин депутаты

6.Л.Калилова                                                         — айылдык кеңештин депутаты

7.И.Тажакмат уулу                                               — айылдык кеңештин депутаты

8.М.Саитов                                                            -Кара-Тейит айылынын айыл башчысы

9.М.Галов                                                              -Жекенди айылынын айыл башчысы

10.С.Жаркынбаев                                                 -Чулук айылынын айыл башчысы

11.Кудайназар уулу Б                                          -Шибээ айылынын айыл башчысы

Жекенди  айылдык  Кеңешинин  депутаттарын  жетинчи  чакырылышынын

кезексиз  он төртүнчү    сессиясынын

ТОКТОМУ 

15-сентябрь   2022-жыл   № 40                                                                        Кара-Мык  айылы

Жекенди   айылдык кеңешинин 2021-жылдын

9-декабрдагы  кезектеги үчүнчү  сессиясынын

отурумунун  №  31    токтомуна  толуктоолорду

киргизүү жөнүндө.

Жекенди айылдык кеңешинин депутаты  Мурзапар уулу Назириллонун Жекенди   айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-декабрдагы  кезектеги үчүнчү  сессиясынын

отурумунун  №  31 токтомуна  толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү  сунушун угуп жана  талкуулап  Жекенди  айылдык  кеңеши

Т  О  К  Т  О  М        К  Ы  Л  А  Т

     1.Жекенди айыл  аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы  Арал-Капа көчөсү тактап айтканда  Беков  Акназар,  Туратов Асат  жана  Шамшиев  Баридиндин үйүнөн тартып Келдиев Ысактын  үйүнө чейинки  көчө  маркум  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Келдиев  Саматтын атындагы көчө  болуп өзгөртүлсүн

2.Көчөнүн  аталышынын  жазылышы  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарын  сактоо менен  илүүнү,  көчөнү  жарыктандырууну,  тазалыгын,  көрктөндүрүү,  жашылдандыруу  иштерин жүргүзүү  өз  каражатынын  эсебинен  камсыздоо  маркум  Келдиев  Саматтин   балдарына  жана  жакын  туугандарына  милдеттендирилсин.

3.Чоң-Алай райондук жерге  жайгаштыруу  жана  кыймылсыз  мүлкө  каттоо  башкармалыгынан  жана  Чоң-Алай  райондук шаар  куруу жана  архитектура  башкармалыгынан  тийиштүү  иш  кагаздарын  ушул  токтомго  ылайыкташтырып  иштеп  чыгуусу  суралсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Жекенди  айылдык  кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин  иштери,  депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы   Амирбеков  Акматалига жүктөлсүн.

 

Төрага А.Абдукалилов

 

 

 

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезексиз он бешинчи  сессиясынын

ТОКТОМУ 

24-октябрь   2022-жыл № 41                                                                          Кара-Мык  айылы

 

Жекенди   айылдык  аймагында 2022-жылда эконом болгон акча каражаты  бөлүштүрүү жөнүндө

Жекенди айылдык Кенеши

 Токтом кылат.

       1.Жекенди айылдык өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн эконом болгон 850,0 (Сегиз жүз элүү) мин сом акча каражатын планын өзгөртүү жагы суралсын.

2.Жекенди айылдык өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн эконом болгон 850,0 (Сегиз жүз элүү) мин сом акча каражаты биринчи тиркемеге ылайык бөлүштүрулсүн.

3.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго тапшырылсын.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Мурзапар уулу Назирилло жүктөлсүн.

Төрага                                                                                            А.Абдукалилов

  

         
        Бекитемин
        Жекенди айылдык кенешинин төрагасы
         
        _________________ А.Абдукалилов
         
  Жекенди айылдык кеешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз он бешинчи сесиясынын № 41 токтомунун тиркемеси
 
         
Мекеменин аталышы эмне үчүн статьясы суммасы
1 Аппарат Эмгек акы 2111 -642400
2 Аппарат соц.фонд 2121 -104800
3 Аппарат От жагардын айлыгы 2215 30000
4 Аппарат Сапар чыгымы 2214 20000
  Жалпы   -697200
         
  Китепкана Эмгек акы 2111 -87700
  Китепкана соц.фонд 2121 -15100
         
  Жалпы   -102800
  прочий мероприятия Ар кандай майрамдарга  2215 40000
  Жалпы   40000
1 ЖКХ Ар кандай кызматтар 2215 680000
         
  Жалпы   680000
    Мектеп    
1 Мектеп Чарбалык буюмдар 2222 80000
         
  Жалпы   80000
         
         
      0
  Баары   0
         
         
         
  Жекенди айылдык аймагынын башчысы:   Б.Нышанбаев
         
         
  Башкы бугхалтери:   С.Маматов

 

 

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезексиз он бешинчи  сессиясынын

ТОКТОМУ 

24-октябрь   2022-жыл № 42                                                                          Кара-Мык  айылы

Жекенди         айыл    өкмөтүнүн

башчысы         Б.Нышанбаевдин 

24.10.2022-жылдагы № 01-19/657 

сунуш  катын    кароо   жөнундө

Жекенди айылдык аймагында  жайгашкан Тилек Баатыр атындагы  Кара-Мык  чек ара заставасына ок  атып  машыгуу  үчүн убактылуу жер бөлүп берүү боюнча сунушун угуп жана  талкуулап

Жекенди айылдык Кенеши

 Токтом кылат.

        1.Жекенди айылдык аймагында  жайгашкан Тилек Баатыр атындагы  Кара-Мык  чек ара заставасына ок  атып  машыгуу  үчүн убактылуу  элге зыяны тийбеген,  жайытка пайдаланылбаган   Албын участкасынын  күнгөй  тарабынан  3 (үч)  жылдык убакытка  3,0 га  жер  аянтын  бөлүп берүүгө  уруксат берилсин.

      2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Эшов  Боронбайга тапшырылсын.

Төрага                                                                                            А.Абдукалилов

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезексиз он бешинчи  сессиясынын

ТОКТОМУ 

24-октябрь   2022-жыл № 43                                                                          Кара-Мык  айылы

Жекенди       айыл        өкмөтүнүн

башчысы           Б.Нышанбаевдин 

24.10.2022-жылдагы   № 01-19/658

 сунуш    катын    кароо   жөнундө.

Жекенди айылдык аймагында  жайгашкан Тилек Баатыр атындагы  Кара-Мык  чек ара заставасына  чек араны коргоо максатында  Кароол-Дөбө участкасынан  “АВАНПОСТ”  техникалык байкоо постуна  жер бөлүп берүү боюнча сунушун угуп жана  талкуулап

Жекенди айылдык Кенеши

 Токтом кылат.

     1.Жекенди  айылдык аймагындагы Тилек Баатыр атындагы  Кара-Мык чек ара заставасына Кара-Мык айылындагы Кароол-Дөбө участкасынан “АВАНПОСТ”  техникалык байкоо постун куруу үчүн 25х120 мерт жер аянтын бөлүп берүүгө  уруксат берилсин.

       2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү   жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча башкы адиси  А.Маматовго  милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Эшов  Боронбайга тапшырылсын.

Төрага                                                                                            А.Абдукалилов

 

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезексиз он бешинчи  сессиясынын

ТОКТОМУ 

24-октябрь   2022-жыл № 44                                                                          Кара-Мык  айылы

Жекенди     айылдык     аймагына   караштуу 

Ак-Суу каналын Мамлекеттик мүлк фондуна

                                                       өткөрүп берүү жөнүндө.

Жекенди  айыл өкмөтүнүн   жергиликтүү бюджети дотацияда  туруп,  Жекенди айылдык аймагында  жайгашкан  узундугу  20 400 м  аралыктагы   1975-жылы курулган    Ак-Суу каналынын  ар жыл сайын  оңдоо  иштерине  мүмкүнчүлүгү жетпегендигине байланыштуу  Мамлекеттик  менчикке   өткөрүп берүү  жөнүндөгү  Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Нышанбаевдин  сунушун  угуп жана  талкуулап

Жекенди айылдык Кенеши

 Токтом кылат.

       1.Жекенди айылдык аймагына караштуу   узундугу  20 400  м аралыктагы  Ак-Суу каналын   Мамлекеттик  менчикке   өткөрүп берүүгө  макулдук   берилсин.

2.Мамлекеттик  менчикке  каттатып,  Суу  ресурстар  кызматы  мамлекеттик  мекемесинин карамагына  өткөрүп  берүү   жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн   башчысы  Б.Нышанбаевге   милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы  А.Абдукалиловго жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                       А.Абдукалилов

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезексиз он бешинчи  сессиясынын

ТОКТОМУ 

24-октябрь   2022-жыл № 45                                                                          Кара-Мык  айылы

Жекенди       айылдык       аймагына      караштуу 

Кара-Мык   айылындагы  Ленин  атындагы орто

 мектебинин кыш мезгилине  карата жылуулугун

                                                кароо жөнүндө.

         Жекенди айылдык аймагына караштуу  Кара-Мык айылындагы  Ленин атындагы орто мектебинин кыш мезгилине  карата алынып келинген Чоң-Алай көмүр ишканасынын көмүрү  жылыта албай жылуулугу  начар   болгондуктан Кара-Мык айылынын элдик  жыйынынын  протолун угуп жана  талкуулап

Жекенди айылдык Кенеши

 Токтом кылат.

       1.2022-2023-жылдын  кыш мезгилине  карата Ленин атындагы орто мектебин жылытуу үчүн   келип түшкөн көмүрдүн сапаты начар  болгондугуна байланыштуу  калган  69 (алтымыш тогуз)  тоннасын  “Ош Пирим” көмүр  ишканасынан алып келип түшүрүп берүү жагы  Жекенди айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2.2023-жылдын кыш мезгилине карата  жылытуу системасынын  печкасын  алмаштырып берүү    2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин планына киргизүү жагы  белгиленсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын колго алуу жагы Жекенди  айыл өкмөт  башчысы  Б.Нишанбаевге жана  финансы -экономика бөлүмүнүн  башчысы  С.Маматовго  милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Мурзапар уулу Назирилло жүктөлсүн.

  Төрага                                                                                                           А.Абдукалилов

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезексиз он бешинчи  сессиясынын

ТОКТОМУ 

24-октябрь   2022-жыл № 46                                                                          Кара-Мык  айылы

Жекенди   айылдык   аймагына    караштуу 

 “Береке” таза суу ишканасын ачуу жөнүндө

        Жекенди  айыл өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча  башкы адиси А.Маматовдун  Жекенди айылдык аймагы боюнча башкача айтканда Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Чулук  жана Шибээ  айылындарындагы     таза  сууну пайдалануу   жана  таштандыларды  таштоо  иштерин тартипке келтирүү  максатында  муниципалдык  ишкана  ачууга  уруксат берүү  жөнүндөгү сунушун   угуп   жана  талкуулап

Жекенди айылдык Кенеши

 Токтом кылат.

      1.Жекенди айылдык аймагы боюнча   Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Чулук  жана Шибээ  айылындарындагы     таза  сууну пайдалануу   жана  таштандыларды  таштоо  иштерин тартипке келтирүү  максатында “Береке”  муниципалдык  ишканасын  ачууга  уруксат  берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү   жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча башкы адиси  А.Маматовго  милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Эшов  Боронбайга тапшырылсын.

Төрага                                                                                                       А.Абдукалилов

  

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезексиз он алтынчы  сессиясынын

ТОКТОМУ 

17-ноябрь   2022-жыл № 47                                                                          Кара-Мык  айылы

Жекенди айылдык аймагына караштуу 

Кара-Мык    айылына       бала      бакча

  салууга  уруксат берүү  жөнүндө.

        Жекенди  айылдык аймагына караштуу  Кара-Мык айылынын  тургуну  Самидинов  Сагынбайдын менчик укугуна таандык 1232,0 м.кв жер аянтын  өзүнүн макулдугу менен   муниципалдык менчикке өткөрүп  берүү жөнүндөгү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Нышанбаевдин  № 01-19/713 сандуу катын  угуп жана талкуулап,  Кыргыз  Республикасынын  Жер кодексинин  18-беренесине ылайык

Жекенди айылдык Кенеши

Токтом кылат.

       1.Жекенди  айылдык   айымагына караштуу  Кара-Мык айылынын  тургуну  Самидинов  Сагынбайдын менчик укугуна таандык 1232,0 м.кв жер аянты Жекенди  айыл өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине  өткөрүлүп берилсин.

2.Жекенди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине   өткөрүлүп  алынган   1232,0 м.кв   жер аянтына  бала бакча салууга  уруксат берилсин.

3.Тийиштүү документтерди бүтүрүү   жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча  башкы адиси  А.Маматовго милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Эшов  Боронбайга тапшырылсын.

Төрага                                                                                         А.Абдукалилов

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезексиз он алтынчы  сессиясынын

ТОКТОМУ 

24-ноябрь   2022-жыл № 49                                                                          Кара-Мык  айылы

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 

 24.11.  2022- жылдагы     № 01-19/725     сандуу катын

 кароо жөнүндө

         Жекенди  айылдык аймагына караштуу  Кара-Мык айылынын  тургуну   Баапов  Жылдызбектин   Кашат  участкасындагы турак-жай  куруу  үчүн  берилген  № 5-07-03-1002-0781  сандуу коду  менен  катталган 1500,0 м.кв  жер аянтынын  багытын өзгөртүп,  ресторан  салууга  уруксат  берүү  жөнүндөгү    Жекенди айыл  өкмөтүнүн   башчысы Б.Нышанбаевдин 11. 2022-жылдагы № 01-19/725 сандуу    катын  угуп  жана  талкуулап

Жекенди айылдык Кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

       1.Жекенди  айылдык аймагына караштуу  Кара-Мык айылынын  тургуну   Баапов  Жылдызбектин   Кашат  участкасындагы турак-жай  куруу  үчүн  берилген  № 5-07-03-1002-0781  сандуу коду  менен  катталган 1500,0 м.кв  жер аянтынын  багытын өзгөртүп,  ресторан  салууга  уруксат  берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү   жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча  башкы адиси  А.Маматовго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   өнөр-жай, курулуш,  инвестиция жана  социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Тажакмат уулу  Имамидинге тапшырылсын.

Төрага                                                                                         А.Абдукалилов

 

Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын кезектеги он үчүнчү   сессиясынын

ТОКТОМУ 

9-декабрь   2022-жыл  № 50                                                                           Кара-Мык  айылы

Жекенди  айыл   айымагына   караштуу   билим    берүү

мекемелеринде (мектептер жана  балдар бакчаларында)

2022-2023-жылдардын кыш мезгилине карата даярдыгы

жана билим  берүү боюнча 2022-жыл ичиндеги аткарып

жаткан  иштеринин  абалы  жөнүндө

 Жекенди  айылдык кенеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

      1.Жекенди  айыл аймагына караштуу  билим берүү  мекемелеринин  2022-2023-жылдардын  кыш мезгилине карата даярдыгы жана билим берүү боюнча 2022-жыл ичиндеги    аткарып жаткан иштери   канаатандырарлык  деп белгиленсин.

       2.Жекенди айыл аймагына караштуу  билим берүү  мекемелеринин  2022-2023-окуу жылына жана  кышка  карата   кээ  бир  жетишпестиктерине кошумча  акча  каражаттарын  карап  аткарылышын ишке  ашыруу   жагы  Жекенди  айыл  өкмөтүнүн   башчысы  Б.Нишанбаевге  жана  ФЭБ нүн башчысы  С.Маматовго   милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Социалдык    жана   маданий    маселелер, коммуналдык    менчик,    маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссиянын  төрайымы     Ж.Султанова жүктөлсүн.

 

Төрага А.Абдукалилов

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги он үчүнчү  сессиясынын

ТОКТОМУ 

9-декабрь   2022-жыл № 51                                                                          Кара-Мык  айылы

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 

  01.12.  2022- жылдагы     № 01-19/745     сандуу катын

   кароо жөнүндө

         Жекенди  айылдык аймагына караштуу  Шибээ айылынын  тургуну  Ташибеков  Абдишүкүр Гапаровичтин  №01-26/А-77 сандуу арызынын негизинде Чекенди-Талаа  участкасындагы  калктуу конуш жери    № 5-07-03-0010-0281  сандуу коду  менен  катталган 800,0 м.кв  жер аянтынын  ичинен  500 м.кв.  жер аянтынын  багытын өзгөртүп,  АЗС  салууга  уруксат  берүү  жөнүндөгү    Жекенди айыл  өкмөтүнүн   башчысы Б.Нышанбаевдин 12. 2022-жылдагы № 01-19/745 сандуу    катын  угуп  жана  талкуулап

Жекенди айылдык Кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

       1.Жекенди  айылдык аймагына караштуу  Шибээ айылынын  тургуну   Ташибеков  Абдишүкүр Гапаровичтин  №01-26/А-77 сандуу арызынын негизинде Чекенди-Талаа  участкасындагы  калктуу конуш жери    № 5-07-03-0010-0281  сандуу коду  менен  катталган 800,0 м.кв  жер аянтынын  ичинен  500 м.кв.  жер аянтынын  багытын өзгөртүп,  АЗС  салууга  уруксат   берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү   жагы  Жекенди айыл өкмөтүнүн  жер маселелери боюнча  башкы адиси  А.Маматовго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   өнөр-жай, курулуш,  инвестиция жана  социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Тажакмат уулу  Имамидинге тапшырылсын.

Төрага                                                                                         А.Абдукалилов

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги он үчүнчү  сессиясынын

ТОКТОМУ 

9-декабрь   2022-жыл № 52                                                                          Кара-Мык  айылы

 

Жекенди     айылдык     аймагынын     жергиликтүү

маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, 

кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,  милдеттердин

тизмесин бекитүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик  администрация  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары жөнүндөгү”  мыйзамынын  27  жана 34-беренелерине  ылайык,    жергиликтүү  маанидеги  маселени чечүү боюнча Жекенди  айыл өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевдин  07.12.2022-жылдагы  № 01-19/764  сунушун  угуп  жана талкуулап  

 Жекенди айылдык Кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

       1.Жекенди  айылдык аймагынын  жергиликтүү маанидеги маселени чечүү  боюнча функциялардын,  кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,  милдеттердин тизмеси № 1-тиркемеге  ылайык  бекитилсин.

2.Бекитилген  функцияларды  аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү,  жумуштарды  уюштуруу  жана  милдеттерди аткаруу  боюнча бул токтомдун  аткарылышын    Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Б.Нышанбаев  камсыз  кылсын.

3.Жекенди айылдык кеңешинин  9-декабрь  2022-жылдагы  № 52  токтому  Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

Төрага                                                                                                     А.Абдукалилов

  

Жекенди айылдык кеңешинин

№ 52  9-декабрь  2022-жылдагы

  токтомуна  тиркеме

Жекенди  айылдык аймагынын  жергиликтүү маанидеги маселени чечүү  боюнча функциялардын,  кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,  милдеттердин тизмеси

 

Кызматтын, функциянын,  милдеттин

аталышы

 

Аткаруу үчүн жооптуу  
1.      Кызматтар

 

 
1.1. Муниципалдык менчикти башкаруу Айыл өкмөт башчысы  
1.2.   Калкты ичүүчү  таза  суу менен камсыз кылуу    
1.3. Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу Айыл өкмөт башчысы  
1.4. Жалпы пайдалануудагы көчөлөргө жарык берүүнү уюштуруу Айыл өкмөт башчысы  
1.5.  Жарандарга жер аянттарын ижарага алуудагы келишимдерин берүү Айыл өкмөт башчысы

 

 
1.6. Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды  камсыз  кылуу Айыл өкмөт башчысы  
1.7. Өзгөчө кырдаалдардын алдын  алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү Айыл өкмөт башчысы  
1.8. Жарандардын социалдык абалы жөнүндө  маалымат берүү Айыл өкмөт башчысы  
2.Функциялар

 

 
2.1. Муниципалдык менчиктин реестрин түзүү Айыл өкмөт башчысы  
2.2. Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына  жана жылдык иш-планга киргизүү Айыл өкмөт башчысы    
2.3.   жер аянттарын ижара  акыларын бекитүү Айыл өкмөт башчысы  
3.Милдеттенмелер

 

 
3.1.  Муниципалдык менчиктин реестрин  кайрадан карап чыгуу, түзүү

 

Айыл өкмөт башчысы  
3.2.   Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына  жана жылдык иш-пландарды  кайрадан иштеп  чыгуу Айыл өкмөт башчысы  

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги он үчүнчү  сессиясынын

ТОКТОМУ 

9-декабрь   2022-жыл № 53                                                                         Кара-Мык  айылы

“Тийешелүү  аймактын  экономикалык өнүгүүсүн камсыз  кылуу,  ошондой эле  инвестицияларды жана  гранттарды  тартуу”  жаатында  жергиликтүү  маанидеги  маселени  чечүү  боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,    функциялардын жана милдеттердин  тизмесин    бекитүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик  администрация  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары жөнүндөгү”  мыйзамынын  27  жана 34-беренелерине  ылайык,    мал чарбачылыгын  өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү  Жекенди  айыл өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевдин  07.12.2022-жылдагы  № 01-19/764  сунушун  угуп  жана талкуулап

Жекенди айылдык Кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Жекенди айыл өкмөтүнүн мал  чарбасын өнүктүрүү бөлүгүндө “тийешелүү  аймактын  экономикалык өнүгүүсүн камсыз  кылуу,  ошондой эле  инвестицияларды жана  гранттарды  тартуу”  жаатында  жергиликтүү  маанидеги  маселени  чечүү  боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,    функциялардын жана милдеттердин  тизмесин    № 1-тиркемеге  ылайык  бекитилсин.

2.Бекитилген  функцияларды  аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү,  жумуштарды  уюштуруу  жана  милдеттерди аткаруу  боюнча бул токтомдун  аткарылышын    Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Б.Нышанбаев  камсыз  кылсын.

3.Жекенди айылдык кеңешинин  9-декабрь  2022-жылдагы  № 53  токтому  Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай, курулуш,  инвестиция жана  социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Тажакмат уулу  Имамидинге тапшырылсын.

Төрага                                                                                                     А.Абдукалилов

 

Жекенди айылдык кеңешинин

№ 53  9-декабрь  2022-жылдагы

  токтомуна  тиркеме

“Тийешелүү  аймактын  экономикалык өнүгүүсүн камсыз  кылуу,  ошондой эле  инвестицияларды жана  гранттарды  тартуу”  жаатында  жергиликтүү  маанидеги  маселени  чечүүнүн алкагында мал чарбачылыгын өнүктүрүү   боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,    функциялардын жана милдеттердин  тизмеси

 

Кызматтын, функциянын,  милдеттин

аталышы

 

Аткаруу үчүн жооптуу
2.      Кызматтар

 

1.1.  Жеке  чарбалардын асыл тукум малдарын асырап багуу үчүн жайларды  берүү Айыл өкмөт башчысы
1.2. Асыл тукум мал чарбасы  менен алектенген жеке чарбаларга ветеринардык  кызмат көрсөтүү Айыл өкмөт башчысы
  Конкурста  жеңип чыккан, асыл тукум малды өстүргөн жеке чарбаларга  20  гектардан  кем эмес өлчөмдө жайыттарды пайдаланууга берүү Айыл өкмөт башчысы

Жайыт комитетинин төрагасы

2.Функциялар

 

2.1. Асыл тукум малдарды  асырап багуу үчүн жайларды ижарара  алуу  укугуна  тендерди  уюштуруу Айыл өкмөт башчысы
2.2. Ветеринардык врачты конкурстук негизде  кабыл алуу Айыл өкмөт башчысы
2.3. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдун кошумча  тизмесине  чарбаларга акы төлөнүүчү  ветеринардык кызмат көрсөтүүнү  киргизүү Айыл өкмөт башчысы
2.4.  Акы төлөнүүчү  ветеринардык  кызматтардын  прескураттарын  иштеп чыгуу  жана бекитүү Айыл өкмөт башчысы
3.Милдеттенмелер

 

3.1.  Асыл тукум  малды тийешелүү талаптарга  ылайык  асырап багуу үчүн  мал сарайды  реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо Айыл өкмөт башчысы
3.2.  Мал чарбачылыгы үчүн бөлүнгөн 20 га жайыттын чөптөрун калыбына  келтирүү боюнча  иш-чараларды  жүргүзүү Айыл өкмөт башчысы

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги он үчүнчү  сессиясынын

ТОКТОМУ 

9-декабрь   2022-жыл № 54                                                                         Кара-Мык  айылы

“ Тиричилик  таштандыларды  чогултуу, ташып  чыгарууну  жана  жок  кылууну  уюштуруу”  жаатында  жергиликтүү  маанидеги  маселени  чечүү  боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,    функциялардын жана милдеттердин  тизмесин    бекитүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик  администрация  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары жөнүндөгү”  мыйзамынын  27  жана 34-беренелерине  ылайык,  тиричилик  таштандыларды  чогултуу, ташып  чыгарууну  жана  жок  кылууну  уюштуруу   боюнча чаралар жөнүндөгү  Жекенди  айыл өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевдин  07.12.2022-жылдагы  № 01-19/764  сунушун  угуп  жана талкуулап

Жекенди айылдык Кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Жекенди айыл өкмөтүнүн “тиричилик  таштандыларды  чогултуу, ташып  чыгарууну  жана  жок  кылууну  уюштуруу” жаатында  жергиликтүү  маанидеги  маселени  чечүү  боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,    функциялардын жана милдеттердин  тизмесин    № 1-тиркемеге  ылайык  бекитилсин.

2.Бекитилген  функцияларды  аткаруу, тейлөөнү уюштуруу,   милдеттерди аткаруу  боюнча бул токтомдун  аткарылышын    Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Б.Нышанбаев  камсыз  кылсын.

3.Жекенди айылдык кеңешинин  9-декабрь  2022-жылдагы  № 54 токтому  Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Социалдык    жана   маданий    маселелер, коммуналдык    менчик,    маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссиянын  төрайымы     Ж.Султанова жүктөлсүн.

 Төрага                                                                                                     А.Абдукалилов

 

 

 

Жекенди айылдык кеңешинин

№ 54  9-декабрь  2022-жылдагы    токтомуна  тиркеме

 

Жекенди  айыл өкмөтүнүн  “тиричилик  таштандыларды  чогултуу, ташып  чыгарууну  жана  жок  кылууну  уюштуруу” жаатында  жергиликтүү  маанидеги  маселени  чечүү  боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,  функциялардын жана милдеттердин  тизмеси

 

Кызматтын, функциянын,  милдеттин аталышы Аткаруу үчүн жооптуу
3.      Кызматтар
1.1. Жеке жана юридикалык жактар үчүн тиричиликтеги катуу  калдыктарын (ТКК) чыгаруу жана жок  кылуу Айыл өкмөт башчысы
1.2. Курулуш таштандыларын  чыгаруу Айыл өкмөт башчысы
2.Функциялар

 

2.1. Айыл аймагын социалдык экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда  каттуу  калдыктарды  жыйноо,  ташып чыгаруу  жана жок  кылуу боюнча айыл өкмөттүн  иш аракеттерин  пландаштыруу Айыл өкмөт башчысы
2.2. Юридикалык жана  жеке жактар  үчүн ТКК нын топтоо  нормасын эсептөө Айыл өкмөт башчысы
2.3. Катуу таштандыларды  чогултуу,  ташып чыгаруу жана жок  кылуу үчүн тарифти эсептөө Айыл өкмөт башчысы
2.4. Айыл өкмөттүн жылдык иш планында катуу калдыктарды  чогултуу жана  ташып чыгарууну  пландаштыр Айыл өкмөт башчысы
2.5. Таштанды жайда  катуу  таштандыларды жок  кылуу боюнча  иштерди  пландаштыруу Айыл өкмөт башчысы
2.6. ТКК ны  ташып чыгаруу жана жок  кылуу боюнча тарифтерди төлөө үчүн жарандардын жеңилдетилген категорияларын аныктоо Айыл өкмөт башчысы
2.7. ТКК ны алгачкы чогултуу  жана сактоо боюнча контейнердик  аянтчаларды  жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү Айыл өкмөт башчысы
2.8. ТКК ны чогултуу үчүн жайларды жайгаштыруунун технологиялык картасын иштеп чыгуу  жана бекитүү Айыл өкмөт башчысы
2.9. ТКК ны алгачкы чогултуу жана жок кылуу боюнча  кызмат көрсөтүүнү  тандоо/дайындоо Айыл өкмөт башчысы
2.10. Юридикалык жана жеке жактарга көрктөндүрүү эрежелери жөнүндө маалымат берүү Айыл өкмөт башчысы
3.Милдеттенмелер
3.1. ТКК ны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдууларды  сатып алуу Айыл өкмөт башчысы
3.2. Жарандардын  аярлуу топторуна субсидияларды төлөө Айыл өкмөт башчысы

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги он үчүнчү  сессиясынын

ТОКТОМУ 

9-декабрь   2022-жыл № 55                                                                         Кара-Мык  айылы

Жекенди       айылдык      аймагына     караштуу 

 Чулук    айылындагы     С.Осмонов     атындагы

 орто мектебинин имаратына капиталдык оңдоо            

иштерин  жасоо үчүн Жекенди айыл өкмөтүнүн 

 жергиликтүү   бюджетинен   акча   каражатын        

 кароо   жөнүндө

      Жекенди  айылдык аймагына  караштуу    Чулук   айылындагы  С.Осмонов  атындагы орто мектебинин имаратына  2023-жылы  капиталдык оңдоо иштерин  жасоо   үчүн            Жекенди  айыл өкмөтүнүн  2023-жылдын жергиликтүү   бюджетинин  эсебинен  акча  каражатын кароо максатында  Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын кезектеги  он  үчүнчү   сессиясы угуп жана  талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ

       1.Жекенди  айылдык аймагына  караштуу  Чулук   айылындагы  С.Осмонов  атындагы орто мектебинин имаратына  2023-жылга  капиталдык оңдоо иштерин  жасоо   үчүн   Жекенди айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы   жергиликтүү  бюджетинин     эсебинен  345 435   ( үч жүз  кырк беш миң төрт жүз отуз беш)   сом  акча каражаты  бөлүнүп  берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевге  тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Мурзапар уулу Назирилло жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                                  А.Абдукалилов

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги он үчүнчү  сессиясынын

ТОКТОМУ 

9-декабрь   2022-жыл № 56                                                                         Кара-Мык  айылы

                                                                        Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл

                                                                       чарба    жерлеринин     салыктык   ставкасын 

                                                                     белгилөө жөнүндө

  Жекенди  айылдык кеңеши кайрак айдоо жерлеринин салыктык ставкасын белгилөө жөнүндөгү  Жекенди айыл өкмөтүнүн  башчысы Б.Нышанбаевдин  сунушун угуп жана талкуулап,       Кыргыз  Республикасынын  Салык Кодексинин 337-беренсинин  6-пункутуна ылайык   Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын кезектеги  он  үчүнчү   сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ

       1.Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл чарба жерлеинин  багытындагы   кайрак айдоо жерлеринин салыктык савкасы   Салык кодекиснин 401-беренсинин 1-2-пунктына ылайык  айыл чарба жерлерине таандык болгон 1,0 га  жер участогунун   базалык салыктык наркы    37 (отуз жети)  сом болуп белгиленсин.  

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу  жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевге  тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Мурзапар уулу Назирилло жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                  А.Абдукалилов

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги он үчүнчү  сессиясынын

ТОКТОМУ 

9-декабрь   2022-жыл № 57                                                                         Кара-Мык  айылы

Жекенди       айылдык      аймагына     караштуу 

 Чулук    айылындагы     С.Осмонов     атындагы

  орто   мектебине   ашкана салуу     үчүн уруксат

  берүү  жөнүндө

         Жекенди  айылдык аймагына  караштуу    Чулук   айылындагы  С.Осмонов  атындагы орто мектебине ашкана  салууга уруксат берүү  максатында  Жекенди        айылдык       Кеңешинин депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын кезектеги  он  үчүнчү   сессиясы угуп жана  талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ

       1.Жекенди  айылдык аймагына  караштуу  Чулук   айылындагы  С.Осмонов  атындагы орто мектебине ашкана салууга  уруксат берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевге  тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы  Эшов  Боронбайга тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                  А.Абдукалилов

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги он үчүнчү  сессиясынын

ТОКТОМУ 

9-декабрь   2022-жыл № 58                                                                         Кара-Мык  айылы

Жекенди    айыл   өкмөтүндө     укук      бузуулар  жөнүндө иштерди   кароо боюнча   комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү Жекенди  айылдык кеңешинин 9-декабрь 2021-жылдагы № 26 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 Жекенди айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

       1.Жекенди    айыл   өкмөтүндө     укук      бузуулар  жөнүндө   иштерди   кароо боюнча   комиссиянын курамын бекитүү  жөнүндөгү айылдык кеңешинин 9-декабрь 2021-жылдагы  № 26 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2.Жекенди айыл өкмөтүндө  бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын  курамы төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн:

-Мамажунусов Паяз                                       -АКсакалдар кеңешинин мүчөсү

-Амирбеков  Акматали  Жапарович             -Жекенди айылдык кеңешинин депутаты

-Халилов  Сагынбек  Дарманбекович          -Жекенди айылдык кеңешинин депутаты

-Калыков  Өмүрбек Нуриллаевич                 — Жекенди айылдык кеңешинин депутаты

-Шарипов Абдимамат Шакирович               — Жекенди айылдык кеңешинин депутаты

-Галов Мунажидин Алишаевич                    — Жекенди айылынын айыл башчысы

-Жакыпов Абдилла Кулмаматович               -Кара-Мык айылынын айыл башчысы

-Саитов Муктарали Гудусович                      — Кара-Тейит айылынын айыл башчысы

-Жаркынбаев Сулайман Абдилазизович      -Чулук айылынын айыл башчысы

-Кудайберди уулу Бердибек                          -Шибээ айылынын айыл башчысы

-Токтоматов Рысбай Тилемишович              -социалдык маселелер боюнча башкы адис

Укук бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө  ыйгарым укуктуу

-Колдошов Кеңешбек Исламович                  -маалымат коммуникация боюнча адис

  1. Жекенди айыл өкмөтүндө укук  бузуулар боюнча  иштерди кароо боюнча иш алып баруу жагы комиссиянын  курамына тапшырылсын.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы   Жекенди айылдык кенешинин мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо,  кеңештердин  иштери, депутаттык этика жана коомдук  уюмдар боюнча  туруктуу комиссиясынын  төрагасы  С.Халиловго  тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                  А.Абдукалилов

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги он үчүнчү  сессиясынын

ТОКТОМУ 

9-декабрь   2022-жыл № 59                                                                         Кара-Мык  айылы

Жекенди       айылдык       аймагына     караштуу 

 Шибээ   айылынын    ички    көчөлөрүнүн    3 км

аралыгына  көчө  жарыктандырууну куруу үчүн 

 Жекенди       айыл      өкмөтүнүн     жергиликтүү

 бюджетинен акча   каражатын  кароо   жөнүндө

         Жекенди  айылдык аймагына  караштуу     Шибээ    айылынын  ички көчөлөрүнүн 3 км аралыгына  көчө  жарыктандырууну  курууга Жекенди  айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн 2023-жылдын жергиликтүү   бюджетинин  эсебинен  акча  каражатын кароо максатында  Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын кезектеги  он  үчүнчү   сессиясы угуп жана  талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ

       1.Жекенди  айылдык аймагына  караштуу   Шибээ    айылынын ички көчөлөрүнүн 3 км аралыгына  көчө  жарыктандырууну  курууга  Жекенди  айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн  Жекенди айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы   жергиликтүү  бюджетинин     эсебинен  221 460    (эки жүз жыйырма бир миң  төрт жүз  алтымыш)   сом  акча каражаты  бөлүнүп  берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевге  тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Мурзапар уулу Назирилло жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                                  А.Абдукалилов

 

Жекенди  айылдык  Кеңешинин    депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын    кезектеги он үчүнчү  сессиясынын

ТОКТОМУ 

19-декабрь   2022-жыл № 60                                                                         Кара-Мык  айылы

Жекенди       айылдык       аймагына     караштуу 

      Жекенди айылынын  ички    көчөлөрүнүн    3 км

аралыгына  көчө  жарыктандырууну куруу үчүн 

 Жекенди       айыл      өкмөтүнүн     жергиликтүү

  бюджетинен акча   каражатын  кароо   жөнүндө

          Жекенди  айылдык аймагына  караштуу     Жекенди    айылынын  ички көчөлөрүнүн 3 км аралыгына  көчө  жарыктандырууну  курууга Жекенди  айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн 2023-жылдын жергиликтүү   бюджетинин  эсебинен  акча  каражатын кароо максатында  Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарынын  жетинчи  чакырылышынын кезектеги  он  үчүнчү   сессиясы угуп жана  талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ

       1.Жекенди  айылдык аймагына  караштуу   Жекенди    айылынын ички көчөлөрүнүн 3 км аралыгына  көчө  жарыктандырууну  курууга  Жекенди  айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн  Жекенди айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы   жергиликтүү  бюджетинин     эсебинен    432 310    (төрт жүз отуз эки миң  үч жүз  он)   сом  акча каражаты  бөлүнүп  берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык өкмөтүнүн  башчысы  Б.Нышанбаевге  тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Мурзапар уулу Назирилло жүктөлсүн.

Төрага                                                                                                                  А.Абдукалилов

 

Жекенди        айылдык       Кеңешинин         депутаттарын  жетинчи  чакырылышынын кезектеги он үчүнчү   сессиясынын

ТОКТОМУ 

9-декабрь    2022-жыл № 61                                                                          Кара-Мык  айылы

Жекенди                айылдык           аймагынын

Айылдык   коомчулуктун       инвестициялык

   Ассоциациясын  каттоодон өткөрүү  жөнүндө

Ош областынын Чон-Алай районунун Жекенди айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясын (АКИАны) каттоодон өткөрүү жана ассоциациянын иштоо аймагын аныктап, бекитүү   жөнүндө АКИАнын аткаруу комитетинин төрагасынын билдируусун угуп  жана талкуулап  Жекенди айылдык  Кеңеши

Т  О  К  Т  О  М        К  Ы  Л  А  Т

        1.Ош областынын Чон-Алай районунун Жекенди айылдык аймагынын Айылдык коомчулукту инвестициялык ассоциациясы  (АКИА) Жекенди айылдык Кеңеши тарабынан каттоодон  өткөрүлсүн.

2.Ош областынын Чон-Алай районунун Жекенди айылдык аймагынын территориясы Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИАнын) иштөө аймагы катары бекитилип, АКИАга Жекенди айылдык аймагынын чегинде иш алып баруу  милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Жекенди айылдык Кенешинин регламентине ылайык Адилет министрлигинин нормативдик-укуктук актыларды каттоо реестринен каттоодон өткөрүү айылдык Кеңештин катчысы Г.Мурзакулова тапшырылсын.

4.Жекенди айылдык аймагында Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА нын) аткаруу комитетинин иш аракеттерине жакындан жардам берүү, тыгыз иш алып баруу жана көмөк көрсөтүү айыл аймагынын башчысы  Б.Нышанбаевге   милдеттендирилсин.

Төрага                                                                                           А.Абдукалилов