Чоң-Алай айылдык кеңешинин токтомдору 17.03.2023-жыл

 

Чон-Алай айылдык аймактык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

25-сессиясынын кезектеги отурумунун

 

Токтому № 1

21-декабрь. 2022-жыл                                                              Дароот-Коргон  айылы

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо үчүн жашыруун добуш берүүнү уюштуруп өткөрү боюнча эсептөө комиссиясынын № 2 протоколуна ылайык Чоң-Алай айылдык кеңешинин  кезектеги сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын № 2 протоколуна ылайык көпчүлүк депутаттарынын добушун алгандыгына байланыштуу депутат Мойдунов Сталбек Мурзажанович 12 добуш менен Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы болуп дайындалсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

(тиркеме тиркелет эсептөө комиссиясынын протоколу)

 Сессиянын төрагасы:                                                                             Г.Мадалиев.

 

 

  

Кыргыз Республикасы, Ош областы, Чоң-Алай району

 Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 25-сессиясынын кезектеги отурумунун  эсептөө комиссиясынын

Чечими  № 1

21-декабрь  2022-жыл.                                                     Дароот-Коргон айылы

Комиссиянын заседаниесине эсептөө комиссиясынын төмөнкү мүчөлөрү катышты.

  1. З.Үсөнова
  2. К.Жусупова
  3. Ш.Маматкаимова

Күн тартибинде каралуучу маселе:

  1. Эсептөө комиссиясынын төрагасынын жана орун басарын шайлоо жыйыны

ЧЕЧИМ   КЫЛАТ

  1. Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп З.Үсөнова шайлансын. Каршы.Калыс.Жок. Жалпы бир добуштан колдоо тапты.

 

  1. Эсептөө комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп Ш.Маматкаимова шайлансын. Каршы.Калыс.Жок.жалпы бир добуштан колдоо тапты.

Ушул эсептөө комиссиясынын № 1 чечимин  бекитип берүү жагы Чоң-Алай айылдык кеңешинен суралсын:

Эсептөө комиссиясынын төрагасы:                        З.Үсөнова            

Эсептөө комиссиясынын катчысы:                         К.Жусупова   

Эсептөө комиссиясынын мүчөсү:                             Ш.Маматкаимова

 

 

 

 

 Чоң-Алай айылдык кеңешинин  эсептөө комиссиясынын

Протоколу  № 2

Дароот-Коргон айылы                                                                  21-декабрь  2022-жыл

Күн тартибинде каралуучу маселе:

-Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө.

Комиссиянын заседаниесине эсептөө комиссиясынын төмөнкү мүчөлөрү катышты.

  1. З.Үсөнова
  2. Ш.Маматкаимова
  3. К.Жусупова

Комиссиянын төрайымы З.Үсөнова   шайлоого 13 депутат катышкандыгы тууралуу жана АШК тарабынан 13  бюллетен берилгендиги тууралуу токтолуп шайлоону баштай тургандыгына токтолду.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагалыгына  төмөнкү талапкер катталды

Мойдунов Сталбек   Мурзажанович         

Шайлоонун жыйынтыгында 13 депутат шайлоого катышып шайлоо өткөрүлүп шайлоонун жыйынтыгында

Мойдунов Сталбек Мурзажановичке   макул 12  добуш ,  каршы 1  добуш берилди.

Эсептөө комиссиясынын жалпы чогулушу

ЧЕЧИМ   КЫЛАТ

  1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Мойдунов Сталбек Мурзажановичке макул 12 добуш,  каршы 1 добуш  берилип депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондугуна байланыштуу  Чоң- Алай айылдык кеңешинин төрагасы болуп бекитилсин.

 

  1. Ушул эсептөө комиссиясынын № 2 протоколун бекитип берүү жагы Чоң-Алай

айылдык кеңешинен суралсын:

Эсептөө комиссиясынын төрайымы:                                   З.Үсөнова                         

Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү:                                     Ш.Маматкаимова                   

                                                                                                      К.Жусупова

 

 

 Чон-Алай айылдык аймактык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

25-сессиясынын кезектеги отурумунун

Токтому № 2

21-декабрь. 2022-жыл                                                              Дароот-Коргон  айылы

Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасындагы балдар бакчасына маркум Ш.Эгембердиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун жана Кара-Кыя участкасынын жашочуларынын кайрылуусуна ылайык Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасындагы балдар бакчасына Ш.Эгембердиевдин ысымын ыйгаруу боюнча сунуштарын талкуулап  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 25-сессиясынын  кезектеги отуруму

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасындагы балдар бакчасына маркум Эгембердиев Шарап атындагы балдар бакчасы наамы ыйгарылсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

Сессиянын төрагасы:                                                                             Г.Мадалиев.

 

 

 

Чон-Алай айылдык аймактык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

25-сессиясынын кезектеги отурумунун

Токтому № 3

21-декабрь. 2022-жыл                                                              Дароот-Коргон  айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун сунушун кароо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Кыргыз Ресубликасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 01-13/442 чыгыш сандуу катын талкуулап  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 25-сессиясынын  кезектеги отуруму

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Кыргыз Ресубликасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 01-13/442 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Кыргыз Республкасынын Салык кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мүлк салыктарын Салык мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңеш тарабынан колдоого алынды.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

Сессиянын төрагасы:                                                                             Г.Мадалиев.

 

 

 

 

 

 

 

Чон-Алай айылдык аймактык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

25-сессиясынын кезектеги отурумунун

Токтому № 4

21-декабрь. 2022-жыл                                                              Дароот-Коргон  айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык  орто мектебинин фасадын жасоого өздүк салым үчүн акча каражатын  кароо жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун  Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык  орто мектебинин фасадын жасоого өздүк салым үчүн акча каражатын кароо  жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын   25-сессиясынын кезектеги  отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин фасадын жасоого өздүк салым үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн                    2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинен  648 430  сом бөлүнүп берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             Г.Мадалиев

 

 

  

Чон-Алай айылдык аймактык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

25-сессиясынын кезектеги отурумунун

 Токтому № 5

21-декабрь. 2022-жыл                                                              Дароот-Коргон  айылы

Чоң-Алай айыл өкмотүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасына курулуучу балдар ойноочу аянтчага өздүк салым үчүн  акча каражатын бөлүү  жөнүндө.

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун  Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын  Кара-Кыя участкасына курулуучу балдар ойноочу аянтчага өздүк салым үчүн  акча каражатын бөлүү  жөнүндө  сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын   25-сессиясынын кезектеги  отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасына  балдар ойноочу аянтчаны курууга  өздүк салым үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн            2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин  469 740 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             Г.Мадалиев

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 26-сессиясынын

кезектеги отурумунун

 Токтому № 1

8-февраль       2023-жыл                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышын кароо жөнүндө.

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышы тууралуу  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 26-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

  1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин жыл ичиндеги киреше бөлүгү  71 499 000 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү  68 456 204  сомду түзүп
  • аппаратка 17 272 960  сом
  • аппараттын атайын каражатына 131 955 сом
  • мектептерге 6 500 920 сом
  • бала бакчаларга 9 489 964 сом
  • бала бакчалардын атайын каражатарына 2 287 054 сом
  • китепканаларга 1 687 482  сом
  • маданий иш чараларга 1 114 600 сом
  • клубтарга 1 680 817  сом
  • өзгөчө кырдаалдарга 1 372 947 сом
  • ЖКХ 20 059 295  сом
  • социалдык жардамдарга 309 500 сом
  • компенсацияга 1 632 300 сом
  • соц пакет 3 140 600 сом
  • айылдык кеңешке 666 306 сом
  • статистке 379 804 сом
  • жайытка 729 700 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 26-сессиясынын

кезектеги  отурумунун

Токтому № 2

8-февраль       2023-жыл                                                                       Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын           2022-жылдагы бюджетинин аткарылышын кароо  жөнүндө.

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун жана  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын           жетекчиси М.Кадыровдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2022-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу билдирүүсүн Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын    26-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2022-жыл ичинде  киреше бөлүгү 2 062 531 сомго бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү 1 548 572 сомду түзүп
  • эмгек акыларга 1 074 991 сом
  • киреше салыгына 32 096 сом
  • социалдык камсыздандыруу фондуна 760 сом
  • пенсиялык фондго 25 585 сом
  • социалдык муктаждыктар үчүн чегерүүлөргө 143 578 сом
  • сапар чыгымдарына 43 771 сом
  • күйүүчү майга 113 880 сом
  • интернет кызматына 17 646 сом
  • башка товарларды жана кызматтарды сатып алууга 56 000 сом
  • ар түрдүү чыгымдарга (конц.товар, хоз.товар, электро товар, картридж, ж.б сатып алуу) 9 980 сом
  • банк кызматына 785 сом
  • кеңсенин ижара акысына 8000 сом
  • запастык бөлүктөрдү сатып алууга 21 500 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 26-сессиясынын

кезектеги  отурумунун

Токтому № 3

8-февраль       2023-жыл                                                                       Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин   2022-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышын кароо  жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун  жана  жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын жайыт комитетинин 2022-жылдагы аткарган иштери тууралуу билдирүүсүн Чоң-Алай айылдык кеңешини 7-чакырылышынын депутаттарынын    26-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылдагы бюджетинин жыл ичиндеги киреше бөлүгү сомго 1 728 070  бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү 1 157 396  сом болуп төмөнкүдөй бөлүнүп
  • жайыттарды жана алардын инфраструктурасына 185 700 сом
  • жайыт комитетинин кызматкерлеринин эмгек акыларына 540 700 сом
  • соц фондго чегерүүлөр 83 456 сом
  • киреше салыгына 11 006 сом
  • сапар чыгымдарына 50 570 сом
  • кеңсе товарларын алууга 8000 сом
  • ар түрдүү чыгымдарга 5000 сом
  • банк кызматына 4 309 сом
  • туура эмес которулган акча 5 580 сом
  • чарбалык чыгымдарга 221 100 сом
  • Чоң-Алай лесхозго 17 500 сом
  • Айыл өкмөтө калдык 7045 сом
  • Банктык эсептеги калдык 17 430 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 26-сессиясынын

кезектеги  отурумунун

 Токтому № 6

8-февраль       2023-жыл                                                                       Дароот-Коргон айылы

Дароот-Коргон айылынын тургуну Исматиллаев Бакытбектин 2023-жылдын 19-январындагы сунуш катын кароо  жөнүндө.

 Дароот-Коргон айылынын тургуну Исматиллаев Бакытбектин 2023-жылдын            19-январындагы сунуш катын  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын  26-сессиясынын  кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылыны ПМК участкасында жайгашкан медресе “Чоң-Алай Медресеси” деп аталсын жана медресе болуп балдарга таалим тарбия берүү максатында колдонулуусуна макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

  

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 26-сессиясынын

кезектеги  отурумунун

 Токтому № 7

8-февраль       2023-жыл                                                                       Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы  10-сессиясынын кезектеги отурумунун № 13 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-январындагы  10-сессиясынын кезектеги отурумунун № 13 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө 2023-жылдын  3-февралындагы № 252 чыгыш сандуу сунуш катын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын  26-сессиясынын  кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мурда макулдашып бекитилген Башкы пландарда көрсөтүлгөндөй  бир участоктун аянты  1500м2  болуп калтырылсын.
  2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы убактылуу пайдалануудагы жер аянттарынан турак жай куруу үчүн бир участоктун аянты мурункудай 1500м2 болуп белгиленсин.
  3. Ал эми калктуу конушка жаңыдан которулуп жаткан жер аянтарында Башкы планда бир участоктун аянты 1000мболуп  даярдалсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

оң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

  

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 26-сессиясынын

кезектеги  отурумунун

 Токтому № 9

8-февраль       2023-жыл                                                                       Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун 2023-жылдын 27-январындагы  № 1 чыгыш сандуу кайрылуу катын кароо жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун 2023-жылдын 27-январындагы № 1 чыгыш сандуу ичүүчү сууну пайдалануу боюнча тарифти кайрадан карап чыгуу сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын  26-сессиясынын  кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон жана Кызыл-Туу айылдарынын ичүүчү сууну пайдалануу жергиликтүү тургундарынын  социалдык абалдарын эске алуу менен мурунку тарифте калтырылсын ал эми тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жана муниципалдык ишканаларга  тарифтер төмөнкүдөй болуп  бекитилсин.

Бюджеттик мекемелер үчүн

  • 1 метр кв 1,0 сом
  • 1 метр куб 100 сом

Коммерциялык ишканалар үчүн

  • 1 метр кв 2,0 сом
  • 1 метр куб 150 сом

 

  1. Ушул белгиленген тарифтер боюнча жергиликтүү тургундарга жана тиешелүү мекеме ишканаларга тааныштыруу жана иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маданий маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

  

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 27-сессиясынын

кезектеги  отурумунун

 Токтому № 1

9-февраль      2023-жыл                                                                      Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата  жергиликтүү бюджетинин долбоорун   Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 27-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 55 065 300 сом болуп  бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.
  • аппаратка 23 693 600 сом
  • апараттын атайын каражатына 75 000 сом
  • айылдык кеңешке 982 600 сом
  • мектептерге 7 601 400 сом
  • бала бакчаларга 3 336 600 сом
  • бала бакчалардын атайын каражатына 3 150 000 сом
  • китепканаларга 1 899 300 сом
  • маданий иш чараларга 825 000 сом
  • клубтарга 2 298 100 сом
  • өзгөчө кырдаалдарга 590 000 сом
  • ЖКХ 9 424 700 сом
  • социалдык жардамдарга 350 000 сом
  • жайытка 839 000 сом бөлүнүп жумшалсын.
  1. Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармек жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
  2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аппаратына 30 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 3 штат.

-Чоң-Алай айылдык кенешине жооптуу катчы 1 штат каралсын.

— Клубтарга 8 штаттык бирдик  каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү 4 штат.

— Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичке  жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичке жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2023-жылдын 9-февралынан тартып күчүнө кирет.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 27-сессиясынын

кезектеги  отурумунун

 Токтому № 2

9-февраль       2023-жыл                                                                       Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын           2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун жана  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын           жетекчиси М.Кадыровдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата бюджетинин долбоорун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын    27-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата кирешеси 2 464 113 сомго бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
  • эмгек акыларга 467 900 сом
  • социалдык камсыздандыруу фондуна 253 213 сом
  • эмгек акыларга (контракт) 560 000 сом
  • сапар чыгымдарына 40 000 сом
  • байланыш кызматтарына 18 000 сом
  • запастык бөлүктөрдү сатып алууга 100 000 сом
  • Ар түрдүү чыгымдарга (конц.Товар, хох.товар, электро товар, картридж ж.б) 25 000 сом
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                       С.Мойдунов

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 27-сессиясынын

кезектеги  отурумунун

Токтому № 3

9-февраль      2023-жыл                                                                       Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин  2023-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун  жана  жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын   27-сессиясынын  кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетинин кирешеси 2 129 495 сомго бекитилип  ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
  • жайыттарды жана алардын инфраструктурасын кармоого 805 255 сом
  • жайыттарга мониторинг жүргүзүүгө 10 000 сом
  • чабандарга жайыт пайдалануу боюнча маалымат берүү (окутуу) 10 000 сом
  • Жарнама чыгымдарына 15 000 сом
  • жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысына 499 688  сом
  • эсепчинин эмгек акысына 305 886 сом
  • жайыт жыйымын чогултуучуга 227 981 сом
  • социалдык чегерүүгө 152 685 сом
  • сапар чыгымдарына 60 000 сом
  • орхтехника сатып алууга 20 000 сом
  • мебель сатып алууга 6000 сом
  • байланыш кызматтарына 5000 сом
  • концелярдык товарга 12 000 сом жумшалсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 27-сессиясынын

кезектеги  отурумунун

 Токтому № 4

9-февраль      2023-жыл                                                                       Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын сунушун кароо  жөнүндө.

 Чоң-Алай жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайдын мобилдик операторлордун базалык станцияларынын ижара акыларын көтөрүү жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын  27-сессиясынын  кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мобилдик операторлордун базалык стациялардын ижары акылары айына 2023-жылдын 1-мартынан баштап  7000 сом болуп бекитилсин.
  2. Мобилдик операторлордун базалык стациялардын ижары акыларын өндүрүү жана келишимдерди түзүп тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Таабалды уулу Чолпонбайга милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 27-сессиясынын

кезектеги  отурумунун

 Токтому № 5

9-февраль      2023-жыл                                                                       Дароот-Коргон айылы

                   Чак  айылынын тургуну Ы.Бактыбаевдин   кайрылуусун кароо  жөнүндө.

 Чак айылынын тургуну Ы Бактыбаевдин жеке менчигинде турган магазинди турак үй деп которуп берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин   7-чакырылышынын депутаттарынын  27-сессиясынын  кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чак айылындагы Бактыбаев Ысмайылдын жеке менчиинде турган магазинди турак үй катары пайдаланууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 27-сессиясынын

кезектеги  отурумунун

 Токтому № 6

9-февраль      2023-жыл                                                                       Дароот-Коргон айылы

“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасындагы таштуу жайыт эсебинде турган 0,15  га жер аянтын  Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 27-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасындагы таштуу жайыт эсебинде турган 0,15 га жер аянтын  Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.
  2. Тиешелелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 27-сессиясынын

кезектеги  отурумунун

 Токтому № 7

9-февраль      2023-жыл                                                                       Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун сунушун кароо жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл окмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын   8-февралындагы № 276 чыгыш сандуу Дара участкасындагы “Котур-Булак” суусун эс алуучу жана ден соолукту чыңдоочу булак катары колдонуу үчүн, Дароот-Коргон айылындагы Коргондун ордун тарыхий, маданий жай катары колдонуу үчүн жана Дароот-Коргон айылынын баты тарабындагы Кызыл-Суу дарыясынын сол тарабындагы карагай эгилген 7500,0 мжер аянтын Рахманкул Хан эс алуу паркы катары колдонуу үчүн статус берүү жөнүндө кайрылуусун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын  27-сессиясынын  кезектеги отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Дароот-Коргон айылындагы мурдагы Кул Датканын Коргонунун орду турган Коргону менен бирге  тарыхий, маданий мурас катары эсепке кабыл алынсын.
  2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дара участкасындагы “Котур-Булак” суусун эс алуучу жана ден соолукту чыңдоочу булак катары колдонууга макулдук берилсин.
  3. Дароот-Коргон айылынын батыш тарабындагы Кыызыл-Суу дарясынын сол тарабындагы карагай эгилген 7500,0 м2 жер аянты Рахманкул Хан эс алуу паркы деп аталсын жана  колдонууга берилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 27-сессиясынын

кезектеги  отурумунун

 Токтому № 8

9-февраль      2023-жыл                                                                       Дароот-Коргон айылы

“Чоң-Айыл айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо” боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө.

 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфрвструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын   6-сентябрындагы №305 Жарлыгын айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 18-январындагы №112 чыгыш сандуу катын талкуулап  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 27-сессиясынын  кезектеги отуруму

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Айыл аймактын аймагында “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфрвструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелери № 1 тиркемеге ылайык бектилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

 

Чоң-Алай айылдык кенешинин  2023-жылдын 9-февралындагы  27-сессиясынын    № 8-токтомунун №1-тиркемеси

Чоң-Алай айыл өмөтүнүн «айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча»

Эрежеси

1.Жалпы жоболор

  1. Айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жонундө кодексине. «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө». «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына. «Улуттук тазалык күнү жана 2023 2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетуу боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентини 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйренү коргоонун абалына талаштарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
  2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул эрежелерде белгиленген корктондуруу маселелери менен ба жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
  4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы оз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.
  5. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
  6. Ушул Жоболо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

Абонент- тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө  милдеттүү  жеке же юридикалык жак,

      Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү – калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;

КТТК чыгаруу— атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди тогулгон таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү:

Газон-жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;

       Бекитилген аймак-юридикалык же жеке жактардын менчигинде ижарасында же пайдалануусунда имараттар,  уй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак

Жашылдандырылган жерлер— жасалма түрүндө  жана табигый өсүп  чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү:

Ири көлөмдүү таштандылар— Керектееден чыккан жана көлөмүнүн чондугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);

Контейнер аянтчасы— өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;

Таштанды — ар калктар, анын ичинде катуу турмуш- тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө  жана өндүрүш калдыктары:

      Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар— чектелген аянтта көлөмү  30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо;

Парк — эс алууга жана конул ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;

Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Кызмат корсотуучу) -катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, ташын чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитарлык тазалоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.

      Курчап турган айланадагы аймак— юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин. имараттын, чарбалык курулуштун жана башка обьекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш. ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;

Коомдук келишим (ушул Эрежелер учун) кызмат корсотуучу менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;

Коомдук сунуш/оферта (ушул эрежелер үчүн) — кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу,  андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат:

Аймакты санитардык жактан тазалоо- аймакты тазалоо.көчөдөгү  таштандыларды, калдыктарды чогултуу

       Көчөдөгү  таштандылар— жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (кече таштандылары), алар грунт, кум-таш топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар. өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек. Чүпүрөк , металл жана башка материалдардан турат.

Катуу турмуш-тиричилик калдыктары (мындан ары — КТТК)- адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда уй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.

 

  • 3. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу

 

  1. Жеке турак жайларда жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдердин негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.

7.Тургундар айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.

  1. Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет.
  2. Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.
  3. Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт.

— жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары -кызмат көрсөтүүчүгө;

— ижарадагы ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча   мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субьекттерде. физикалык жана юридикалык тараптарда болот,

  1. Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик жеке жана юридикалык жактарга жүктөлөт.
  2. Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
  3. Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып же кетишине. контейнерлердеги таштандыларды орттоого жол берилбейт.
  4. Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, айыл башчылары, көчө башчылары жана катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
  5. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
  6. Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
  7. Абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарлы гашып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кенеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
  8. Юридикалык жана жеке жактар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүлөр үчүн төлөмдөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык оз убагында жана толук коломдо толоого милдеттүү.

 

  1. 27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
  2. Көлөмдүү таштандыларды, калдыктарды чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
  3. Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) ондоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын алып чыгууга милдеттүү.
  4. Кочолорго, базарларга жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.
  5. Калк массалык турдо баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот.
  6. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
  7. Коншу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу турмуш- тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат корсотүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
  8. Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо жергиликтуу өз алдынча башкаруу органы же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген меенеттерде аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
  9. Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
  • 4. Санитардык тейлоо жана аймакты тазалоону уюштуруу
  1. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлее кышында таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону. карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында жолдун беттерин, тротуарларды, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
  2. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субьекттердин менчик ээлери. турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.
  3. Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
  4. Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.
  5. Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону кутууну камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:

-узундугу боюнча имараттарга, уй чарбаларына же участокторго жанаша турган буткул аймак боюнча

-туурасы боюнча жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бөлүктүн туурасын бойлой —

  1. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлоо үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жуктолот. Бул учурда жоопкерчилик чойролорунун чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
  2. Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт. 35. Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлоону камсыз кылат. 36. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы кочодогу убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, курколор ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт.
  3. Узак пайдаланылбай жаткан жана оздоштурулбогон аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген пайдалануучуларга же жер ээлерине жуктолот.
  4. Коп кабаттуу уйлордун чектеш аймактарынын тазалыгы учун турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.
  5. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтоп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.

 

  • 5. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу
  1. Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөттөрүнүн бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө , ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
  2. Шаар/айыл аймактарында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
  3. Ишканалардын чарбалардын ички жана жеке аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөнгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
  4. Газондорго, гулзарларга, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.

 

 

  • 6. Жашылдандыруу

 

  1. 44. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:

-бак-дарактарды отургузуу.

-бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер — жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу,  чөптөрдү  тазалоо. өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү koproo (бардык тиешелүү  жумуштарды аткаруу менен) жер семирткичтерди,  таштандыларды жүктөө жана түшүрүү, куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар.

-газонду  багуу боюнча жумуштар тырмоо, жумшартуу,  жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү  тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу.

— айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.

  1. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:

Жалпы пайдалануудагы аймактарда,   кечелерде жергиликтүү өз алдынча органы аныктаган тиешелуу башкаруу кызматтарды/иштерди аткаруучуга;

—   турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине,

  1. Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
  2. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртен менен саат 8.00-9.00дөн кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00ден кийин жүргүзүлөт.
  3. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчаларлын таажысын оз убагында кыркууну камсыз кылат.
  4. Таажыны санитарлык кыркуу иштерине — эскирген. илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
  5. Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу- таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө көчөлөрдү жана электр чубалгыларын кысылуусун алдын алуу  максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чандашып (ширелерин болуп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.
  6. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш Материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларлы төшеөлөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.

 

  1. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.). жаракалары бар, ошондой эле Зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
  2. Айыл аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзө т жана коргоого алынат.
  3. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет. жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:

-иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону

-камсыз кылууга;