Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясынын
Токтому №1
02-декабрь 2022-жыл Кашка-Суу айылы
Депутаттарды сессияга чакыруу жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 02-декабрь күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 02-декабрь күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакырылсын.
- Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Баатыркулов
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясынын
Токтому № 2
02-декабрь 2022-жыл Кашка-Суу айылы
Ачык-Таш Альпинисттик лагерине ВЛ-10 кВ жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын тартууга макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ачык-Таш Альпинисттик лагериндеги туристтик фирмаларды колдоо максатында Ачык-Таш эл аралык альпинисттик лагерин электр энергиясы менен жабдуу максатында №401 ВЛ-10кВ таянычынан ( ретранслятордон) Ачык-Таш альпинисттик лагерине чейин узундугу 4700 метр ВЛ-10 кВ жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын тартууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Баатыркулов
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясынын
Токтому № 3
02-декабрь 2022-жыл Кашка-Суу айылы
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 11111100 беренесинин (салык агенти төлөөчү киреше салыгы) кирешесинен өндүрүлгөн акча каражатына пландан ашыкча түшкөн 315, 0 сом жана 11462410 (ичүүчү суу катары куюштуруу үчүн арашан жана тузсуз суулар) беренесинен түшкөн 185, 0 миң сомго кошумча план бекитилсин.
2.Бекитилген план Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бөлүнсүн.(тиркеме тиркелет)
3.Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Баатыркулов
“Бекитемин”
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы
____________А.Баатыркулов
_____________2022-жыл
Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 3 токтомуна тиркеме
№ | Аталышы | Сумма |
1 | Мектеп,бала-бакчалардын ар түрдүү чыгымдарына | 200 000 |
2 | 3-декабрь майыптар күнүнө | 43 000 |
3 | Телеком (Кыргыз телеком) | 10 000 |
4 | Эл энергиялардын тех условиясына | 12 400 |
5 | Ачык-Суу айылдык клубунун ПСД на | 50 000 |
6 | Делегаттардын чыгымдарына | 10 000 |
7 | Жолбун иттерди атып жок кылууга | 60 000 |
8 | Бала бакча, мектеп, айылдарга жаңы жылга | 114 600 |
Жалпы 0 | 500 000 |
Башкы эсепчи К.Жалилов
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясынын
Токтому № 4
02-декабрь 2022-жыл Кашка-Суу айылы
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жергиликтүү мергендерди карышкыр атуу үчүн ок, дары менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттинин эсебинен 10 000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү булактардан камсыз кылуу жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы К.Жалиловко милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Баатыркулов
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясынын
Токтому № 5
02-декабрь 2022-жыл Кашка-Суу айылы
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы Ачык-Суу айылдык клубун түрткү берүүчү грантка сунуштоо үчүн 2023-жылдын бюджетинен кароо жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинен Ачык-Суу айылындагы Ачык-Суу айылдык клубун Республикалык түрткү берүүчү грантка сунуштоо үчүн өздүк салымга 728 147 (жети жүз жыйырма сегиз миң бир жүз кырк жети) сом каралсын..
2.Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Баатыркулов
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясынын
Токтому № 6
02-декабрь 2022-жыл Кашка-Суу айылы
Кашка-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынчча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-34- беренелерине ылайык, жеригликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин 02.12.2022-жылдыгы № 01-19/825 сунушун угуп жана талкуулап
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, милдеттердин тизмеси № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштаарды уюштуруу жана милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиев камсыз кылсын.
2.Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2-декабрь 2022-жылдагы № 6 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Баатыркулов
Кашка-Суу айылдык кеңешинин № 6 2-декабрь 2022-жылдагы
токтомуна тиркеме
Кашка-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, милдеттердин тизмеси
№ | Кызматтын, функциянын, милдеттин
аталышы
|
Аткаруу үчүн жооптуу | ||
Кызматтар
|
||||
1.1. | Муниципалдык менчикти башкаруу | Айыл өкмөт башчысы | ||
1.2. | Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу | |||
1.3. | Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу | Айыл өкмөт башчысы | ||
1.4. | Жалпы пайдалануудагы көчөлөргө жарык берүүнү уюштуруу | Айыл өкмөт башчысы | ||
1.5. | Жарандарга жер аянттарын ижарага алуудагы келишимдерин берүү | Айыл өкмөт башчысы
|
||
1.6. | Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу | Айыл өкмөт башчысы | ||
1.7. | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү | Айыл өкмөт башчысы | ||
1.8. | Жарандардын социалдык абалы жөнүндө маалымат берүү | Айыл өкмөт башчысы | ||
2.Функциялар | ||||
2.1. | Муниципалдык менчиктин реестрин түзүү | Айыл өкмөт башчысы | ||
2.2. | Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана жылдык иш-планга киргизүү | Айыл өкмөт башчысы | ||
2.3. | жер аянттарын ижара акыларын бекитүү | Айыл өкмөт башчысы | ||
3.Милдеттенмелер | ||||
3.1. | Муниципалдык менчиктин реестрин кайрадан карап чыгуу, түзүү | Айыл өкмөт башчысы | ||
3.2. | Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана жылдык иш-пландарды кайрадан иштеп чыгуу | Айыл өкмөт башчысы |
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясынын
Токтому № 7
02-декабрь 2022-жыл Кашка-Суу айылы
“Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин 02.12.2022-жылдагы № 01-19/825 сунушун угуп жана талкуулап
Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн мал чарбасын өнүктүрүү бөлүгүндө “тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды уюштуруу жана милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиев камсыз кылсын.
3.Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2-декабрь 2022-жылдагы № 7 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай, курулуш, инвестиция жана социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Баатыркулов
Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрь № 7
токтомуна тиркеме
“Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүүнүн алкагында мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси
№ | Кызматтын, функциянын, милдеттин
аталышы
|
Аткаруу үчүн жооптуу |
Кызматтар
|
||
1.1. | Жеке чарбалардын асыл тукум малдарын асырап багуу үчүн жайларды берүү | Айыл өкмөт башчысы |
1.2. | Асыл тукум мал чарбасы менен алектенген жеке чарбаларга ветеринардык кызмат көрсөтүү | Айыл өкмөт башчысы |
Конкурста жеңип чыккан, асыл тукум малды өстүргөн жеке чарбаларга 20 гектардан кем эмес өлчөмдө жайыттарды пайдаланууга берүү | Айыл өкмөт башчысы
Жайыт комитетинин төрагасы |
|
2.Функциялар | ||
2.1. | Асыл тукум малдарды асырап багуу үчүн жайларды ижарара алуу укугуна тендерди уюштуруу | Айыл өкмөт башчысы |
2.2. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдун кошумча тизмесине чарбаларга акы төлөнүүчү ветеринардык кызмат көрсөтүүнү киргизүү | Айыл өкмөт башчысы |
2.3. | Акы төлөнүүчү ветеринардык кызматтардын прескураттарын иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөт башчысы |
3.Милдеттенмелер | ||
3.1. | Асыл тукум малды тийешелүү талаптарга ылайык асырап багуу үчүн мал сарайды реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо | Айыл өкмөт башчысы |
3.2. | Мал чарбачылыгы үчүн бөлүнгөн 20 га жайыттын чөптөрун калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү | Айыл өкмөт башчысы |
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясынын
Токтому № 8
02-декабрь 2022-жыл Кашка-Суу айылы
“ Тиричилик таштандыларды чогултуу, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, тиричилик таштандыларды чогултуу, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу боюнча чаралар жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин 02.12.2022-жылдагы № 01-19/825 сунушун угуп жана талкуулап
Кашка-Суу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн “тиричилик таштандыларды чогултуу, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмесин № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бекитилген функцияларды аткаруу, тейлөөнү уюштуруу, милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиев камсыз кылсын.
3.Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2-декабрь 2022-жылдагы № 7 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Баатыркулов
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрь № 8 токтомуна тиркеме
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн “тиричилик таштандыларды чогултуу, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси
№ | Кызматтын, функциянын, милдеттин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу |
1. Кызматтар | ||
1.1. | Жеке жана юридикалык жактар үчүн тиричиликтеги катуу калдыктарын (ТКК) чыгаруу жана жок кылуу | Айыл өкмөт башчысы |
1.2. | Курулуш таштандыларын чыгаруу | Айыл өкмөт башчысы |
2.Функциялар | ||
2.1. | Айыл аймагын социалдык экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда каттуу калдыктарды жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча айыл өкмөттүн иш аракеттерин пландаштыруу | Айыл өкмөт башчысы |
2.2. | Юридикалык жана жеке жактар үчүн ТКК нын топтоо нормасын эсептөө | Айыл өкмөт башчысы |
2.3. | Катуу таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифти эсептөө | Айыл өкмөт башчысы |
2.4. | Айыл өкмөттүн жылдык иш планында катуу калдыктарды чогултуу жана ташып чыгарууну пландашт | Айыл өкмөт башчысы |
2.5. | Таштанды жайда катуу таштандыларды жок кылуу боюнча иштерди пландаштыруу | Айыл өкмөт башчысы |
2.6. | ТКК ны ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтерди төлөө үчүн жарандардын жеңилдетилген категорияларын аныктоо | Айыл өкмөт башчысы |
2.7. | ТКК ны алгачкы чогултуу жана сактоо боюнча контейнердик аянтчаларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү | Айыл өкмөт башчысы |
2.8. | ТКК ны чогултуу үчүн жайларды жайгаштыруунун технологиялык картасын иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөт башчысы |
2.9. | ТКК ны алгачкы чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүнү тандоо/дайындоо | Айыл өкмөт башчысы |
2.10. | Юридикалык жана жеке жактарга көрктөндүрүү эрежелери жөнүндө маалымат берүү | Айыл өкмөт башчысы |
3.Милдеттенмелер | ||
3.1. | ТКК ны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдууларды сатып алуу | Айыл өкмөт башчысы |
3.2. | Жарандардын аярлуу топторуна субсидияларды төлөө | Айыл өкмөт башчысы |
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясынын
Токтому № 9
02-декабрь 2022-жыл Кашка-Суу айылы
Жер аянтын убактылуу пайдаланууга
макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылына караштуу Кара-Жылга жайлоосуна Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн туризм тармагын өнүктүрүү максатында этно борбор уюштуруу үчүн 0,10 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Баатыркулов
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясынын
Токтому № 10
02-декабрь 2022-жыл Кашка-Суу айылы
АКИА нын (айылдык коомчулуктун инвестициялык
ассоциациясынын) Уставын бекитип берүү жөнүндө
Ош областынын Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын ( АКИА нын) Уставын каттоодон өткөрүү жана ассоциациянын иштөө аймагын аныктап, бекитип берүү жөнүндө АКИА нын аткаруу комитетинин төрагасынын билдирүүсүн угуп, АКИА нын Уставы менен таанышып жана талкуулап
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ош областынын Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын 2022-жылдын 15-октябрындагы конференциясынын № 1 протоколу менен бекитилген Уставы Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши тарабынан каттоодон өткөрүлсүн.
- Ош областынын Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык аймагынын территориясы Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА нын ) иштөө аймагы катары бекитилип, АКИА га Кашка-Суу айыл аймагынын чегинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин регламентине ылайык Юстиция министрлигинин ченемдик-укуктук актыларды каттоо реестринен каттоодон өткөрүү Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
- Кашка-Суу айылдык аймагында Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА нын ) аткаруу комитетинин иш-аракеттерине жакындан жардам берүү, тыгыз иш алып баруу жана көмөк көрсөтүү айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Баатыркулов
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясынын
Токтому № 11
02-декабрь 2022-жыл Кашка-Суу айылы
“Айыл аймактардын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо” боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө
“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүңдө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин 02.12.2022-жылдагы № 01-19/825 сунушун угуп жана талкуулап
Кашка-Суу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелери № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2-декабрь 2022-жылдагы № 11 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы А.Баатыркулов
Кашка-Суу айылдык кенешинин 2022-жылдын 2-декабрь № 11 токтомуна тиркеме
Кашка-Суу айыл кмөтүнүн «айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча»
Эрежеси
1.Жалпы жоболор
- Айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жонундө кодексине. «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө». «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына. «Улуттук тазалык күнү жана 2023 2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетуу боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентини 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйренү коргоонун абалына талаштарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
- Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул эрежелерде белгиленген корктондуруу маселелери менен ба жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы оз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.
- Негизги түшүнүктөр жана терминдер
- Ушул Жоболо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Абонент- тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак,
Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү – калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;
КТТК чыгаруу— атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди тогулгон таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү:
Газон-жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;
Бекитилген аймак-юридикалык же жеке жактардын менчигинде ижарасында же пайдалануусунда имараттар, уй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак
Жашылдандырылган жерлер— жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү:
Ири көлөмдүү таштандылар— Керектееден чыккан жана көлөмүнүн чондугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);
Контейнер аянтчасы— өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;
Таштанды — ар калктар, анын ичинде катуу турмуш- тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары:
Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар— чектелген аянтта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо;
Парк — эс алууга жана конул ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;
Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Кызмат корсотуучу) -катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, ташын чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитарлык тазалоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.
Курчап турган айланадагы аймак— юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин. имараттын, чарбалык курулуштун жана башка обьекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш. ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;
Коомдук келишим (ушул Эрежелер учун) кызмат корсотуучу менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;
Коомдук сунуш/оферта (ушул эрежелер үчүн) — кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат:
Аймакты санитардык жактан тазалоо- аймакты тазалоо.көчөдөгү таштандыларды, калдыктарды чогултуу
Көчөдөгү таштандылар— жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (кече таштандылары), алар грунт, кум-таш топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар. өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек. Чүпүрөк , металл жана башка материалдардан турат.
Катуу турмуш-тиричилик калдыктары (мындан ары — КТТК)- адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда уй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.
- 3. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу
- Жеке турак жайларда жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдердин негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.
7.Тургундар айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.
- Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет.
- Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.
- Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт.
— жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары -кызмат көрсөтүүчүгө;
— ижарадагы ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субьекттерде. физикалык жана юридикалык тараптарда болот,
- Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик жеке жана юридикалык жактарга жүктөлөт.
- Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
- Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып же кетишине. контейнерлердеги таштандыларды орттоого жол берилбейт.
- Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, айыл башчылары, көчө башчылары жана катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
- Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
- Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
- Абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарлы гашып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кенеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
- Юридикалык жана жеке жактар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүлөр үчүн төлөмдөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык оз убагында жана толук коломдо толоого милдеттүү.
- 27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
- Көлөмдүү таштандыларды, калдыктарды чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
- Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) ондоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын алып чыгууга милдеттүү.
- Кочолорго, базарларга жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.
- Калк массалык турдо баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот.
- Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
- Коншу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу турмуш- тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат корсотүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
- Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо жергиликтуу өз алдынча башкаруу органы же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген меенеттерде аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
- Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
- 4. Санитардык тейлоо жана аймакты тазалоону уюштуруу
- Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлее кышында таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону. карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында жолдун беттерин, тротуарларды, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
- Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субьекттердин менчик ээлери. турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.
- Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
- Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.
- Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону кутууну камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:
-узундугу боюнча имараттарга, уй чарбаларына же участокторго жанаша турган буткул аймак боюнча
-туурасы боюнча жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бөлүктүн туурасын бойлой —
- Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлоо үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жуктолот. Бул учурда жоопкерчилик чойролорунун чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
- Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт. 35. Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлоону камсыз кылат. 36. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы кочодогу убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, курколор ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт.
- Узак пайдаланылбай жаткан жана оздоштурулбогон аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген пайдалануучуларга же жер ээлерине жуктолот.
- Коп кабаттуу уйлордун чектеш аймактарынын тазалыгы учун турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.
- Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтоп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.
- 5. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу
- Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөттөрүнүн бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө , ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
- Шаар/айыл аймактарында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
- Ишканалардын чарбалардын ички жана жеке аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөнгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
- Газондорго, гулзарларга, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.
- 6. Жашылдандыруу
- 44. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
-бак-дарактарды отургузуу.
-бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер — жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, чөптөрдү тазалоо. өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү koproo (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен) жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү, куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар.
-газонду багуу боюнча жумуштар тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу.
— айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.
- Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
Жалпы пайдалануудагы аймактарда, кечелерде жергиликтүү өз алдынча органы аныктаган тиешелуу башкаруу кызматтарды/иштерди аткаруучуга;
— турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине,
- Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
- Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртен менен саат 8.00-9.00дөн кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00ден кийин жүргүзүлөт.
- Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчаларлын таажысын оз убагында кыркууну камсыз кылат.
- Таажыны санитарлык кыркуу иштерине — эскирген. илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
- Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу- таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө көчөлөрдү жана электр чубалгыларын кысылуусун алдын алуу максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чандашып (ширелерин болуп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.
- Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш Материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларлы төшеөлөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
- Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.). жаракалары бар, ошондой эле Зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
- Айыл аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзө т жана коргоого алынат.
- Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет. жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:
-иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чоптордон коргоону
-камсыз кылууга;