Кашка-Суу айылдык кенешинин токтомдору 18.08.2023

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги он экинчи  сессиясынын

Токтому    №1

  02-декабрь    2022-жыл                                                                    Кашка-Суу айылы

                                                                                                                                                                                                                                        Депутаттарды сессияга чакыруу  жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 02-декабрь күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясын өткөрүү үчүн 2022-жылдын 02-декабрь күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  чакырылсын.
  2. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага жана айыл башчыларына   милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                                                  А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги он экинчи    сессиясынын

Токтому    № 2

                                   02-декабрь    2022-жыл                                                                            Кашка-Суу  айылы

Ачык-Таш Альпинисттик лагерине   ВЛ-10 кВ жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын тартууга   макулдук берүү жөнүндө

          Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы:

                                                                                                                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

        1.Ачык-Таш Альпинисттик лагериндеги туристтик фирмаларды колдоо максатында   Ачык-Таш эл аралык альпинисттик лагерин электр энергиясы менен жабдуу максатында  №401 ВЛ-10кВ таянычынан ( ретранслятордон) Ачык-Таш альпинисттик лагерине чейин узундугу 4700 метр ВЛ-10 кВ жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын тартууга макулдук берилсин.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                                        А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

  

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги он экинчи    сессиясынын

Токтому    № 3

02-декабрь    2022-жыл                                                                            Кашка-Суу  айылы

 

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  2022-жылдагы бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

            Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү  бюджетине төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 11111100 беренесинин (салык агенти төлөөчү киреше салыгы) кирешесинен  өндүрүлгөн акча каражатына пландан ашыкча түшкөн 315, 0 сом жана 11462410 (ичүүчү суу катары куюштуруу үчүн арашан жана тузсуз суулар) беренесинен түшкөн 185, 0 миң сомго кошумча план бекитилсин.

2.Бекитилген план Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бөлүнсүн.(тиркеме тиркелет)

3.Токтомдун  аткарылышыны көзөмөлгө  алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

  

 

 

   “Бекитемин”

Кашка-Суу айыл аймактык   кеңешинин төрагасы

____________А.Баатыркулов

_____________2022-жыл  

 

 Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 3 токтомуна тиркеме

 

Аталышы Сумма
1 Мектеп,бала-бакчалардын ар түрдүү чыгымдарына 200 000
2 3-декабрь майыптар күнүнө 43 000
3 Телеком (Кыргыз телеком) 10 000
4 Эл энергиялардын тех условиясына 12 400
5 Ачык-Суу айылдык клубунун ПСД на 50 000
6 Делегаттардын чыгымдарына 10 000
7 Жолбун иттерди атып жок кылууга 60 000
8 Бала бакча, мектеп, айылдарга жаңы жылга 114 600
                                   Жалпы          500 000

 

 

 

Башкы эсепчи                                                                    К.Жалилов

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясынын

Токтому    № 4

                           02-декабрь    2022-жыл                                                                            Кашка-Суу  айылы

 

      Акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндө

                                         Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши

      ТОКТОМ КЫЛАТ

      1.Жергиликтүү мергендерди  карышкыр атуу үчүн ок, дары менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттинин эсебинен    10 000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Бөлүнгөн акча каражатын тиешелүү булактардан камсыз кылуу   жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн  башчысы К.Жалиловко милдеттендирилсин.

3.Токтомдун  аткарылышыны көзөмөлгө  алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

  

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги он экинчи   сессиясынын

Токтому    № 5

                                     02-декабрь    2022-жыл                                                                            Кашка-Суу  айылы

 

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы Ачык-Суу айылдык клубун түрткү берүүчү грантка сунуштоо үчүн 2023-жылдын бюджетинен кароо жөнүндө

   Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

  ТОКТОМ КЫЛАТ

      1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинен Ачык-Суу айылындагы  Ачык-Суу айылдык клубун Республикалык түрткү берүүчү грантка сунуштоо үчүн өздүк салымга 728 147 (жети жүз жыйырма сегиз миң бир жүз кырк жети) сом каралсын..

2.Токтомдун  аткарылышыны көзөмөлгө  алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги он экинчи   сессиясынын

Токтому    № 6

                                  02-декабрь    2022-жыл                                                                            Кашка-Суу  айылы

         Кашка-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-34- беренелерине ылайык, жеригликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин  02.12.2022-жылдыгы № 01-19/825 сунушун угуп жана талкуулап

 Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 ТОКТОМ КЫЛАТ

      1.Кашка-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иштердин, милдеттердин тизмеси № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

  1. Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштаарды уюштуруу жана милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиев камсыз кылсын.

2.Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2-декабрь 2022-жылдагы № 6 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

  

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

 Кашка-Суу айылдык кеңешинин  № 6  2-декабрь  2022-жылдагы

токтомуна  тиркеме

Кашка-Суу   айылдык аймагынын  жергиликтүү маанидеги маселени чечүү  боюнча функциялардын,  кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,  милдеттердин тизмеси

Кызматтын, функциянын,  милдеттин

аталышы

 

Аткаруу үчүн жооптуу  
                                                      Кызматтар

 

 
1.1. Муниципалдык менчикти башкаруу Айыл өкмөт башчысы  
1.2.   Калкты ичүүчү  таза  суу менен камсыз кылуу    
1.3. Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу Айыл өкмөт башчысы  
1.4. Жалпы пайдалануудагы көчөлөргө жарык берүүнү уюштуруу Айыл өкмөт башчысы  
1.5.  Жарандарга жер аянттарын ижарага алуудагы келишимдерин берүү Айыл өкмөт башчысы

 

 
1.6. Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды  камсыз  кылуу Айыл өкмөт башчысы  
1.7. Өзгөчө кырдаалдардын алдын  алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү Айыл өкмөт башчысы  
1.8. Жарандардын социалдык абалы жөнүндө  маалымат берүү Айыл өкмөт башчысы  
2.Функциялар  
2.1. Муниципалдык менчиктин реестрин түзүү Айыл өкмөт башчысы  
2.2. Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына  жана жылдык иш-планга киргизүү Айыл өкмөт башчысы    
2.3. жер аянттарын ижара  акыларын бекитүү Айыл өкмөт башчысы  
3.Милдеттенмелер  
3.1.  Муниципалдык менчиктин реестрин  кайрадан карап чыгуу, түзүү Айыл өкмөт башчысы  
3.2.   Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына  жана жылдык иш-пландарды  кайрадан иштеп  чыгуу Айыл өкмөт башчысы  

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги он экинчи   сессиясынын

Токтому    № 7

                                                     02-декабрь    2022-жыл                                                                            Кашка-Суу  айылы                                                                                                                                                                                                                                                                                                           

“Тиешелүү  аймактын  экономикалык өнүгүүсүн камсыз  кылуу,  ошондой эле  инвестицияларды жана  гранттарды  тартуу”  жаатында  жергиликтүү  маанидеги  маселени  чечүү  боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,    функциялардын жана милдеттердин  тизмесин    бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик  администрация  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары жөнүндөгү”  мыйзамынын  27  жана                34-беренелерине  ылайык,    мал чарбачылыгын  өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү  Кашка-Суу  айыл өкмөтүнүн  башчысы  Г.Мадалиевдин  02.12.2022-жылдагы  № 01-19/825  сунушун  угуп  жана талкуулап

          Кашка-Суу  айылдык кеңеши

  ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн мал  чарбасын өнүктүрүү бөлүгүндө “тиешелүү  аймактын  экономикалык өнүгүүсүн камсыз  кылуу,  ошондой эле  инвестицияларды жана  гранттарды  тартуу”  жаатында  жергиликтүү  маанидеги  маселени  чечүү  боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,    функциялардын жана милдеттердин  тизмеси  № 1-тиркемеге  ылайык  бекитилсин.

2.Бекитилген  функцияларды  аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү,  жумуштарды  уюштуруу  жана  милдеттерди аткаруу  боюнча бул токтомдун  аткарылышын    Кашка-Суу  айыл өкмөтүнүн  башчысы Г.Мадалиев  камсыз  кылсын.

3.Кашка-Суу айылдык кеңешинин  2-декабрь  2022-жылдагы  № 7  токтому  Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай, курулуш,  инвестиция жана  социалдык-экономикалык өнүгүү багыттарын аныктоо боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.

                                                                      

 

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

 

   Кашка-Суу айылдык кеңешинин   2022-жылдын 2-декабрь № 7

токтомуна  тиркеме

“Тиешелүү  аймактын  экономикалык өнүгүүсүн камсыз  кылуу,  ошондой эле  инвестицияларды жана  гранттарды  тартуу”  жаатында  жергиликтүү  маанидеги  маселени  чечүүнүн алкагында мал чарбачылыгын өнүктүрүү   боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,    функциялардын жана милдеттердин  тизмеси

Кызматтын, функциянын,  милдеттин

аталышы

 

Аткаруу үчүн жооптуу
Кызматтар

 

1.1.  Жеке  чарбалардын асыл тукум малдарын асырап багуу үчүн жайларды  берүү Айыл өкмөт башчысы
1.2. Асыл тукум мал чарбасы  менен алектенген жеке чарбаларга ветеринардык  кызмат көрсөтүү Айыл өкмөт башчысы
  Конкурста  жеңип чыккан, асыл тукум малды өстүргөн жеке чарбаларга  20  гектардан  кем эмес өлчөмдө жайыттарды пайдаланууга берүү Айыл өкмөт башчысы

Жайыт комитетинин төрагасы

2.Функциялар
2.1. Асыл тукум малдарды  асырап багуу үчүн жайларды ижарара  алуу  укугуна  тендерди  уюштуруу Айыл өкмөт башчысы
2.2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдун кошумча  тизмесине  чарбаларга акы төлөнүүчү  ветеринардык кызмат көрсөтүүнү  киргизүү Айыл өкмөт башчысы
2.3.  Акы төлөнүүчү  ветеринардык  кызматтардын  прескураттарын  иштеп чыгуу  жана бекитүү Айыл өкмөт башчысы
3.Милдеттенмелер
3.1.  Асыл тукум  малды тийешелүү талаптарга  ылайык  асырап багуу үчүн  мал сарайды  реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо Айыл өкмөт башчысы
3.2.  Мал чарбачылыгы үчүн бөлүнгөн 20 га жайыттын чөптөрун калыбына  келтирүү боюнча  иш-чараларды  жүргүзүү Айыл өкмөт башчысы

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги он экинчи   сессиясынын

Токтому    № 8

                                                                                02-декабрь    2022-жыл                                                                            Кашка-Суу  айылы                                                                                                                                                                                                 

“ Тиричилик  таштандыларды  чогултуу, ташып  чыгарууну  жана  жок  кылууну  уюштуруу”  жаатында  жергиликтүү  маанидеги  маселени  чечүү  боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,    функциялардын жана милдеттердин  тизмесин    бекитүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик  администрация  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдары жөнүндөгү”  мыйзамынын  27  жана 34-беренелерине  ылайык,  тиричилик  таштандыларды  чогултуу, ташып  чыгарууну  жана  жок  кылууну  уюштуруу   боюнча чаралар жөнүндөгү  Кашка-Суу   айыл өкмөтүнүн  башчысы  Г.Мадалиевдин   02.12.2022-жылдагы  № 01-19/825  сунушун  угуп  жана талкуулап

  Кашка-Суу айылдык Кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  “тиричилик  таштандыларды  чогултуу, ташып  чыгарууну  жана  жок  кылууну  уюштуруу” жаатында  жергиликтүү  маанидеги  маселени  чечүү  боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,    функциялардын жана милдеттердин  тизмесин    № 1-тиркемеге  ылайык  бекитилсин.

2.Бекитилген  функцияларды  аткаруу, тейлөөнү уюштуруу,   милдеттерди аткаруу  боюнча бул токтомдун  аткарылышын    Кашка-Суу  айыл өкмөтүнүн  башчысы Г.Мадалиев  камсыз  кылсын.

3.Кашка-Суу айылдык кеңешинин  2-декабрь  2022-жылдагы  № 7 токтому  Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык    жана   маданий    маселелер, коммуналдык    менчик,    маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрь № 8 токтомуна тиркеме

Кашка-Суу  айыл өкмөтүнүн  “тиричилик  таштандыларды  чогултуу, ташып  чыгарууну  жана  жок  кылууну  уюштуруу”

жаатында  жергиликтүү  маанидеги  маселени  чечүү  боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн,  иштердин,  функциялардын жана

милдеттердин  тизмеси

Кызматтын, функциянын,  милдеттин аталышы Аткаруу үчүн жооптуу
1.       Кызматтар
1.1. Жеке жана юридикалык жактар үчүн тиричиликтеги катуу  калдыктарын (ТКК) чыгаруу жана жок  кылуу Айыл өкмөт башчысы
1.2. Курулуш таштандыларын  чыгаруу Айыл өкмөт башчысы
2.Функциялар
2.1. Айыл аймагын социалдык экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда  каттуу  калдыктарды  жыйноо,  ташып чыгаруу  жана жок  кылуу боюнча айыл өкмөттүн  иш аракеттерин  пландаштыруу Айыл өкмөт башчысы
2.2. Юридикалык жана  жеке жактар  үчүн ТКК нын топтоо  нормасын эсептөө Айыл өкмөт башчысы
2.3. Катуу таштандыларды  чогултуу,  ташып чыгаруу жана жок  кылуу үчүн тарифти эсептөө Айыл өкмөт башчысы
2.4. Айыл өкмөттүн жылдык иш планында катуу калдыктарды  чогултуу жана  ташып чыгарууну  пландашт Айыл өкмөт башчысы
2.5. Таштанды жайда  катуу  таштандыларды жок  кылуу боюнча  иштерди  пландаштыруу Айыл өкмөт башчысы
2.6. ТКК ны  ташып чыгаруу жана жок  кылуу боюнча тарифтерди төлөө үчүн жарандардын жеңилдетилген категорияларын аныктоо Айыл өкмөт башчысы
2.7. ТКК ны алгачкы чогултуу  жана сактоо боюнча контейнердик  аянтчаларды  жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү Айыл өкмөт башчысы
2.8. ТКК ны чогултуу үчүн жайларды жайгаштыруунун технологиялык картасын иштеп чыгуу  жана бекитүү Айыл өкмөт башчысы
2.9. ТКК ны алгачкы чогултуу жана жок кылуу боюнча  кызмат көрсөтүүнү  тандоо/дайындоо Айыл өкмөт башчысы
2.10. Юридикалык жана жеке жактарга көрктөндүрүү эрежелери жөнүндө маалымат берүү Айыл өкмөт башчысы
3.Милдеттенмелер
3.1. ТКК ны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдууларды  сатып алуу Айыл өкмөт башчысы
3.2. Жарандардын  аярлуу топторуна субсидияларды төлөө Айыл өкмөт башчысы

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги он экинчи   сессиясынын

Токтому    № 9

                                  02-декабрь    2022-жыл                                                                            Кашка-Суу  айылы

Жер аянтын убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

    Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

  ТОКТОМ КЫЛАТ

      1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылына караштуу Кара-Жылга жайлоосуна Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн туризм тармагын өнүктүрүү максатында этно борбор уюштуруу үчүн 0,10 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

  

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги он экинчи   сессиясынын

Токтому    № 10

                                                      02-декабрь    2022-жыл                                                                            Кашка-Суу  айылы

АКИА нын  (айылдык коомчулуктун   инвестициялык   ассоциациясынын) Уставын бекитип берүү жөнүндө

           

            Ош областынын Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын ( АКИА нын) Уставын каттоодон өткөрүү жана ассоциациянын иштөө аймагын аныктап, бекитип берүү жөнүндө АКИА нын аткаруу комитетинин төрагасынын  билдирүүсүн угуп, АКИА нын Уставы менен таанышып жана талкуулап

     Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 ТОКТОМ КЫЛАТ

      1.Ош областынын Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын 2022-жылдын 15-октябрындагы конференциясынын № 1 протоколу менен бекитилген Уставы Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши тарабынан каттоодон өткөрүлсүн.

  1. Ош областынын Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык аймагынын территориясы Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА нын ) иштөө аймагы катары бекитилип, АКИА га Кашка-Суу айыл аймагынын чегинде иш алып баруу милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин регламентине ылайык Юстиция министрлигинин ченемдик-укуктук актыларды каттоо реестринен каттоодон өткөрүү Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.

4.Кашка-Суу айылдык аймагында Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын (АКИА нын ) аткаруу комитетинин иш-аракеттерине жакындан жардам берүү, тыгыз иш алып баруу жана көмөк көрсөтүү айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.

  

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги он экинчи   сессиясынын

Токтому    № 11

                                                                                          02-декабрь    2022-жыл                                                                            Кашка-Суу  айылы                                                                                                                                                                                                 

“Айыл аймактардын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты  сактоо”  боюнча  эрежелерди   бекитүү жөнүндө

“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүңдө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндөгү Кашка-Суу  айыл өкмөтүнүн  башчысы  Г.Мадалиевдин  02.12.2022-жылдагы  № 01-19/825  сунушун  угуп  жана талкуулап

Кашка-Суу  айылдык Кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелери № 1-тиркемеге  ылайык  бекитилсин.

2.Кашка-Суу айылдык кеңешинин  2-декабрь  2022-жылдагы  № 11  токтому         Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык    жана   маданий    маселелер, коммуналдык    менчик,    маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

 

 

 Кашка-Суу айылдык кенешинин 2022-жылдын 2-декабрь № 11  токтомуна тиркеме

Кашка-Суу айыл кмөтүнүн «айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча»

Эрежеси

 

1.Жалпы жоболор

  1. Айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жонундө кодексине. «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө». «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына. «Улуттук тазалык күнү жана 2023 2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетуу боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентини 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйренү коргоонун абалына талаштарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
  2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул эрежелерде белгиленген корктондуруу маселелери менен ба жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
  4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы оз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.
  5. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
  6. Ушул Жоболо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

Абонент- тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө  милдеттүү  жеке же юридикалык жак,

      Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү – калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;

КТТК чыгаруу— атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди тогулгон таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү:

Газон-жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;

       Бекитилген аймак-юридикалык же жеке жактардын менчигинде ижарасында же пайдалануусунда имараттар,  уй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак

Жашылдандырылган жерлер— жасалма түрүндө  жана табигый өсүп  чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү:

Ири көлөмдүү таштандылар— Керектееден чыккан жана көлөмүнүн чондугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);

Контейнер аянтчасы— өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;

Таштанды — ар калктар, анын ичинде катуу турмуш- тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө  жана өндүрүш калдыктары:

      Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар— чектелген аянтта көлөмү  30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо;

Парк — эс алууга жана конул ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;

Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (Кызмат корсотуучу) -катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, ташын чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитарлык тазалоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.

      Курчап турган айланадагы аймак— юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин. имараттын, чарбалык курулуштун жана башка обьекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш. ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;

Коомдук келишим (ушул Эрежелер учун) кызмат корсотуучу менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;

Коомдук сунуш/оферта (ушул эрежелер үчүн) — кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу,  андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат:

Аймакты санитардык жактан тазалоо- аймакты тазалоо.көчөдөгү  таштандыларды, калдыктарды чогултуу

       Көчөдөгү  таштандылар— жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (кече таштандылары), алар грунт, кум-таш топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар. өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек. Чүпүрөк , металл жана башка материалдардан турат.

Катуу турмуш-тиричилик калдыктары (мындан ары — КТТК)- адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда уй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.

 

  • 3. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу

 

  1. Жеке турак жайларда жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдердин негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.

7.Тургундар айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.

  1. Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет.
  2. Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.
  3. Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт.

— жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары -кызмат көрсөтүүчүгө;

— ижарадагы ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча   мекеме-уюмдарда, ишканаларда жана башка чарба жүргүзүүчү субьекттерде. физикалык жана юридикалык тараптарда болот,

  1. Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик жеке жана юридикалык жактарга жүктөлөт.
  2. Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
  3. Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып же кетишине. контейнерлердеги таштандыларды орттоого жол берилбейт.
  4. Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар, же контейнерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, айыл башчылары, көчө башчылары жана катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
  5. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
  6. Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
  7. Абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарлы гашып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кенеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
  8. Юридикалык жана жеке жактар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүлөр үчүн төлөмдөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык оз убагында жана толук коломдо толоого милдеттүү.

 

  1. 27-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
  2. Көлөмдүү таштандыларды, калдыктарды чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
  3. Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) ондоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын алып чыгууга милдеттүү.
  4. Кочолорго, базарларга  жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.
  5. Калк массалык турдо баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот.
  6. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
  7. Коншу аймакка жана башка коомдук жайларга таштанды челектер жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же катуу турмуш- тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат корсотүүчүнүн бюджетинин эсебинен орнотулат.
  8. Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо жергиликтуу өз алдынча башкаруу органы же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген меенеттерде аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
  9. Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
  • 4. Санитардык тейлоо жана аймакты тазалоону уюштуруу
  1. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлее кышында таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону. карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында жолдун беттерин, тротуарларды, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
  2. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субьекттердин менчик ээлери. турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгө милдеттүү.
  3. Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
  4. Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.
  5. Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону кутууну камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:

-узундугу боюнча имараттарга, уй чарбаларына же участокторго жанаша турган буткул аймак боюнча

-туурасы боюнча жолдун же сквердин жүрүүчү бөлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бөлүктүн туурасын бойлой —

  1. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлоо үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жуктолот. Бул учурда жоопкерчилик чойролорунун чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
  2. Кызмат көрсөтүүчү жолдордун бөлүктөрүн, көчөлөрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт. 35. Кызмат көрсөтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлоону камсыз кылат. 36. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы кочодогу убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, курколор ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт.
  3. Узак пайдаланылбай жаткан жана оздоштурулбогон аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген пайдалануучуларга же жер ээлерине жуктолот.
  4. Коп кабаттуу уйлордун чектеш аймактарынын тазалыгы учун турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.
  5. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтоп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына төгүүгө тыюу салынат.
  • 5. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу38. Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөттөрүнүн бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө , ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
  1. Шаар/айыл аймактарында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
  2. Ишканалардын чарбалардын ички жана жеке аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөнгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.
  3. Газондорго, гулзарларга, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тарытуучу түтүктөрдү төшөөгө тыюу салынат.
  • 6. Жашылдандыруу
  1. 44. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:

-бак-дарактарды отургузуу.

-бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер — жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу,  чөптөрдү  тазалоо. өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү koproo (бардык тиешелүү  жумуштарды аткаруу менен) жер семирткичтерди,  таштандыларды жүктөө жана түшүрүү, куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар.

-газонду  багуу боюнча жумуштар тырмоо, жумшартуу,  жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чөптөрдү  тазалоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы өсүмдүктөрдү кыюу, чөптөрдү чабуу.

— айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу.

  1. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:

Жалпы пайдалануудагы аймактарда,   кечелерде жергиликтүү өз алдынча органы аныктаган тиешелуу башкаруу кызматтарды/иштерди аткаруучуга;

—   турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине,

  1. Жашыл аянттардын бардык түрлөрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
  2. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртен менен саат 8.00-9.00дөн кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00ден кийин жүргүзүлөт.
  3. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчаларлын таажысын оз убагында кыркууну камсыз кылат.
  4. Таажыны санитарлык кыркуу иштерине — эскирген. илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлөт.
  5. Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу- таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө көчөлөрдү жана электр чубалгыларын кысылуусун алдын алуу  максатында жүргүзүлөт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чандашып (ширелерин болуп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбөйт.
  6. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш Материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларлы төшеөлөн, жолдорду, өтмөлөрдү, тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
  7. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.). жаракалары бар, ошондой эле Зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
  8. Айыл аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзө т жана коргоого алынат.
  9. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет. жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:

-иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чоптордон коргоону

-камсыз кылууга;

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 1

18-январь  2023-жыл                                                               Кашка-Суу айылы

                                                                              Депутаттарды сессияга чакыруу  жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи  сессиясын өткөрүү үчүн 2023-жылдын 18-январь  күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:

  ТОКТОМ КЫЛАТ

     1.Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  биринчи сессиясын өткөрүү үчүн  2023-жылдын 18-январь  күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  чакырылсын.

  1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага  жана айыл башчыларына   милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

  

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

 

 

Кашка-Суу   айыл аймактык  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясынын

Токтому    № 2

                                                                                     18-январь  2023-жыл                                                                                Кашка-Суу айылы

Кашка-Суу айылдык аймагынын 2023-жылга  жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши төмөнкүдөй

   ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү  бюджети кирешелер боюнча 35 745,3 (отуз беш миллион жети жүз кырк беш мин үч жүз) сом суммасында жана чыгашалар боюнча 35 745,3 (отуз беш миллион жети жүз кырк беш мин үч жүз) сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2.Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр,                           дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.

3.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аппаратына 23 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 2 штат.

  1. Кашка-Суу айылдык кенешине 1 штаттык бирдик каралсын (айылдык кеңешинин жооптуу катчысы).
  2. Клубдарга 15 штаттык бирдик каралсын, анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 5 штат.
  3. Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.
  4. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2023-жылдын 18-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                             А.Баатыркулов

 

 

                   «Макулдашылды»              «Бекитемин»
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Кашка-Суу айылдык кенешинин төрагасы
_______________________________Г. Мадалиев ________________ А. Баатыркулов
«_____»_____________________2023-жыл «_____»______________2023-жыл
                 Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша
бөлүгүнүн  долбоору.
К/№                              Чыгашанын аталышы раздель статья Сумма
(сом)
    Жалпы багыттагы  мамлекеттик кызматтар 701    
     Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу  органдар 7011    
1 Аппарат кызматкерлеринин эмгек акысы   2111 15209,0
2 Соц.фондко чегеруу 17,25%   2121 2050,3
3 Сапар чыгымы учун   2211 350,0
4 Связь учун   2212 48,0
5 Транспорт чыгымы   2214 100,3
6 Келишим менен иштеген от жагар, иш кагазд.жург, оператор. Регстратор, тазалоочунун айлыгы   2215 390,0
7 1с программасы, компьютерлерди ремонттоо жана анти вирус   2215 100,0
8 учурдагы ондоп тузоо   2221 200,0
9 Ар турдуу чыгымдарга (канц.товар, хоз.товар, электро товар)   2222 60,0
10 Комур   2224 0,0
11 Резервтик фонд   2824 357,4
12 Башка эмеректи жана жабдууларды сатып алуу   3112 0,0
  Бардыгы аппарат боюнча     18865,0
       Жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иш чаралар 7022    
1 Озгочо кырдаал болгон учурда ГСМ алуу   2214 50,0
2 Озгочо кырдаал болгон учурда тамак-аш азыктарын алуу   2218 30,0
3 Озгочо кырдаал болгон учурда учурдагы керектелуучу матриалдарды алуу   2221 0,0
4 Озгочо кырдаал болгон учурда ар турдуу материалдарды алуу   2222 20,0
  Жалпы:     100,0
       Башка категорияларга таандык кылынбаган экономикалык маселелер 7022    
1 Жайыттан тушкон акча каражаты (жайыт комитетине кайтаруу)   2215 793,2
  Жалпы:     793,2
   Турак жай жана коммуналдык кызмат кърсът\\лър 706    
       Башка турак жай жана коммуналдык кызмат кърсът\\лър 70629    
1 Горумду, Сары-Могол, Газ, Жайылма, Кызыл-Ункур, Ачык-Суу  каналдарын тазалоо   2214 1000,0
2 Ар турдуу чыгымдарга, Тех надзордун эмгек акысы, мекемелердин документтери үчүн, ПСДларга   2215 526,0
3 каналдардын учурдагы ондоо иштерине материал алуу.   2221 100,0
4 каналдар учун цемент, арматура алуу.   2223 481,0
5       0,0
  Жалпы:     2107,0
  Эс алуу , маданият жана дин 708    
  Маданият боюнча башка иш чаралар 70825    
1 авган согушунун катышуучуларына майрамдык тартуулоо   2215 10,0
2 Жылдык мыкты мугалими конкурсуна   2215 10,0
3 Нооруз майрамына   2215 45,0
4 Баатыр энелерди сыйлоо   2215 7,0
5 9-май жениш майрамына   2215 10,0
6 Жаны жыл майрамына   2215 38,0
  Жалпы:     120,0
  Китепканалар 70821    
1 Эмгек акы   2111 1410,9
2 Соц. Фонд 17,25%   2121 243,4
3 Сапар чыгымы учун   2211 50,0
  Жалпы:     1704,3
  Клуб 70823    
1 Эмгек акы   2111 4699,7
2 Соц. Фонд 17,25%   2121 810,7
3 Ачык-Суу айылдык клубун капиталдык ондоодон откоруу учун   31113390 728,2
  Жалпы:     6238,6
  Билим бер\\      
  Билим беруу  орто мектептер 70921    
1 Кичи Жайылма окуучуларына бензин учун   2214 100,0
2 тех паспорт, гос акт алуу ж.б документтерине   2215 100,0
3 Мектептердин залалсызданлыруу жана антисептикалык каражаттарына   2217 150,0
4 Балдар бакчаларынын катардагы ремонтуна   2221 200,0
5 Ар турдуу чыгымдарга (хоз. товар, электро товар).   2222 250,0
6 Комур   2224 300,0
  Жалпы мектеп боюнча:     1100,0
                                     Бала бакчалар 7091    
1 Сапар чыгымына   2211 150,0
2 Связь учун   2212 84,0
3 тех паспорт, гос акт алуу ж.б документтерине жана дезинфекция иштери учун   2215 92,2
4 Балдар бакчаларына дары дармек сатып алуу   2217 150,0
5 Балдардын тамак-ашына   2218 2500,0
6 Балдар бакчаларынын катардагы ремонтуна   2221 200,0
7 Ар турдуу чыгымдарга (хоз. товар, электро товар).   2222 250,0
8 Комур   2224 0,0
  Жалпы:     3426,2
Башка категорияларга таандык болбогон социалдык жайсыздык маселеси
1 ден соолугуна жана аз камсыз болгон жарандарга жардам беруу   2215 100
  Жалпы:     100
  Бардыгы:     34554,3
Атайын каражаттар
    Жалпы багыттагы  мамлекеттик кызматтар 701    
     Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу  органдар 7011    
1 канц.товар учун 701 2222 39,0
                                     Бала бакчалар боюнча      
  Балдардын тамак-ашына 709 2218 1152,0
  Бардыгы атайын каражаттар     1191,0
  ЖАЛПЫ БЮДЖЕТ 2022-ЖЫЛ     35745,3
ФЭБ башысы К. Жалилов

 

 

 

 

 

 

 

  

Кашка-Суу   айыл аймактык  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясынын

Токтому    № 3

  18-январь  2023-жыл                                                                                Кашка-Суу айылы

                                                                            

         Келишимдин негизинде Кашка-Суу айыл өкмөтүндө эмгектенген  тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө

      Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловтун тейлөөчү кызматкерлердин  эмгек акысын бекитип берүү жөнүндөгү  сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши 

                                                         

 ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүндө эмгектенген тейлөөчү кызматкерлердин   (1 тазалоочу,    2 от жагар)  эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен ай сайын      15 000 (он беш) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.Эмгек акысын келишимдин негизинде төлөп берүү айыл өкмөттүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловко жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                               А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

         

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 4

                                                                                      18-январь   2023-жыл                                                                   Кашка-Суу айылы                                                                                                                                                                      

Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу   “Сары-Могол” каналын   Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы  Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айыл аймагындагы 1974-жылы  курулган Сары-Могол каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна  өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги отуруму угуп, талкуулап

         

 Токтом кылат

 1.Кашка-Суу айыл аймагындагы 1974-жылы курулган  узундугу 23 км  400 м   1397 га жерди ээлеген  Сары-Могол каналы  учурда колдонууга мүмкүн болбой калгандыктан Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Мамлекеттик Мүлк фондусуна каттатып, Суу ресурстар мамлекеттик  мекемесинин карамагына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                         А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 5

18-январь   2023-жыл                                                                   Кашка-Суу айылы

Кашка-Суу айыл аймагына караштуу  “Кара-Кабак” сайынан шагыл алып иштетүү үчүн  жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 Токтом кылат

 1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “ Кара-Кабак”      сайынан шагыл алып иштетүү үчүн 0,50 га жер аянтын  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык   бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

      2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана   жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                         А.Баатыркулов

  

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 6

18-январь   2023-жыл                                                                   Кашка-Суу айылы

Таштанды таштоочу жай катары пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 Токтом кылат

        1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу  “Тескей” участкасынын  №14 контурундагы Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 31.12.2022-жылдагы №01-12/2 сандуу токтому менен “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулган           1,0 га жер аянтын таштанды таштоочу жай катары пайдаланууга макулдук берилсин.

2.Жер аянтын таштанды таштоочу жер катары  иштетүүдө таштанды таштоочу жай тосмолонуп, санитардык зоналарды эске алуу менен санитардык талаптарга ылайык иштетүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге жүктөлсүн.

        3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                         А.Баатыркулов

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 7

18-январь   2023-жыл                                                                    Кашка-Суу айылы

                                                                                   Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө                                                  

Кыргыз Республикасын  Салык Кодексинин 339- статьясынын 4- беренесине ылайык аймактагы айыл чарба багытындагы  эмес жер аянттарын коэфициенттерин  өлчөмүн  бекитүү жөнүндө  айыл  өкмөтүнүн  финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.А. Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап   Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

      ТОКТОМ КЫЛАТ :

  1. Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 339- статьясынын 1- пунктунда белгиленген  жердин ставкасы   таблицанын негизинде жашаган   санына   карата  1,6  сом- м2  өлчөмүндө бекитилсин.

2.Кыргыз Республикасын  Салык Кодексинин 339- статьясынын 4- беренесинде белгиленген  айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө КЗ-зоналдык коэфициент 1,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.Кыргыз Республикасын  Салык Кодексинин 339- статьясынын 6- беренесинде белгиленген  айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө КК- коммерциялык коэфициенттин өлчөмү  төмөндөгү  таблицанын негизинде бекитилсин .

АЯНТ М2 10м2 чейин 10-20м2 20-35м2 35-50м2 50 андан жогору м2
ККнын негизи сом менен 22,5 16,5 10,5 7,5 6

жана АЗСтер үчүн  10 сом м2, техникаларды оңдоочу  жайлар үчүн  м2- 0,2 жана тоо кен

иштеткен ишканалардын имараттары жана  сооружениялери  үчүн  м2 0,3 сомго бекитилсин.

  1. Кыргыз Республикасын Салык Кодексинин 339- статьясынын 5- пункутуна ылайык аймакта  калк жашаган конуштардын эшик алды жер аянттарынан, жашап жаткан менчик үйлөрүнүн  бөлүгүн же үйлөрүн  пайдаланган учурда айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарына салык эсептөөдө  КК- коммерциялык коэфициент  1,0   өлчөмүндө  бекитилсин.

5.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу коммисияна тапшырылсын.

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                                           А.Баатыркулов

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 8

18-январь   2023-жыл                                                                                Кашка-Суу айылы

                                                                                                          

   Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасын  Салык Кодексинин 337- статьясынын негизинде юридикалык жактардын (үлүш) жер  аянттарын базалык ставкасын  өлчөмдөрүн  бекитүү  жөнүндө  айыл  өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн  башчысы К.А. Жалиловдун билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VII  чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

  ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337- статьясынын негизинде  аймактагы юридикалык  жактардын (улуш) жер аянттарынын аймактын татаал климаттык шартына байланыштуу жана топурактын асылдуулугун эске алуу менен 1 га жер аянтына төмөндөгүдөй базалык ставкалардын  өлчөмү   бекитилсин.

  • Кашка-Суу айылы   -83 сом
  • Ачык-Суу айылы -85 сом
  • Кабык айылы -65 сом
  • Кара-Кабак айылы -87 сом
  • Жайылма айылы — 83 сом
  • Бурган-Суу айылы — 83 сом

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                              А.Баатыркулов

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 9

18-январь   2023-жыл                                                                                Кашка-Суу айылы

 

             Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

            Аймактагы  калктуу конуштарда жашаган айыл тургундарынан таштанды жыйындарынын  өлчөмүн бекитүү жөнүндө  айыл  өкмөтүнүн  финансы- экономика бөлүмүнүн  башчысы  К.А.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин  VII  чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ

   1.Аймактагы  калктуу конуштарда жашаган айыл тургундарынан таштанды жыйындарынын  өлчөмү  40 сомго бекитилсин.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу коммисияна тапшырылсын.

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                              А.Баатыркулов

 

 

 

  

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 10

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

              Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын  Салык кодексинин 337-статьясына ылайык аймактагы  айылдарда жашаган  жаш курагы жана 4 баладан жогору балдары бар, улуусу 16 жашка чейинки жаш балдары бар үй бүлөлөргө жеңилдик  берүү жөнүндө айылдык аймагынын  финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги биринчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кыргыз  Республикасынын  Салык кодексинин 343- статьясынын негизинде 81,86 га жер аянттан 85,860 сом  өлчөмдө эшик алды салык төлөмүн  жаш курагы боюнча  жана 4- жаштан жогору көп балдары  бар,улуусу 16 жашка чейинки үй бүлөлөргө жеңилдик берилсин.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу коммисияна тапшырылсын.

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                              А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 11

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

 

               Салык өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-статьясынын 8-пунктуна ылайык мүлк салыгы боюнча зоналдык коэффицентти аныктоо боюнча Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн           финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап  Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ

        1.Мүлк салыгынын зоноалдык коеффиценти  К 3-1,2  өлчөмүндө бекитилсин.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу коммисияна тапшырылсын.

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                              А.Баатыркулов

 

 

 

  

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 12

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

           Келишимдин негизинде иш кагаздарын жүргүзүү үчүн бир штат бирдигин алууга макулдук берүү жана эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө.

          Коомдук кабылдаманын иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү үчүн келишимдин негизинде бир штат бирдигин алуу жана эмгек акысын бекитип берүү жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн  жооптуу катчысы А.Кудайбергенованын билдирүүсүн угуп, талкуулап    Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ.

  1. Коомдук кабылдаманын иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү үчүн келишимдин негизинде бир штат бирдигин алууга макулдук берилсин.

2.Эмгек акысы жергиликтүү бюджеттин эсебинен  ай сайын 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.Эмгек акысын келишимдин негизинде төлөп берүү айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловко жүктөлсүн.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу комисcияcына тапшырылсын.

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                              А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 13

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

       Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу обьектилердин 2023-жылдагы  электр энергиясына  болгон лимитти бекитүү  жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу обьектилердин 2023-жылдагы электр  энергиясына  каралган лимит 900,9 миң кВт бекитилсин.
  2. Тийиштүү документтерин бүтүрүү жана аткарылышын көзөмөлгө  алуу жагы     финансы- экономика  бөлүмүнүн башчысы  К.Жалиловко  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу коммисиясына  тапшырылсын.

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                              А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 14

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

                                                                                              

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылындагы айылдык китепкананын 1(бир) кызматкерин кыскартуу жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджети тартыш болгондугуна байланыштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  караштуу Кашка-Суу айылындагы айылдык китепкананын  1 (бир) кызматкерин (тазалоочусун)  кыскартуу жөнүндө         Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылындагы айылдык китепкананын кызматкери (тазалоочусу) кыскартылсын.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу коммисиясына тапшырылсын.

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                              А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык аймактык  кеңешинин    VII  чакырылышынын кезектеги   биринчи  сессиясынын

Токтому    № 15

18-январь    2023-жыл                                                                                Кашка-Суу айылы

                                                                                

Жайыт комитетинин 2023-жылга бюджетин киреше чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймагынын  Жайыт  комитетинин төрагасы  Р.Бакировдун   2023-жылга карата Жайыт комитетинин бюджеттин долбоору  жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин  VII чакырылышынын кезектеги  биринчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Жайыт комитетинин 2023- жылга карата киреше бөлүгү  1 765 000  сом.

-Бодо малдын жалпы  саны  3891 баш, ал эми  бир башка  баасы 75 сом, жалпы суммасы 315 150 сом.

-Кой,эчки жалпы 21600 баш,ал эми бир башка 15 сом, жалпы суммасы 324 000 сом.

— Жылкы   670 баш, бир башка  105 сом, жалпы суммасы  70 350 сом.

-Башка райондордон келген койлор  10 000 баш, бир башка 100 сом жалпы суммасы 1000 000 сом.

2.Жайыт комитетинин 2023-жылга карата чыгаша  бөлүгү  1 765 000  сом

— Эмгек акы   жалпы  823 040 сом

— Социалдык чегерүү  жалпы 264 870 сом

— Сапар чыгымдары жалпы  40 000  сом

— 2023-жылга транспорт чыгымы 40 000 сом

— Ар түрдүү  чыгымдарга 20000 сом

— Чабандарды окутууга-10000 сом.

— Инфраструктура (курулмалар)- 547 090 сом.

-Жайыттарга мониторинг жүргүзүү – 20000сом

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                              А.Баатыркулов

 

 

                  “Макулдашылды”                                                                       “Бекитемин”

  Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы                                Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин

____________Г.Мадалиев                                                           төрагасы__________А.Баатыркулов        

“_____” __________2023-жыл                                                    “_____”_________2023-жыл

 

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2023-жылга түзүлгөн бюджети.

Малдын түрү Саны Кайра эсептөө коэффиценти Мал бирдиги
1 Бодо мал уйлар 2990 1 2990
2 Бодо мал топоздор 810 1 810
3 Жаш бодо мал 130 0,7 91
4 Кой, эчки 21 600 0,2 4320
5 Жылкы, эшек 670 1 670
6 Төө
  Бардыгы 26 200 8881

 

 

Малдын түрү Шарттуу саны Пландоо бюджети Жайыт пайдалануу
1 Шарттуу мал 8881 79 709 500

 

Малдын түрү Саны Жайыт пайдалануу үчүн акы Мал бирдиги
1 Бодо мал уйлар 2990 75 224 250
2 Бодо мал топоздор 810 105 85 050
3 Жаш бодо мал 130 45       5850
4 Кой, эчки 21 600 15 324 000
5 Жылкы, эшек 670 105 70 350
6 Төө
7 Башка райондон келген малдар 10 000 100 1 000 000
8 Мегаком компаниясы      3500 12 42 000
9 Жайыт ижара 30,0 га 450 13 500
  Бардыгы   1 765 000

 

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы                         Р.Бакиров

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 16

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

 

      Ижарага берилген кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин баштапкы баасын аныктоо жөнүндө

       Кашка-Суу айыл өкмөтү   Г.Мадалиевдин   Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион жана конкурс жолу менен ижарага берүүдөгү баштапкы баасын аныктоо жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап

  Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

      ТОКТОМ КЫЛАТ

      1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион жана конкурс жолу менен ижарага берүүдө  1 га жер аянтынын баштапкы баасы              200 ( эки жүз) сом деп белгиленсин.

2.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча  туруктуу коммисиясына  тапшырылсын.

 

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы                              А.Баатыркулов

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 17

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

                       

        Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу   Ачык-Суу айылындагы “Така” каналын   Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы  Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу  Ачык-Суу айылындагы  1982-жылы  курулган “Така” каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна  өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун  Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги отуруму угуп, талкуулап

                                         Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

     Токтом кылат

        1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы  1982-жылы курулган  узундугу 3 км  570 м  аралыкта жайгашкан “Така” каналы    учурда колдонууга мүмкүн болбой калгандыктан Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Мамлекеттик Мүлк фондусуна каттатып, Суу ресурстар мамлекеттик  мекемесинин карамагына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

         3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                         А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 18

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

                       

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  караштуу  Ачык-Суу айылындагы Ачык-Суу  каналын  Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы  Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы  1980-жылы  курулган Ачык-Суу  каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна  өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги отуруму угуп, талкуулап

           Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 Токтом кылат

       1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы  1980-жылы курулган  узундугу 7 км 900 м аралыкта жайгашкан  Ачык-Суу  каналы учурда колдонууга мүмкүн болбой калгандыктан Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Мамлекеттик Мүлк фондусуна каттатып, Суу ресурстар мамлекеттик  мекемесинин карамагына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

     3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айыл аймактык                                            

кеңешинин төрагасы                                                                  А.Баатыркулов                   

 

 

                                                                                          

 

  

     Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 19

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

                       

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  караштуу Ачык-Суу айылындагы    “Кайырма” каналын   Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы  Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы  1982-жылы  курулган “Кайырма” каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна  өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги отуруму угуп, талкуулап

           Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 Токтом кылат

 1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы  1982-жылы курулган  узундугу 3 км  101 м аралыкта жайгашкан “Кайырма” каналы     учурда колдонууга мүмкүн болбой калгандыктан Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Мамлекеттик Мүлк фондусуна каттатып, Суу ресурстар мамлекеттик  мекемесинин карамагына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                         А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

     Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 20

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

                       

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  караштуу Ачык-Суу айылындагы    “№25” каналын   Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы  Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы  1985-жылы  курулган “№25” каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна  өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги отуруму угуп, талкуулап

                                                               Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

  Токтом кылат

       1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ачык-Суу айылындагы  1985-жылы курулган  узундугу 2км  200 м аралыкта жайгашкан “№25” каналы  учурда колдонууга мүмкүн болбой калгандыктан Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Мамлекеттик Мүлк фондусуна каттатып, Суу ресурстар мамлекеттик  мекемесинин карамагына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

      3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                         А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 21

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

                       

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  караштуу Кабык  айылындагы    “Кызыл-Үңкүр” каналын   Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы  Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кабык айылындагы  1982-жылы  курулгаызыл-Үңкүр” каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна  өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги отуруму угуп, талкуулап

          

Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

  Токтом кылат

       1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кабык  айылындагы  1982-жылы курулган  узундугу 4 км  300 м аралыкта жайгашкан “№25” каналы  учурда колдонууга мүмкүн болбой калгандыктан Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Мамлекеттик Мүлк фондусуна каттатып, Суу ресурстар мамлекеттик  мекемесинин карамагына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

      3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                         А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 22

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

                       

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  караштуу Бурган-Суу айылындагы    “Тели-Кум” каналын   Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы  Г.Мадалиевдин Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу  айылындагы  1985-жылы  курулган “Тели-Кум” каналын Мамлекеттик Мүлк фондуна  өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги отуруму угуп, талкуулап

           

                                                           Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

   Токтом кылат

        1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Бурган-Суу   айылындагы  1985-жылы курулган  узундугу 5 км аралыкта жайгашкан  “Тели-Кум” каналы  учурда колдонууга мүмкүн болбой калгандыктан Мамлекеттик Мүлк фондуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Мамлекеттик Мүлк фондусуна каттатып, Суу ресурстар мамлекеттик  мекемесинин карамагына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

      3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                         А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 23

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

                                                            Туристтик маалымат борборун курууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кашка-Суу айылына туристтик маалымат борборун куруу жөнүндө Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы:

 Токтом кылат

       1.Сары-Таш-Кара-Мык автожолунун  түштүк тарабынан Кашка-Суу дарыясынын  чыгыш тарабынан 0,60 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер аянтынын багытын (категориясын) өзгөртүү менен болүп берүүгө макулдук берилсин.

          2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                         А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 25

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

Кашка-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө

           Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 12-декабрындагы  № 279  буйругу менен бекитилген Типтүү Уставдын  негизинде  Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин  VIII  чакырылышынын  кезектеги биринчи сессиясы:

           

 Токтом кылат

 

1.Кашка-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын             ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин                жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                         А.Баатыркулов

 

 

 

Кашка-Суу айылдык кеңешинин  “__”______2023-ж. №___ токтомуна 1-тиркеме

 

                 Кашка-Суу айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын  уставы

 

Биз, Кашка-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда  жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен ата-бабабыздын “Ырыс алды ынтымак”, “ Көп түкүрсө көл” деген накыл кептерин туу тутуп өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, адеп-ахлакты тазартууну жана чыңдоону, айыл аймагыбызды өнүктүрүүнү максат кылып жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
  • Жергиликтүү маанидеги маселелер
  1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
  2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
  3. Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн тартиби
  • Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык – чарбалык негиздери
  • Корутунду жоболор

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Жалпы жоболор

1.1. Айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы — жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушунун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.

1.2. Ушул Устав айыл аймагында колдонулат жана өзүнүн уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын  бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.

  1. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:

администрациялык-аймактык бирдик — бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар;

жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү шаардын же айылдык аймактын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;

жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, шаардын же айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;

өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;

демилгечи топ – ушул Уставга ылайык шаардык же айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү, шаардын же айыл аймагынын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн шаарда же айыл аймагында жашаган 5-7 жарандардын курамындагы ыктыярдуу бирикме;

(Демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыктыяры боюнча белгиленет);

жергиликтүү курултай (жергиликтүү жамааттын курултайы) – айыл аймагында (шаарда) жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо, коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштамаларды берүү максатында өткөрүлүүчү айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;

муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;

жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;

жарандардын чогулушу (жыйыны) – жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамдарынын иши жөнүндө калкка маалымат берүү үчүн колдонулуучу бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын же шаардын аймагында жашаган жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга түздөн-түз катышуусунун формасы.

коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга,  оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;

жамаатын муктаждыгын чогуу иликтөө – маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу;

каада-салт – кандайдыр бир элдин турмуш тиричиликтеги, үй-бүлөдөгү жүрүм-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахла, каада-жөрөлгө, жол-жоболордун жыйындысы. Каада-салттарды жана үрп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт.

салт — жалпы элдик мүнөздөгү менталдык эрежелердин системасы, ал өзүнө нарк, каада, элдик үрп-адаттарды камтыйт жана ырым-жырымдар менен коштолуп турат.

эреже – бул ишмердүүлүктүн кандайдыр-бир түрүн жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоочу процедуралык эрежелерди белгилеген ченемдик укуктук актынын формасы.

 

  1. Айылдык аймактын территориясы

3.1. Айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.

3.2. Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт: — Кашка-Суу айылы; — Ачык-Суу айылы; — Кабык айылы; — Жайылма айылы; — Кичи Жайылма айылы; — Кара-Кабак айылы; — Бурган-Суу айылы.

 

  1. Айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын статусу, укуктары жана милдеттери

4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен,   айылдык аймакта туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары   айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.

4.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги субъектиси жана объектиси болуп саналат.

4.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишмердүүлүгүнүн бардык негизги маселелерин жергиликтүү жамаат менен макулдашып чечишет, өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жамааттын алдында отчет беришет. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы талаш-тартыштарды чечет.

4.4. Жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнүн деңгээлине төмөндөгү белгилердин (прецеденттик мүнөздөмөлөрдүн) негизинде баа берсе болот:

— коомдук өз ара аракеттенүү, коңшулук мамилелер, жүрүм-турумдун жалпы эрежелери жана нормалары;

— чарбалык муктаждык (көпүрө куруу, эс алуу, билим берүү жайларын ремонттоо жана башка) келип чыккандагы жашоочулардын биримдиги;

— жан-дүйнө жана маданий керектөөлөрүн чечүүдө жашоочулардын биримдиги; — жашаган жерин көрктөндүрүүдө жашоочулардын биримдиги;

— коллективдүү жана жеке укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоодогу биримдик; — аймактык коомдук башкаруунун (TOC) болушу жана активдүүлүгү;

— жарандардын өз ара салык киргизүүсүнүн болушу;

— маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдөгү жашоочулардын активдүүлүгү (жылына өткөрүлгөн иш чаранын саны жана катышкандардын саны);

— өндүрүштүк, чарбалык ишмердиктеги өз ара байланыш;

— жарандардын ченем чыгаруудагы активдүүлүгү (чогулуштарда, жыйындарда чечим кабыл алууга катышуусу);

— жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүгө катышуусу (ЖӨБО отчетторун угууга катышкан жамааттын мүчөлөрүнүн саны);

— жашоочулардын бири-бирине өз ара социалдык жардам көрсөтүүсү (той, маркумду узатуу жана башка иш чараларына катышуусу, ардагерлерге жана багуусуз калгандарга жардам берүүсү).

4.5. Жергиликтүү жамааттын зарылчылыгына жараша башка жергиликтүү жамааттар менен түздөн-түз алакага кирүүгө укугу бар.

4.6. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби жергиликтүү кеңештин токтому менен белгиленет.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби

5.1. Жашы 16 дан жогору, Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаарда же айылдык аймакта өзү жашаган дареги боюнча каттоодон өтүү фактысы аны шаардын же айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп саналат.

5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок шаарда же айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.

5.3. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.

5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:

— ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;

— ал каза болгондо;

— аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими  мыйзамдуу күчүнө киргенде;

— ал  айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары

6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, дин тутуусуна, курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан төмөндөгүлөргө укуктуу:

— жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;

— жамааттын ишин башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулоого — мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгечи топторду түзүүгө;

— жамааттын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгеүү топторду түзүүгө;

— айыл өкмөтүнө жана жергиликтүү кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө, жамаатка тийешелүү бардык маселелер боюнча өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө жана коюлган суроолоруна ынанымдуу жооп алууга, алардын иши боюнча пикирин айтууга жана баа берүүгө;

— жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;

— муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга;

— айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;

— жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен күч аракеттери менен түзүлгөн байлыктардан жана каражаттардан, ошондой эле жамааташтыктан ортолук менчигинде уюм, мекеме ишканалардын кызматтарынан белгиленген чегинде пайдаланууга:

— жергиликтүү курултайларга, айылдык жыйындарга, чогулуштарга, жерпгиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга, өз оюн эркин айтып, талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;

— уставда каралган ушул укуктар өз алдынча башкаруу органдары же алардын кызматкерлери тарабынан бузулса, аларды кароо максатында тиешелүү органдарга кайрылууга;

— жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну  талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;

— жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чараларга, марафондорго) катышууга;

— кичи райондордун, шаарлардын айланасындагы жаңы турак-жай конуштарынын кеңештери, үй, көчө, кварталдык комитеттер түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды, жамаатты, коммерциялык эмес уюмду Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбегендей түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;

— жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу түшүнүктүү жана жөнөкөйлөтүлгөн формада маалымат алууга (жарандык бюджет);

— мыйзамдын чегинде өндүрүштүк тейлөөчүлүк (сервистик) соода жана калкка башка кызмат көрсөтүү багытындагы ишканаларды уюштурууга;

— адал мээнет, ак эмгек менен өз байлыгын арттырууга жана анын жалпы жамаат, ошондой эле өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишенимдүү корголушун талап кылууга;

— ушул Уставда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана чектөө соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттери

7.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргө милдеттүү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;

— жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;

— жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;

— этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;

— этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;

— жамаатын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын чегинде белгиленген салыктардын жана жыйымдардын баардык түрлөрүн кечиктирбей өз убагында төлөөгө;

— жамааттын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга багытталган баардык коомдук пайдалуу жумуштарга (социалдык багыттагы обьектилерди,  жолдорду, көпүрөлөрдү, оңдогон арыктарды, көчөлөрдү, санитария боюнча тазалоого, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга жана башка максаттарында уюштурулган ашарларга) катышууга, аларды ишке ашыруу боюнча (бекитилген шарттарды, чекиттерди) нормаларды, өзгөчө кырдаалдарда жана башка шарттарда коомдук тартипти, жарандык коргонуунун талаптарын сактоого жана башка коомдук кызматтарды милдетүү түрдө аткарууга;

— жамааттын өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзам чегинде жана ушул Уставдын негизинде кабыл алынган бардык чечимдерин аткарууга;

— жамааттын белгиленген ортолук менчигин түзүүгө жана өнүктүрүүгө өз салымын кошууга, аларды сарамжалдуу пайдаланууга жана сактоого;

— жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы жерди, сууну жана башка жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга.

— өз үйүн, короо-жайын таза кармоого жана өз убагында оңдоп турууга, көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга, өз чарбасынан жогорку түшүмдү алууну камсыз кылууга;

— калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого; — курчап турган табиятка (айлана-чөйрөгө) камкордук, сарамжалдуулук менен мамиле жасоого, токой, бак-дарак жана башка өсүмдүктөргө жана жанжаныбарларга кыянат мамиле кылгандар менен аеосуз күрөшүүгө, тарихый, маданий жана табигый эстеликтерди сактоого;

— калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык, ветеринардык жоболорду сактоого;

— мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жайууга ылайык жерлерге жайууга;

— турак-жай имараттарын куруу эрежелерин так сактоого, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун санитардык жана ветеринардык эрежелеринин туура сакталышына көмөктөшүүгө;

— мыйзамдуулукту бузуунун бардык көрүнүштөрүнө, коомчулуктун материалдык байлыктарына зыян келтирүүчүлөргө жана адептүүлүккө көңүл коштук менен мамиле жасабай ага каршы күрөшүүгө милдеттүү.

Жергиликтүү жамааттын ар-бир мүчөсү, өз аймагынын калыптанып калган шарттарына жараша, кошумча төмөндөгү өзгөчө милдеттерди жана парздарды аткарууга милдеттүү:

— ар бир ата-эненин милдети катары баланын өсүп-өнүгүүсүнө жана билим алуусуна кам көрүүгө, туура тарбия берүүгө жооп берүүгө;

— эмгекке жарамдуу жашы жеткен ар бир бала ата-энелерине камкордук көрүүгө;

— жалпы калктын ыйык парзы катары жамааттын ар бир мүчөсүнө гумандуулук жана боорукердик менен мамиле жасоого, жетимдерди жана атаэнесинин багуусунан ажыраган балдарды, ошондой эле багар-көрөрү жок карыкартаңдарды, майыптарды, эмгекке жарамсыздарды камкордукка алууга жана багууга;

— улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүүгө, араккечтике, уурулукка, баңгиликке, сойкулукка, бузукулукка, бекерпоздукка барбоого, жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоого, коомдук тартипти сактоого катышууга;

— ар бир үй-бүлө башчысы өз үй-бүлөөсүндө ынтымактуу, бейпил турмушту камсыз кылууга, кошуна колоңдор менен тынчтыкта жашоого, үй-бүлөө  мүчөлөрүн, айрыкча жаш муундарды эмгектенүүгө, Ата-Мекенин, өз айылын шаарын сүйүүгө, патриотуукка, интернационализмге, достукка тарбиялоого;

— ар бир улуттун намысын жана каада-салттарын урматтоого, улуттар аралык ынтымакты, биримдикти чыңдоого, ар бир улуттун маданиятын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүүгө;

— айыл аймагынын, шаардын коомдук жайларында жамааттын беделин түшүрүүчү жосунсуз жоруктарды жасабоого, намысты бекем кармоо ыйык парз экендигин унутпоого;

— маркумду акыркы сапарга узатууда жоосунсуз жоруктарды жасоого, атап айтканда көңүл айтуу сыяктуу шылтоолоп ичкилик ичүүлөргө, уруксат берилгенден ашык мал союуга, жыртыш таратууга, кийит кийгизүүгө, доорон акы берүүгө катуу тыюу салынат;

— кызды күйөөгө берүү, келин алуу эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлөт жана ашыкча чыгымга жол берилбейт;

— ичкиликке, наркоманияга өтө берилген атуулдарга коомдук жаза чаралары менен таасир кылууга катышууга;

— айылдагы ар бир атуул кыргыз элинин кайрымдуулук салттарын улап, бей-бечараларга, жардамга муктаждарга жардам көрсөтүү максатында айыл өкмөтүнүн алдында фонд ачылат, түшкөн каражат комиссия аркылуу бөлүштүрүлүп турулат;

— уруксатсыз аңчылык кылууга жана балык уулоого, жаратылыштагы жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө бүлгүн салууга жол бербөөгө;

— айыл аймагындагы жана шаардагы жол жээктериндеги муниципалдык менчиктеги бак-дарактарды айыл өкмөтүнүн жана мэриянын уруксатысыз кыюуга тыюу салынат;

— ар бир айылда бада же кезүү уюштурулуп бош жүргөн мал болбоого тийиш. Эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат.

— Орозо, Курбан айт, Ноорузду спирт ичимдиксиз белгилөө ар адамдын ыйык милдети деп эсептелинет.

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары

8.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүлүгү.

8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жарандардын жергиликтүү жамааттары түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү (жергиликтүү кеңештер) жана аткаруу (айыл өкмөтү/шаардын мэриясы) органдары аркылуу жүзөгө ашырышат.

8.3. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маселелелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелелерди жыйындарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда талкуулоо, ченем чыгаруу демилгесин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну тикелей ишке ашырышат.

8.4. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ошондой эле өз демилгеси, өз каражаттарынын жана башка тараптардын каражаттарынын эсебинен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу да жергиликтүү өз алдынча  башкарууну ишке ашырышат.

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

9.1. Кашка-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөтү  өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан ачык жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышат, анын алдында жооптуу болушат.

9.2. Жарандар мыйзамдарга жана ушул уставга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылышат, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалымат алышат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланышат.

9.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен бирок жылына бир жолудан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн алдында отчет берип турушат.

9.4. Айыл өкмөтү маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алуунун алдында, жергиликтүү кеңештин кароосуна жалпы жамаатка тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдап киргизүү үчүрүнда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин жана сунуштарын сурап билүүгө, алар кабыл алынгандан кийин жамааттын мүчөлөрүн кабарландырууга милдеттүү.

9.5. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн сессиясынын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга катышуусуна шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү.

 

III. Жергиликтүү маанидеги маселелер

 

  1. Жергиликтүү маанидеги маселелер

10.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер – бул айыл аймагынын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, жергиликтүү жамааттын жашоо тиричилигин жана башка таламдарын канааттандырууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү жамааттын жана анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына берилген маселелер. Алар тиешелүү мыйзам жана жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен өзгөртүлөт жана/же токтотулат.

10.2. Жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси Мыйзамда белгиленген тизме менен биротоло бүттү деп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген жана КР мыйзамдарында карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставында белгилөөгө укуктуу.

10.3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет.

10.4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттын жарандардын демилгеси боюнча өз алдынча түзүлгөн топтору тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.

 

  1. Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктоонун тартиби

11.1. Маселени жергиликтүү маанидеги деп табуу үчүн ал жергиликтүү муктаждыктын жана кызыкчылыктын болушу, мамлекеттик же башка тараптардын эч кимиси аны чечпей жатышы, аны чечүү үчүн ресурстарды табуунун мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы, аны аткаруучу субъектилердин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жамаат) отчеттуулугу сыяктуу критерийлерге туура келүүгө тийиш. 1

1.2. Төмөнкү тизмедеги маселелер жергиликтүү маанидеги маселелер катары жергиликтүү жамааттын уставына киргизилиши мүмкүн:

көчөлөрдү, суу курулмаларын оңдоп-түзөөнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

коомдук пайдалануудагы жерлердеги бак-дарактарды өстүрүүнү жана коргоону жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоону жана багууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнү жана пайдаланууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы сугат суусун колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы ичүүчү сууну колдонууну жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

калктуу конуштарда жазгы айдап-себүү жана күзгү оруп-жыюу жумуштарынын мезгилинде калк менен кызмат көрсөтүүчү механизаторлордун ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү;

жергиликтүү жамааттын ичиндеги ийкемдүү мамиле, жашоого жагымдуу маанай түзүү, жергиликтүү жүрүм-турумду, адеп-ахлакты бекемдөөгө, элдик каада-салты сактоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүгө көмөк көрсөтүү;

үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнү жөнгө салууга көмөк көрсөтүү.

11.3. Жергиликтүү жамаат өзү ушул уставга ылайык аныктаган Мыйзамда белгиленбеген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча эрежелерди иштеп чыгат, колдонууга киргизет жана сакталышын, аткарылышын көзөмөлдөйт.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу, бул учурдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби. Демилгечи топтор

12.1. Жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 16 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү жамаатты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын (мындан ары — СЭӨП) натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.

12.2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу жамааттын мүчөлөрүнүн жамааттын муктаждыктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип же өз алдынча иликтөөсү аркылуу жүзөгө ашырылат.

12.3. Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде айыл өкмөтү жана /же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ар кайсы тармактар боюнча демилгечи топторду түзөт, аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аткарууга жооптууларды белгилейт. Бул учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу, аларды чечүү боюнча иш-чараларды аныктоо, бул тууралуу шаардын же айылдык аймактын жашоочуларынын ой-пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу ишке ашырылат.

12.4. Жамаааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:

— жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;

— жергиликтүү кеңештин депутаттары;

— айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

— мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү.

12.5. Айыл өкмөтү жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча жыйынга (чогулушка), коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:

— жамааттын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;

— өнүктүрүү программаларын жана пландарын (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

— тандалып алынган багыттар боюнча демилгечи топтордун санын;

— жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгечи топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.

12.6. Демилгечи топтордун саны жана алардын курамы, жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши менен макулдашылат, андан кийин шаардын мэринин же айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен бекитилет.

12.7. Биргелешкен аракеттер Планынын долбоору жергиликтүү жамаат менен жыйында (чогулушта), коомдук угууларда макулдашылат, катышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Бул маалымат жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына же болбосо маалыматтык тактайында илинүү жолу менен жалпы элге маалымдалат.

12.8. Социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы шаардын мэриясы же айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республкасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

12.9. Жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасынын долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Талкуунун жыйынтыгы боюнча социалдык экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программасы жана жергиликтүү бюджеттердин артыкчылыктары кезектеги бюджеттик жылдан мурунку жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

 

  1. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү

13.1. Жамааттын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.

13.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат:

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;

— айылдык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин /долбоорлордун/ программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;

— жергиликтүү демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;

— этностор аралык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында шаардын же айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.

13.3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Жергиликтүү кеңеш ушул Уставдын 27.2. пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат.

13.4. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, демилгечи топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар кирүүгө укуктуу. Топтун курамы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

13.5. Айыл өкмөтү ушул Уставдын 15.1.-15.2. пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.

13.6. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн жыйындарга (чогулуштарга), коомдук угууларга, курултайларга зарылчылыгына жараша киргизилет.

 

  1. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу

14.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, ченемдик укуктук актыларга ылайык, жашаган жери боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгелери жана өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүү үчүн же айыл аймагынын бөлүгүндө ишке ашыруу үчүн аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын уюштурууга укуктуу.

14.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары шаарларда аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кеңеши, кварталдык жана үй комитеттери, айылдарда кварталдык, көчө жана үй комитеттери түрүндө түзүлөт.

14.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.

14.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар жергиликтүү кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.

14.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарына келишимдик негизде жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди өткөрүп бериши мүмкүн. Ошондой эле аларга ыкчам башкарууга чарбалык объекттерди, турак жай жана турак жай эмес фондду, ошондой эле өзүнүн материалдык жана башка ресурстарынын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу.

14.6. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешке отчет берет.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары

 

  1. Жергиликтүү жамааттын курултайы

15.1. Айыл аймагында жалпы кызыкчылыктарды жараткан өтө маанилүү маселелерди, анын ичинде жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушуна тиешелүү жергиликтүү маанидеги маселелерди жамааттын мүчөлөрү менен талкуулап, сунуштама түрүндө коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны — жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары — курултай) чакырылат.

Курултайдын делегаттары (жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү) жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат.

15.2. Курултайдын ишин уюштуруу конституциялык мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Жободо жана ушул уставда каралган тартипте жүргүзүлөт.

15.3. Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:

— жергиликтүү жамааттардын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;

— өнүктүрүү программаларын жана пландарын, ошону менен бирге жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аркеттер пландарын, аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун (мындан ары – СЭӨП, БАП ж.б.);

— жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;

— жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу;

— коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка иш чараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;

— өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуштиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.

15.4. Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысынын катышуусу менен жергиликтүү кеңеште милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери жергиликтүү кеңеш жактыргандан кийин шаар же айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.

15.5. Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана шаар же айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жашаган жери боюнча шаардык же айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат. Эгерде шаар же айыл аймагы бирден ашык калктуу пунктан, аймактык бирдиктен турса, анда өкүлчүлүктүн нормасы пропорционалдуу түрдө алардын ар биринин калкынын өкүлчүлүгүн эске алуу зарыл.

15.6. Күн тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси жергиликтүү кеңешке, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.

15.7. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши

16.1. Калыптанып калган практикага ылайык шаарлар кичи райондордон, жеке секторлордон, чөлкөмдөрдөн жана турак-жай конуштарынан, айыл аймактары айылдардан (калктуу конуштардан) турат. Алар территориясы боюнча аймактык коомдук башкарууларга, кварталдарга жана көчөлөргө бөлүнгөн.

16.2. Курултайлардын аралыгында (ортосунда) жергиликтүү жамааттын ишмердүүлүгүн уюштуруу максатында курултайдын чечими менен шаардын же айыл аймагынын бүткүл территориясын камтыгандай түрдө бардык аймактык коомдук башкаруулардан, айылдардан, кварталдардан жана көчө комитеттеринен бир жылга шайланган бирден өкүл, айыл аймагынан сыртта жашаган жердештик коомдордун башчылары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү түзгөн коомдук уюмдардын жетекчилери курамына кирген Жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши (мындан ары-Кичи кеңеш) түзүлөт.

16.3. Кичи кеңешке жергиликтүү курултайдын төрагасы жетекчилик кылат.

16.4. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын аймагында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын, жаштар комитетин, аялдар кеңешин, карыялар кеңешин, аксакалдар сотун, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ), коммерциялык эмес уюмдарды жана башка коомдук уюмдарды түзүшүнө түрткү берет жана көмөк көрсөтөт.

16.5. Кичи кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте иш алып барат.

16.6. Кичи кеңеш туруктуу жана ыкчам байланышта болуу үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартуу менен вотсап-топторун түзөт.

16.7. Жергиликтүү жамаатта болуп жаткан жагдайды терең билүү, өздөрүнө ашыкча жүк албоо үчүн Кичи кеңештин мүчөлөрү багыттар боюнча иш бөлүштүрүп алышат.

16.8. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын пикири, сунушу, макулдугу зарыл болгон учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруп жаткан иш чараларына толук курамы менен катышат, кызыкчылыгына жараша аймактык коомдук башкаруулардын, айылдардын, кварталдардын жана көчө комитеттеринин элин катышууга чакырат. Иш-чараларына катышуу тууралуу кезектеги курултайда билдирүү берет.

16.9. Кичи кеңеш жергиликтүү жамааттын уставынын жол-жоболорун түшүндүрөт жана жамааттын арасында таратат, уставдын сакталышына, аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзөт.

16.10. Кичи кеңеш Кыргызстандын шаарларындагы жана чет өлкөлөрдөгү жердештик коомдор менен байланыш түзөт жана алардын мүчөлөрүн, ыктыярдуу каражаттарын айыл аймагын өнүктүрүүгө тартат.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындары (чогулуштары)

17.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөнүн/бир кварталдын айыл аймагынын бөлүгүндө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйыны (чогулушу) өткөрүлөт.

17.2. Жыйындарда (чогулуштарда) төмөндөгү маселелер каралат:

— жергиликтүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору;

— айыл аймагын өнүктүрүүнүн программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.) жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлор;

— айыл аймагынын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аркеттердин планы;

— айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтурбоо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;

— жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө;

— ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;

— турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, кварталдарды, айылдарды көрктөндүрүү;

— аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери;

— жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;

— айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди кароо;

— жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын бир жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу;

— айыл аймагынын территорияларынын чектеринде шаардын же айыл аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, административдик борборун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, шаарды же айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү;

— жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.

17.3. Жыйындар (чогулуштар) шаардын же айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгечи топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо менен чакырылат.

17.4. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жыйындар (чогулуштар) шаардын мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңеш же анын төрагасы тарабынан белгилеген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.

17.5. Жыйындарда (чогулушта) талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнөн түшкөн суроолорго, сунуштарга, сынпикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген жыйындын (чогулуштун) катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.

17.6. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.

 

  1. Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгелөөнүн, уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

 

18.1. Жыйындарды (чогулуштарды) өткөрүүнү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгечи топтор), жергиликтүү кеңеш же жергиликтүү кеңештин депутаттары, шаардын мэри же айыл өкмөтүнүн башчысы демилгелей алышат.

18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жыйынды (чогулушту) өткөрүү боюнча саны 11-15 адамдан кем эмес демилгечи топту түзүүгө укуктуу. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгечи топтун мүчөлөрүнүн мындан башка дагы саны белгилениши мүмкүн. Демилгечи топ шаардын мэрине же айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү кеңештин төрагасына чогулуш өткөрүү жөнүндө кайрылуу жөнөтөт.

18.3. Жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:

— кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди), жыйынды (чогулушту) өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;

— иш-чарага катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын, айылдык аймактын);

— иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;

— демилгечи топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтарды (алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган даректерин).

18.4. Кайрылуу  айыл өкмөтүнүн башчысына же жергиликтүү кеңештин төрагасына келип түшкөн (катталган) күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.

18.5. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча  айыл өкмөтүнүн башчысы жыйынды (чогулушту) өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аны өткөрүүдөн баш тартат.

Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысына жыйынды (чогулушту) өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.

18.6. Жыйынга (чогулушка) эгерде ага тийиштүү  аймактын (көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын, айылдардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоочуларынын 50% пайызы катышса, же жыйынга (чогулушка) чакырылгандардын 50% пайызы катышса, жыйын (чогулуш) укуктуу болуп эсептелет. (Жыйындын (чогулуштун) укуктуулугун аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 40 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).

18.7. Тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдардын, айыл аймагынын) жашоочуларынын, же чогулушту өткөрүү үчүн чакырылган катышуучулардын зарыл саны болбогон учурда, жыйын (чогулуш) катышуучулардын макулдугу менен белгилүү мөөнөткө жылдырылат.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем жаратуу (элдик) демилгеси

19.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем жаратуу (элдик) демилгесин көтөрүү укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем жаратуу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана жергиликтүү кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.

19.2. Ченем жаратуу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.

19.3. Элдик ченем жаратуу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында — шаарда же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.

19.4. Ченем жаратуу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорлору жергиликтүү кеӊешке киргизилиши мүмкүн эмес.

19.5. Жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 7-11 адамдан турган демилгечи топту түзүшөт. Айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгечи топтун мүчөсү боло алат (Демилгечи 18 топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыктыяры менен белгиленет).

19.6. Демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгелеген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн керектүү санынын колу коюлгандыгын тастыктаган баракчаларды топтоп бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңешке киргизет.

Эскертүү

Жергиликтүү ченем жаратуу демилгесине укуктуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн саны Бишкек, Ош шаарларында 5000 адамды, калкынын саны 20001ден жана андан жогору шаарларда жана айылдык аймактарда 1000 адамды, калкынын саны 6001ден 20000 ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 600 адамды, калкынын саны 6000ге чейинки шаарларда жана айылдык аймактарда 300 адамды түзөт.

19.7. Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгечи топ токтомдун долбоорун демилгечи топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясында кароо жөнүндө арыз менен жергиликтүү кеңештин төрагасына кайрылат.

19.8. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:

— токтомдун долбоорун жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгечи топтун жыйналышынын протоколу;

— токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;

— маалымкат-негиздеме;

— жергиликтүү кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;

— төмөндөгү маалыматтар (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, жергиликтүү кеңешке демилгечи топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу) камтылган кол коюу барагы.

19.9. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоору жергиликтүү кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана жергиликтүү кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында жана сессиясында кароо демилгечи топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.

19.10. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңеш тарабынан каралууга жатат.

19.11. Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, жергиликтүү кеңеш токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө үгүттөө жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

 

  1. Коомдук угуулар. Коомдук угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

20.1. Коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, иликтөөгө катышуучулардан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.

20.2. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алуугу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз жумуштарынын сапаты жөнүндө жана алардын жасаган жумушуна элдин канааттануусу жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

20.3. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (айыл өкмөтүнө) жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

20.4. Коомдук угуулар офлайн же/жана онлайн формаларында уюштурулушу жана өткөрүлүшү мүмкүн. Коомдук угууну уюштуруу жана өткөрүү формасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт.

Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча коомдук угууларды онлайн формасында уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетиниин ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыгып колдонууга сунушталат.

20.5. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:

— жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;

— өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлору (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

— муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, объекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);

— ичүүчү жана сугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричилик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди бекитүү;

— жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер. Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга бир гана маселени алып чыгуу сунушталат.

20.6. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төмөнкү учурларда милдеттүү түрдө өткөрүлөт:

— жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелерди талкуулоодо;

— өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын долбоорлорун талкулоодо (анын ичинде СЭӨП, БАП ж.б.);

— муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө, мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учурунда.

Кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү суу, сугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.

20.7. Коомдук угуулар, эгерде ага өкүлдөрдүн, коомдук угууга чакырылгандардын ____ кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. (Коомдук угуунун укук ченемдүүлүгүн аныктаган катышуучулардын саны жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет: мисалы, 70 адамдан кем эмес катышса укук ченемдүү болот, чакырылгандардын жарымынан көбү катышса, бир көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын/айылдык аймактын жашоочуларынын жарымынан көбү катышса ж.б.).

 

  1. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери жана эрежелери
  2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптери

21.1. Жергиликтүү жамаат өзүнүн территориясында жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты камсыз кылуу, айылкыштактардын жана шаардын турмуш шартын жакшыртуу, ар бир үй-бүлөнүн жана ар бир жашоочунун жыргалчылыгы болуусу, өзүн-өзү башкаруу коомун түзүү максаттарын көздөйт.

21.2. Жергиликтүү жамаат өзүнүн территориясында жашаган элдин мыкты салт-адаттарын сактайт, азыркы жашоонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өркүндөтөт жана жайылтат.

21.3. Жамааттын күндөлүк турмушуна жана ишмердигине, жалпы жашоонун эрежелерин кабыл алууга жана кынтыксыз аткарууга катышуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талап коюу менен катар аларга көмөк көрсөтүү, мыкты жашоонун үлгүсүн түзүүгө, аймакты жана шаарды өнүктүрүүгө салым кошуу жергиликтүү жамааттын ар бир мүчөсүнүн ыйык парзы? Жамааттын толук кандуу жашоосунун негизги шарты болуп саналат.

 

  1. Жергиликтүү жамаатты уюштуруунун жана активдештирүүнүн эрежелери

22.1. Формалдуу эмес жергиликтүү жамаат жарандардын демилгеси жана ыктыярдуулугу бар жерде төмөнтөн ( үй, көчө, квартал) жогоруга (айыл, кичи район, конуш, айыл, айыл аймагы, ) чейин түзүлөт. Жамааттын ичиндеги мүчөлөрдүн ортосундагы өз ара мамилени өнүктүрүүдө жамааттын турмушуна катышуунун төмөнкү деңгээлинен (таанышуу, маалымат алмашуу жана таратуу) ортоңку деңгээлине (талкуулоо) анан жогорку деңгээлине (ишке тартуу жана кызматташтык) өтүү акырындык менен, диалог процессин жакшы пландаштыруу, аны чечим кабыл алуу процессине билгичтик менен жеткирүү ишке ашырылат.

22.2. Биринчи кадамда булар жасалат. Жамаатты түзүү үчүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн өздөрү жашаган көчөгө, кварталга чогултулуп, ал жерде айыл өкмөтүнүн кызматкери (же жигердүү жаран) таанышуу кечесин өткөрөт. Жашоочулар бир сыйра таанышып бүткөндөн кийин көчөнүн, кварталдын, айыл аймагынын   көйгөйлөрү талкууланат, чечүүнү талап кылган маселелер аныкталат, аларды чечүүгө макулдугу бар ыктыярдуулар, активдүүлөр жана ишмердүүлөр аныкталып жазылып алынат.

22.3. Жаран өзү жашаган жерде жергиликтүү жамааттын мүчөсү болот, кызматтардан толук кандуу жана сапаттуу пайдалануу, комфорттуу (булганбаган таза айлана, ак-пейилдүү мамиле, коопсуз чөйрө, ж.б.) шартта жашоо үчүн анын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гана талап коюусу аздык кылат. Жаран бардык жамаатка керектүү шарттарды түзүүгө үзбөй катышуусу абзел.

22.4. Экинчи кадамда булар жасалат. Биринчи кадамда аныкталган демилгечилер, ыктыярдуулар, жигердүүлөр жана ишмердүүлөр экинчи жолугушууга чакырылат, алар менен жолугушууга иши жакшы жүрүп жаткан башка ушундай эле топтун өкүлдөрү чакырылат. Пикир алышуудан кийин алардын жашаган жерине барып иштери менен таанышуу жүргүзүлөт.

22.5. Үчүнчү кадамда булар жасалат. Флэш-моб өткөрүлүп биринчи эки жолугушууга катышкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн чогултулат, алардын катышуусу менен тазалоо-көрктөндүрүү же оңдоп-түздөө боюнча анча чоң эмес эмгек акциясы өткөрүлөт.

 

 

  1. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери

23.1. Уставга Мыйзамда аныкталган жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине кирбеген, кирсе дагы ишке ашыруу процедуралары татаал болгон, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин компетенциясына кирбеген маселелерди чечүү боюнча эрежелер киргизилет.

23.2. Ушул Уставда аныкталган Жергиликтүү жамааттын ички жашоотиричилигинин эрежелерин бузуу үчүн төмөндөгүдөй жаза чаралары колдонулат:

— эскертүү;

— коомдук уяткаруу;

— айып пул төлөө.

23.3. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин бузуу фактыларын каттоону (тариздөөнү), айып пулдарды өндүрүүнү жергиликтүү жамааттын кичи кенеши, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирдикте ишке ашырат.

 

  1. Калктуу конуштарда мал, ит, мышык жана канаттуларды кармоонун жана багуунун эрежелери

24.1. Калктуу конуштарда жеке чарбада малды жана канаттуларды кармоо тартиби Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодекси, “Жаныбарларды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Бишкек шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоонун эрежелери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-февралындагы № 36 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жайыт жерлеринде мал жаюу ченемин аныктоо тартиби жөнүндө Жобо менен жөнгө салынат. 24.2. Ар бир кожолук адамдар, мал арасында жугуштуу оорулардын таралышына жол бербөө максатында өз менчигиндеги малды, ит, мышыкты, канаттууну өз убагында каттоодон өткөрүүгө, ветеринардык кароодон өткөрүп турууга, тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөрүп турууга, кой эчкилерди өз убагында күпкөөдөн өткөрүүгө милдеттүү. Айыл аймагындагы ар бир кожолук ээси жыл ичинде өзүнүн мал жандыгын жылына эки жолу дарылатып турууга милдеттенет.

24.3. Жамааттын мал кармаган ар бир мүчөсү өз менчигиндеги малды жайыт комитети жана айыл өкмөтү менен макулдашылган жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарга, болгондо да чектелген мөөнөттөргө чейин кармоого милдеттүү.

24.4. Жаныбарларды жана канаттууларды көчөлөрдө, аянттарда, сейил бактарда, газондордо жана жарандардын эс алуу жайларында багууга болбойт. Ит жана мышык кожоюну менен бирге жипке байланган, мурун кап тагылган абалда болууга тийиш. Бул эрежелер аткарылбаган учурда алар кароосуз калган деп эсептелет.

24.5. Кароосуз калтырылган ит, мышык, кой, эчки, бодо мал, канаттуу зыян келтирсе (адамдарды, балдарды чочутса, мүлкүнө зыян келтирсе, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 124-беренесине ылайык, калктуу конуштарда жаныбарларды багуу эрежелерин бузуу үчүн эскертүү берилет же жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга (дыйкан чарбаларына) 170 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салынат.

24.6. Мал жандыктарды жайыт комитети жана айыл өкмөтү тыюу салган ички жайыттарга кармоого, алыскы жайыттарга белгиленген убактан кеч көчүүгө, күзүндө эрте көчүп келүүгө болбойт. Ээси жок аңызга кирген мал кароосуз калтырылган мал деп эсептелет, убактылуу кармоочу жайга айдалып барып киргизилет.

24.7. Кароосуз бош жүргөн малды болтурбоо үчүн ар бир айылда бада же кезүү уюштурулат. Эгин жана чөп чабынды, үлүш жерлерге түшкөн мал үчүн ээси же бадачы мыйзам чегинде жаза тартат. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 238-беренесине ылайык, айдоо жерлерин атайын же этиятсыздык менен тепсөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу же бузуу, көчөттөрдү зыянга учуратуу үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салынат.

 

  1. Калктуу конуштарда жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүнүн жана пайдалануунун эрежелери

25.1. Туруктуу негизде же убакыттын кайсы бир учурунда чектелбеген сандагы адамдардын пайдалануусу үчүн арналган территория, мейкиндик, бөлмө коомдук жер деп аталат. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер – пайдалануу (ал жакта жүрүү, болуу) үчүн коомчулукка жеткиликтүү болгон, чек аралары жана атайын юридикалык статусу бар жерлер.

25.2. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге жолдор, көчөлөр, тротуар, сквер, бульвар, парк, аянт, таштанды чогултуучу жерлер, үйдүн айланасындагы жерлер,   чердак жана подвал, көлмөлөр, пляждар, сугат арыктары кирет.

25.3. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди күтүүгө, сактоого жергиликтүү жамаат кол кабыш кылат.

25.4. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлердин чек аралары так аныкталып, чек белгилери коюлат.

25.5. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерди менчикке сатууга тыюу салынат.

25.6. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлерге убактылуу соода, коомдук тамак-аш орундарын жайгаштырууга уруксат берилиши мүмкүн.

25.7. Калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жерлер өзүнүн арналуу багытына жараша пайдаланылат.

 

  1. Калктуу конуштарда жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы сугат суусун колдонуу эрежелери

26.1. Жергиликтүү алдынча башкаруу органдары калкты сугат суусу менен камсыз кылууга милдеттүү.

26.2. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 2-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жеке адамдары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар суу пайдалануучулар болуп эсептелет.

26.3. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, суу ресурстарын пайдалануу сууну чарбалык участокторду (огород, там арка) сугаруу үчүн пайдалануу, сугатка жана малды сугарууга пайдалануу маселелерин да камтыйт.

26.4. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 161-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Айыл өкмөтү суу пайдалануучулар ассоциациясы (СПА) менен бирдикте бул максатта сугат суусун бөлүп берет, жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши менен макулдашып, сугат суусун пайдалануунун убактысын жана кезектүүлүгүн бекитет, анын аткарылышын камсыз кылат.

26.5. Сугат суусун коромжусуз сапаттуу жана эсеби менен пайдалануу үчүн коомдук башталышта же суу пайдалануучулардын эсебинен ылайыктуу акы алып иштөөчү, айыл өкмөтү же (СПА) же жамаат тарабынан дайындалуучу жана көзөмөлдөнүүчү мирабдын кызматы киргизилет.

26.6. Сууну максатка ылайыксыз жана сарамжалсыз пайдалануу (көзөмөлсүз сугаруу, жолго, кошунасынын огородуна чыгара жайып сууга жедирип зыян келтирүү, сууну сугарып бүткөндөн кийин башын бекитип бурбай таштап коюу) суу пайдалануу эрежесин орой бузуу болуп эсептелет жана суу пайдалануучунун айып төлөөсүнө алып келет. Аны үч күндүн ичинде жоюу боюнча чараларды көрбөө, айып пулун төлөбөө Абоненттин суу пайдалануу укугун чектөөгө алып келет.

26.7. Турак үйлөрдүн территориясынын сугат суусунун арыгы өтүүчү бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык коомдук сервитутта (ээсинин чектелген пайдалануусунда) турат. Ошондуктан өзүнүн территориясы менен агып өтүп жаткан сугат суусун чектөө (буруп алуу, бууп коюу) укук бузуу болуп эсептелет, тоскоолдук токтоосуз жөнгө салынышы керек жана ал үчүн айып пул салынат.

 

  1. Калктуу конуштарда жамаатын мүчөлөрүнүн биргелешкен пайдалануусундагы ичүүчү сууну колдонуу эрежелери

27.1. Ичүүчү сууну колдонуу маселеси “Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

27.2. Жергиликтүү алдынча башкаруу органдары калкты ичүүчү суу менен стандарттарга жана санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык камсыз кылууга милдеттүү.

27.3. Калкты ичүүчү суу менен суу менен жабдуу ишканалары — шаарларда “Сууканал” ишканалары, айыл-кыштактарда Ичүүчү сууну колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелери абоненттик келишимдин негизинде жүргүзүшөт.

27.4. Ичүүчү сууну керектөөчүлөр суу менен жабдуу ишканаларынан ичүүчү суунун сапаты, анын стандарттарга, санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келиши, ошондой эле ылайык келүү сертификаты жөнүндө так маалыматты талап кылууга укуктуу.

27.5. Ичүүчү сууну керектөөчү абоненттер төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

27.5.1. өзүнүн эсебинен сатып алып ичүүчү сууну эсепке алуучу приборду (водомерди) пломбасы менен орнотууга, аны оң абалда кармоого, суу келүүчү түтүктөрдү, водомерди кышкысын тоңуп калып жарылуудан сактоого, ал үчүн жылуулоого;

27.5.2. водомердин көрсөткүчү боюнча керектелген суу үчүн тиешелүү жерге акы төлөп турууга;

27.6. Суунун сапатынын адамдардын саламаттыгына коркунуч келтиргендигин ырастаган айрым көрсөткүчтөр боюнча ылайык келбөө аныкталган учурда, суу менен жабдуу ишканалары жана аларды көзөмөлдөөчү органдар бул тууралу сууну керектөөчүлөргө келип чыккан коркунучту болтурбай кое турган этияттык кылуу чаралары жөнүндө маалымат берүү менен массалык маалымат каражаттары аркылуу токтоосуз түрдө кабарлоого тийиш.

27.7. Калкка жөнөтүлүүчү ичүүчү суунун сапаты жөнүндө маалыматты өз убагында бербегенде же бурмалап бергенде, өз убагында толук жана так маалымат берүүдөн баш тартканда, сууну керектөөчүлөр чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдалануунун эрежелерин сактабаганда жана ал калкты суу менен камсыз кылууну начарлатууга алып келгенде же ушул тутумдарды пайдаланган ишканаларга зыян келтиргенде Мыйзамдарда жоопкерчилик каралган.

27.8. Жогорудагыдай укук бузуулар үчүн айып пулдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун атайын ыйгарым укук берилген органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынат.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына катышуунун эрежелери

28.1. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жашаган жеринде жарандардын руханий, физикалык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жүзөгө ашырылуучу, жарандардын көп бөлүгүнүн катышуусу менен ишке ашырылуучу аракеттердин же коомдук турмуштун кубулуштарынын жыйындысы, ошондой эле адамдардын ортосундагы социалдык байланыштын формасы жана инсандын, коллективдин жана жалпы коомдун биримдигинин мамилелерин өнүктүрүүнүн жолу болуп эсептелет.

28.2. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чараларына ишембиликтер же башка эмгек акциялары, маданий-массалык иш чаралары (фестивалдар, майрамдар, анын ичинде диний майрамдар, концерттер, көргөзмөлөр, жарманкелер ж.б.), спорттук-массалык иш чаралары (спартакиадалар, спорттун түрлөрү боюнча мелдештер ж. б.) кирет.

28.3. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында аткарылуучу иш-чаралары жыйындарда, чогулуштарда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айтышкан сунуштарды, жергиликтүү жамаатты кеңири тааныштыруу, бириктирүү жана ынтымакташтыруу боюнча зарылчылыктарды, өлкөдө, облуста, шаарда, райондо болуучу иш чараларды эске алуу менен, айыл өкмөтү менен макулдашылып, алдын-ала 1 жылга түзүлөт. Шартка жараша планга өзгөртүүлөр киргизилет.

28.4. Жергиликтүү жамааттын жалпы кызыкчылыгында өткөрүлүүчү иш чаралары тууралуу (максаты, өткөрүү убактысы, өткөрүү орду, катышуучулардын контингенти ж.б.) кабар уюштуруучулар (жергиликтүү жамааттын демилгечи тобу, айыл өкмөтү ж.б.) тарабынан кулактандырууларды илүү, вотсап-топторду түзүү ж.б. жолдор аркылуу жамаатка жеткирилет.

28.5. Ишембиликтер жана эмгек акциялары көпчүлүктүн кызыкчылыгында уюштурулган расмий иш-чара болуп саналат. Алардын максаты жеке эле 25 адамдардын жашаган жериндеги аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү, сугат суу каналдарын жана арыктарды, социалдык объектилерди оңдоого кол кабыш кылуу эмес, жаранды жамааттын ичинде болууга, жалпы пайдаланылуучу нерселерди түзүүгө адилеттүүлүк менен теңчилик болгондой катышууга шарт түзүү болуп эсептелет.

28.6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тазалоо-көрктөндүрүү, оңдоптүздөө, ден- соолуктуу жана ынтымакты чыңдоочу ар кандай иш-чараларына сөзсүз катышат, убактысы болбогондо, макулдашуу менен үй бүлө мүчөлөрүн иштеп жаткан топко кошушат, же акча-каражатын/тамак-ашын чыгаруу менен компенсациялашат.

 

  1. Калктуу конуштарда коомдук тартипти сактоого катышуунун эрежелери

29.1. «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди коомдук бирикмелер, эмгек жамааттары, ошондой эле ички иштер органдарынын ишине көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн коомчулуктун кошундары менен өз ара аракеттенип ишке ашырышат.

29.2. Ички иштер органдарынын штаттык бирдиктери аз санда жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, жергиликтүү жамааттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоого кеңири катышат.

29.3. Ар бир калктуу конушта ыктыярдуу башталышта ар биринин курамы 10-15 адамдан турган коомдук тартипти сактоо боюнча 5-6 элдик дружина түзүлөт. Дружина түзүүнү чечкен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулушунда бул тууралуу чечим кабыл алынат, дружинанын аты бекитилет, дружинанын командири, командиринин орун басары шайланат.

29.4. Айылдык кеңеш элдик дружинаны каттайт, ички иштер органдары менен бирдикте элдик дружинанын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт, белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана повязка менен камсыз болууга көмөк көрсөтөт.

29.5. Элдик дружинанын командири дружинанын маршруттарын жана рейдге чыгуусунун графигин иштеп чыгат, ал боюнча дружинанын мезгилдүү – жай кезде дем алышына 1 жолу, чукул кырдаал болгондо абал тынчыганча күнүгө патрулга чыгуусун уюштурат.

29.6. Элдик дружина ички иштер органдарынын кызматкерлери, аксакалдар соту менен бирдикте иш алып барат, криминалдык кырдаал тууралуу маалыматтарды аларга билдирип, алардан да маалымат алып турат.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдүү мамиле, жашоого жагымдуу маанай, тынчтыкты жана коомдук биримдикти түзүү үчүн жергиликтүү жүрүш-туруштун, адеп-ахлакты бекемдөөнүн, мыкты салтадатты сактоонун жана өнүктүрүүнүн мыйзамдарда аныкталбаган тартибин аныктоонун жана бекитүүнүн эрежелери

30.1.1. Мыкты каада-салттарды, үрп-адаттарды сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу жергиликтүү жамааттын ичинде ийкемдүү мамилени (адамдардын бири-бирине, үй-бүлөгө жана коомго болгон мамилелериндеги мээримдүүлүк), жашоого жагымдуу маанайды түзүүнүн, жергиликтүү деңгээлде тынчтыкты куруунун, адеп-ахлакты бекемдөөнүн, улуттук баалуулуктарды (мекенчилдик, боорукердик, кайрымдуулук, айкөлдүк, меймандостук) сактоонун жана даңазалоонун, жергиликтүү жүрүм-турумду калыпка салуунун каражаты катары колдонулат.

30.1.2. Этностун, улуттун тубаса өзгөчөлүгүн сактап калууга жөндөмдүү жаңы муунду тарбиялоо, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликтүү болууга, ата-эне, эл-журт алдында милдетти сезе билүүгө, улууларды сыйлоого ж.б. жакшы сапаттарга тарбиялоо жамааттын негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет.

30.1.3. Коомдук жайлардагы жүрүш-туруштун эрежелери (тартиби) коомдогу адамдардын ыңгайлуу жанаша жашоосун жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга багытталган. Адептүүлүктүн жана этикеттин стандарттары — ар кандай кырдаалдар үчүн бирдиктүү жүрүм-турум эрежелери. Бул ченемдерди ар кандай кырдаалдар үчүн түшүнүү, боюна сиңирүү жана аларды туура колдонуу адамдын жалпы маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

30.2. Жергиликтүү жамаатта өз аймагында калыптанып калган жүрүмтурум практикасын эске алуу менен саламдашуу адеби акырындык менен жөнгө салынат. Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында «Салам бериш — карыз, алик алыш — парыз», «жашка, мансапка, бирөөгө көз карандылыкка карап салам берилбейт, салам баары үчүн бирдей болот», «бир күн туз таткан жериңе миң күн салам бер», «жашы кичүүлөр жашы улууларга озунуп салам айтат», «топко улуу кишилер салам айтып кирип келсе, кичүүлөр ордунан туруп алик алат», «кыргыз салтында өбүшүп учурашуу жок», «жаш балдарды, кыздарды улуу адамдар учурашуу учурунда чекесинен өөп койсо болот», «атчан киши жөө кишиге, улоодо, же кыймылда бараткан адам токтоп турганга, жаштар улууларга, жамаатка кирип келген киши ал жердегилерге салам айтат» деген эрежелерди түшүндүрүү жана аткарылышына жетишүү ишке ашырылат.

30.3. Адамдардын, айрыкча жаштардын арасында коомдук жайда жүргөндөгү жүрүм-турумдун адеби — орду менен сүйлөө, айланадагылар менен сылык мамиледе болуу, какырынып-түкүрунүп айлананы булгоо, жаман, орой жана уят сөздөрдү айтуу адамдын тарбиясыздыгы экендиги, маданияттуулук жашоону алда канча жеңилдете тургандыгы түшүндүрүлот, аны ишке ашырууга жетишилет.

30.4. Айылдарда, башка калктуу пункттарда саат 23.00дөн 07.00гө чейинки аралыкта жеке жана юридикалык жактарга үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген эң жогорку чегин бузууга, анын ичинде үндү кайра чыгаруучу жана күчөтүүчү түзүлүштөрдү колдонуу менен төмөнкү жерлерде “жымжырттык режимин” бузууга тыюу салынат:

—  турак жайларда жана жалпы пайдалануудагы жатаканаларда;

— чектеш аймактарда, турак жай кичи райондорунун аймактарында жана турак жай имараттарынын топторунда;

— билим берүү, медициналык уюмдардын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттук кызматтарды, жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана болуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын имараттарында жана аймагында.

30.5. Адеп-ахлакты бекемдөө, мыкты каада-салтты, үрп-адатты сактоо жана өнүктүрүү жарандардын керектөөлөрүн канааттандыруунун гана шарты болбостон, жамааттын ички биримдигин бузуп, конфликттерге – чыр-чатактарга алып келүүчү жат аракеттерге каршы туруунун куралы, жамаатта моралдыкэтикалык биримдикти жана тилектеш жашоону орнотуунун каражаты болуп эсептелет. Жалпы жамаат биримдик-ынтымакка келиш үчүн максат-тилек, карманган баалуулуктар негизинен бир багыттуу болушу керек.

30.6.Айыл аймагынын жамааты достук этикасын – бүгүнкү улут аралык ынтымактын ачкычын: “Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз”, “Эки эрдин достугу бир белден ашырат, эки элдин достугу миң белден ашырат”, “бул менин өлкөм, менин Ата журтум”, “бала-бакырамдын келечеги, бак-таалайы ушул жер, ушул эл менен байланыштуу”, “ушул өлкөнүн туусу, герби, гимни жана деми менен жашайм” эрежелерин жетекчиликке алышат.

30.7. Айылда жылына бир жолу «Айыл аймагынын күнү» өткөрүлөт. Иш чараны жергиликтүү жамааттын кичи кеңеши, демилгечи жарандар демилгелеп, даярдап өткөрүшөт. Майрамда ушул жылы үйлөнгөн айыл аймагынын жигиттери жана турмушка чыккан айыл аймагынын кыздары, 60-, 70-, 80-, 90-, 100-жашка чыккан ардагерлер, чоң спорттук, маданий, илимий жеңишке жетишкендер жана башка белгилүү инсандар, айыл аймагынын жетишкендиктери, айыл аймагынын келечектеги өнүгүүсү тууралуу айтылат, жергиликтүү калк ичинен чыккан таланттар концерт беришет.

30.8. Айылда жылына бир жолу мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн «акыркы коңгуроо» күнүндө 60-, 70-жашка чыккан ардагерлер, айыл аймагынын мыкты адамдары айыл бийиктен обзор болуп көрүнгөн бийик жерге чыгып, жаштарга айыл аймагынын мындан аркы тагдырын, келечегин курууну эстафета катары тапшырып беришет. Бул күнү ушул шаардын/айыл аймагынын ийгиликке жетишкен окумуштуу, илимпоз, кадырлуу ардагерлери сыяктуу инсандары кантип максатына жеткендиги, ал үчүн канча мээнет короткондугу тууралуу айтып берүү менен келечек жаш муундарга дем беришет.

30.9. Типтүү уставдын ушул бөлүмүндөгү эрежелерди аткарбоо үчүн жазалоо каралат.

 

  1. Үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн эрежелери

31.1. Айыл аймагынын жамааты баланын төрөлүшү, кыз берүү, келин алуу, кудалашуу, конок күтүү, тартуу берүү сыяктуу үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнү, күндөлүк жашоо-тиричилик, кийим-кечек, тамак-аш ж. б. байланыштуу эң маанилүү, эң негизги салт-адаттарды калыбына келтирүүнү, заманга жараша жаңылоону, акырындык менен жайылтат (жалпы колдонууга киргизет).

31.2. Үй бүлөлүк салтанаттардын кайсы түрлөрүн кандай тартипте өткөрүүнүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бул маселе боюнча пикирлерин сурап билүү, иликтөө менен башталып, ыгы жок шаңдануучулукка жана мактанычка жол бербөө тууралу ата-баба жөрөлгөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.

31.3. Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербөө талаптарын, жергиликтүү же башка жамаатардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн убагы, орду, узактыгы, катышуучу адамдардын жана колдонулуучу автоунаалардын, союлуучу малдын жана берилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгиленет.

 

  1. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнүн эрежелери

32.1. Маркумду акыркы сапарга узатуу, эскерүү иш чараларын өткөрүүнүн эрежелери алдын ала жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бул маселе боюнча пикирлерин сурап билүү, иликтөө менен башталып, ыгы жок шаңдануучулукка жана мактанычка жол бербөө тууралу ата-баба жөрөлгөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйындарынын, чогулуштарынын жана курултайынын чечимдери менен бекитилет.

32.2. Маркумга байланышкан иш чараларына сөөк коюу, кыркылык берүү, аш берүү кирет. Мыйзамдарда жана Президенттин Жарлыктарында каралган ысырапкорчулукка жол бербөө талаптарын, жергиликтүү же башка жамаатардын жакшы тажрыйбасын эске алуу менен жогоруда аталган иш чараларын өткөрүүнүн убагы, орду, узактыгы, союлуучу малдын жана берилүүчү белектердин жана тартуулардын түрү жана көлөмү боюнча так чектөөлөр жамаат тарабынан белгиленет.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн арасындагы ар кандай пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды чечүүнүн эрежелери

33.1. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелер, анын ичинде жамааттын ички жашоо-тиричилигинин маселелери боюнча ар кандай коллективдүү пикир келишпестиктерди, чыр-чатактарды талаштарды чечет.

33.2. Пикир келишпестик, чыр-чатак деп жогорудагы көрсөтүлгөн маселелер боюнча дал келбеген максаттары бар же бар деп ойлошкон экиден ашык тараптардын ортосундагы мамиле түшүнүлөт.

33.3. Пикир келишпестик менен чыр-чатактардын себеби ресурстардын жетишсиздиги, кызыкчылыктардын айырмачылыгы, ар түрдүү баалуулуктарды тутунгандык, маалыматтын жетишсиздиги, адамдын керектөөлөрүн канааттандырбоо же тебелеп-тепселөө, жана башкалар болушу мүмкүн. Пикир келишпестиктер менен чыр-чатактар деструктивдүү (абалдын туруктуулугун бузуучу) гана болбостон конструктивдүү (көйгөйдү чечүүнүн жаңы жолун сунуштоочу, абалды турукташтыруучу) да болот.

33.4. Жамааттын эки-үч тобунун (эки көп кабаттуу үйдүн, эки көчөнүн, эки кварталдын, эки айыл аймагынын жашоочуларынын) ортосунда пикир келишпестик, чыр-чатак келип чыкканда аны чечүүчү топко (калыс топ) ушул топторго кирбеген аксакалдар сотунун, карыялар кеңешинин, жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөтүнүн, мэриянын, аялдар кеңешинин, жаштар кеңешинин, жергиликтүү жамааттын кичи кеңешинин өкүлдөрү кирет.

33.5. Калыс топ талашып жаткан топтордун жүйөөлөрүн кезеги менен угат, аларга эл көзүнчө бири-бирине суроо бердирип-жооп алдырат. Андан соң калыс топтун ар бир мүчөсү кезеги менен жашы кичүүсү мурда, анан улуулата пикирин айтышат, аягында жашы улуусу бүтүм чыгарат. Эгерде талашкан топтор калыс топту талашты чече алган жок десе, анда калыс топ өздөрүнчө жашыруун кеңешип, бир бүтүм айтат.

Талашкан тараптар макул болбосо жаңы калыс топ түзүлөт да ушундай эле тартипте иш алып барат.

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка эл тарабынан шайлануучу коомдук түзүмдөрдүн отчетторун угуунун эрежелери

34.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн, алардын көзөмөлү жана жетекчилиги алдында иштөөчү көптөгөн комиссиялар, жамааттын мүчөлөрү тикелей шайлаган же өздөрү түптөгөн көптөгөн коомдук уюмдар бар. Алардын максаты, иштөө тартиби, эл алдында отчет берүүсүнүн мезгилдүүлүгү алар жөнүндөгү мыйзамдарда жана жоболордо каралган.

34.2. Жергиликтүү жамаат (кичи кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, элдин пикирин эске алуу менен, ушул Уставда каралган түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын жетекчилери менен макулдашып, жарым жылдын (жылдын) аягына туштап, отчет угуу күндөрү өтө жыш же сейрек болбогондой кылып, отчетторду өткөрүүнүн убагын белгилейт, түзүмдөрдүн жана коомдук уюмдардын жетекчилерин, элди алдын-ала кабарлайт.

34.3. Отчетторго элди чакыруу учурунда эң башкысы келген жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү бардык территориялардан өкүл болгондой, кийинки отчеттордо башка адамдар келгендей, отчет уккан адамдар үйүнө барганда тегерегиндегилерге маалымат бергендей кылып уюштуруу зарыл.

34.4. Отчетторду уккандан кийин алар боюнча суроолор берилип, талкуулоо жүргүзүлүп, «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмсс» деп баа берилет.

 

 

 

  1. Жергиликтүү жамааттын башка тараптар (субъектилер) менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери

 

  1. Жергиликтүү жамааттын башка жергиликтүү жамааттар менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери

35.1. Коңшулаш ынтымакта жашоон, муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүргүзүү, айыл чарба жана жайыт жерлерин, чарбалар аралык каналдарды пайдалануу жана оңдоп-түзөө, жана башка маселелер боюнча, зарыл болгон учурда же өз демилгеси боюнча, жергиликтүү жамаат аймагы чектешкен же чектешпеген башка жергиликтүү жамааттар менен алакаларды жүргүзө алат.

35.2. Башка жергиликтүү жамааттар менен алакаларды жүргүзүүнүн тартиби ушул уставдын жана алакалашып жаткан жергиликтүү жамааттардын уставына, макулдашылган жазуу жүзүндөгү же оозеки келишимдик шарттарга ылайык жүргүзүлөт.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын жарандык коомдун түзүмдөрү менен алака жүргүзүүсүнүн эрежелери

36.1. Жергиликтүү кызыкчылыкты коргоп, ал үчүн күрөшкөн жергиликтүү жамааттан айырмаланып жарандык коомдун түзүмдөрү жеке адам менен мамлекеттин, жеке жана мамлекеттик кызыкчылыктардын ортосундагы бириктирүүчү байламта болуп, алардын иш жүргүзүү аймагы өздөрү түзүлгөн жергиликтүү жамааттын территориясы менен чектелбейт.

36.2. Жергиликтүү жамааттар өз аймагында түзүлгөн же башка жакта түзүлүп, бирок өз аймагында иш жүргүзүп жаткан жарандык коомдун түзүмдөрүнүн — айрым топтордун укуктарын коргоо боюнча бирикмелердин, кызыкчылыктар боюнча бирикмелердин, кайрымдуулук уюмдарынын, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо ассоциацияларынын жана өнүгүү уюмдарынын ичинен өз максаттары дал келгендери менен байланыш түзүшөт жана тыгыз иш жүргүзүшөт.

36.3. Консультацияларды өткөрүү, маалымат алмашуу, социалдык маселелерди чечүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иликтөөизилдөө иштери боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуунун негизги формалары болуп саналат.

36.4. Жарандык коомдун түзүмдөрүнүн бардык пайдалуу демилгелерин колдоо, алардын жергиликтүү жамааттагы ыктыярдуулукту, маанилүү иштерди аткаруудагы уюмдашуучулукту жана ишкердүүлүктү арттыруусуна басым жасалат.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн жана сакталышын көзөмөлдөөнүн тартиби

37.1. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин колдонууга киргизүүнүн алдында эрежелер жамааттын бардык мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүлөт.

37.2. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелерин жамааттын мүчөлөрүнө кеңири түшүндүрүү, аларды колдонууга киргизүүнү уюштуруу, колдонуунун жүрүшүндө пайда болгон суроолорго жооп берүү жана көйгөйлөрдү чечүү, эрежелердин аткарылышына жана сакталышына көзөмөл жүогүзүү үчүн айыл аймагынын бөлүктөрү боюнча курамында ардагерлер, жамааттын компетентүү жана ыктыярдуу мүчөлөрү, коомдук уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, диний жамааттын расмий өкүлдөрү ж.б. болгон атайын топтор түзүлөт.

37.3. Жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин эрежелери боюнча атайын топтордун иштөө тартиби топтордун мүчөлөрү тарабынан аныкталат, зарылчылык пайда болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылат.

 

VII. Жергиликтүү жамааттарда жарандардын өз алдынча уюмдашышынын экономикалык – чарбалык негиздери

 

  1. Жергиликтүү жамааттын өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондусу

38.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштардагы сунуштарынын негизинде жергиликтүү бюджетке көз карандысыз каражатка ээ болуу, жамааттын Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондун түзүү үчүн жамааттын мүчөлөрү ыктыярдуу өздөрүнө өздөрү салык салуу жолу менен жылына бир жолу 500-5000 сом өлчөмүндө акчалай салым кошушат.

Жамааттын мүчөлөрүнүн өздөрүнө өздөрү салык салуу маселеси айыл аймагынын/ шаардын бүтүндөй жамаатынын, айыл аймагынын же шаардын кварталдарынын, көчөлөрүнүн, көп кабаттуу үйлөрүнүн, үйлөрдүн подъездеринин жашоочуларынын чогулуштарында, жыйындарында талкууланып чечилет.

38.2. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондуна андан сырткары жамааттын мүчөлөрү, жамаатка кирбеген жеке жарандар, юридикалык жактар салым кошо алышат.

38.3. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фонду «Коомдук фонд» катары коммерциялык эмес уюм катары мамлекеттик каттоодон өтөт жана мыйзамга ылайык аракеттенет.

38.4. Өнүктүрүү жана кайрымдуулук фондунун каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлорго жана кайрымдуулук иштерине жумшалат.

38.5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча долбоорлор жамааттын мүчөлөрү тарабынан ар түрдүү багыттар боюнча, анын ичинде ишкерчиликке (Бизнес-Инкубатор), пайдалуу өнөргө жана кесипке үйрөтүү, жамааттын мүчөлөрүн атуулдукка, адеп-ахлакка тарбиялоо боюнча иштерге арналат.

38.6. Долбоорлор «Коомдук фонд» түзгөн, курамына абройлуу адистер, жергиликтүү кеңештин депутаттары кирген конкурстук комиссия тарабынан каралат. Конкурстук комиссия жактырган долбоорлор «Коомдук фонд» тарабынан каржыланат.

 

VIII. Корутунду жоболор

 

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары

39.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

— алкыш жарыялоо;

— баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;

— грамоталар менен сыйлоо;

-“Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу;

— жамааттын Ардак тактасына илүү;

— жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;

— “Шаардын артактуу жараны” наамын ыйгаруу;

— “Айыл аймагынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;

— “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.

39.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу томөнкү тартипте жүргүзүлөт:

— жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси жашоочулардын жыйынына (чогулушуна), аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, шаар мэрине, шаардын администрациялык районунун башчысына, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, жергиликтүү кеңештин төрагасына таандык;

— алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл”, “Үлгүлүү шаар” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим шаар мэрине же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат;

— Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, “Шаардын артактуу жараны”, “Айыл аймагынын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим шаар мэринин же айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынат.

39.3. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал шаардын же айылдык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн жергиликтүү кеңештин чечими менен берилет. Жергиликтүү кеңеш “Шаардын артактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.

 

  1. Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана өзгөртүүнүн тартиби

41.1. Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору  айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.

41.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:

— жергиликтүү кеңештин төрагасы;

— айыл өкмөтүнүн башчысы;

— жергиликтүү кеңештин депутаттары;

— айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;

— жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү ( айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);

— коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ, КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка шаарда же айылдык аймакта иш алып барган уюмдар).

(Жумушчу топтун түзүмү жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн).

41.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же жергиликтүү кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана жыйындарга (чогулуштарга) же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.

41.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле жыйындын (чогулуштун) катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.

41.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин жергиликтүү кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.

41.6. Жергиликтүү кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.

41.7. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес сандагы мүчөлөрү же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес сандагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан демилгелениши мүмкүн.

41.8. Жергиликтүү жамааттын Уставы аны (Уставды) бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому тийиштүү расмий булактарда жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсү Уставдын текстин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезектеги биринчи   сессиясынын

Токтому    № 26

18-январь   2023-жыл                                                                                  Кашка-Суу айылы

Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга    макулдук берүү жөнүндө

                                                             Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

Токтом кылат

        1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу “Кара-Кабак” айылынын № 962 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүндөгү 1,0 га жер аянтына мектеп куруу үчүн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы                                                                         А.Баатыркулов