Чоң-Алай айылдык кеңешинин токтомдору 05.07.2024-жыл

 

 

 

 

 

 

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

37-сессиясынын кезексиз отурумунун

 

Токтому № 1

19-апрель. 2024-жыл                                                              Дароот-Коргон  айылы

 Чоң-Алай айыл аймагынын административдик чек арасынын схемасынын картасын бекитүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Чоң-Алай айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Чоң-Алай  айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

  1. Чоң-Алай айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
  2. Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы Мойдунов Сталбек Мурзажановичке жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичке Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
  3. Бул токтомдун көчүрмөсү Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                     С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз   отуруму

Токтом № 1

10-май   2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылына  ачылган Дароот-Коргон тарыхый музейине штаттык бирдик кароого макулдук берүү  жөнүндө.

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомун аткарууга алып Чоң-Алай айылдык кеңешинин   7-чакырылышынын депутаттары

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы   № 185 токтомуна ылайык Дароот-Коргон тарыхый музейине башкы сактоочу кызмат орунуна 1 штаттык бирдик ал эми  жана кенже тейлөөчү кызмат орунуна 1 штаттык бирдик жалпы 2 штаттык бирдик  каралсын.
  2. Токтомду аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана ФЭБ башчысы О.Сейдановго  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз   отуруму

 Токтом № 2

10-май   2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

  Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы  жергиликтүү жашоочулардын жайлоого чыгуу жана жайлоодон түшүү мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө

           Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайдын  Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жергиликтүү жашоочулардын жайлоого чыгуу жана жайлоодон түшүү мөөнөтөрүн бекитүү жөнүндө сунуштарын  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жергиликтүү жашоочулардын жайлоого чыгуу мөөнөтү 15-майга калбай жайлоого көчүрүлсүн  ал эми жайлоодон көчүп түшүү мөөнөтү 1-октябрдан кийин болуп бекитилсин.
  2. Жергиликтүү тургундарды белгиленген мөөнөттө жайлоого көчүрүү жана жайлоодон түшүрүүнү көзөмөлгө алуу  ошондой эле түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго, “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайга жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын айыл башчыларына  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                               С.Мойдунов

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз отуруму

Токтом  № 3

10-май      2024-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

       Жар-Башы айылындагы Кичи-Кокту участкасын сел алып кетүү  коркунучунун алдын алуу максатында 1000 метр аралыкка дамба  көтөрүүнү жана Жаш-Тилек айылындагы Сабыр      көпүрөсүнүн  айланасынан 200 метр аралыкты бекемдөөнү райондук  региондорду өнүктүрүү фондуна  сунуштоо  жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун  Жар-Башы айылындагы Кичи-Кокту участкасынын сел алып кетүү коркунучунун алдын алуу максатында 1000 метр аралыкка дамба көтөрүүнү жана Жаш-Тилек айылындагы Сабыр көпүрөсүнүн айланасынан 200 метр аралыкты дамба көтөрүп бекемдөөнү райондук региондорду өнүктүрүү фондуна  сунуштоо  жөнүндө кайрылуусун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин  7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Жар-Башы айылындагы Кичи-Кокту участкасынын сел алып кетүү коркунучунун алдын алуу максатында 1000 метр аралыкка дамба көтөрүүнү жана Жаш-Тилек айылындагы Сабыр көпүрөсүнүн айланасынан 200 метр аралыкка дамба көтөрүп бекемдөө иштерин жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                   С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз   отуруму

Токтом № 4

10-май   2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы  5-07-01-0001-0809 коду менен катталган АЗС куруу үчүн деп берилген 3000 кв. м. жер аянтына АГЗС жана АЗС курууга  макулдук берүү жөнүндө

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Тагаев Закирдин Дароот-Коргон айылындагы 5-07-01-0001-0809 коду менен катталган АЗС куруу үчүн деп берилген 3000 кв.м. жер аянтына АГЗС жана АЗС курууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин   7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы 5-07-01-0001-0809 коду менен катталган АЗС куруу үчүн деп берилген 3000 кв. м. жер аянтына АГЗС жана АЗС курууга макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер маселелери боюнча адистерине милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                               С.Мойдунов

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз   отуруму

Токтом № 5

10-май   2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Кара-Кыр участкасында жайгашкан таштанды таштоочу жайды тазалап (рекультивация) башка жерге жаңыдан  таштанды таштоочу жайды уюштурууга макулдук берүү жөнүндө.

               Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайдын Кара-Кыр участкасындагы таштанды ташточу жайды тазалап  рекультивация кылып  Кара-Кыр участкасына  башка жерге 2,5 га жер аянтына жылдыруу жөнүндө  сунуштарын  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Кара-Кыр участкасында жайгашкан таштанды таштоочу жайда тазалап башка жерге жаңыдан таштанды таштоочу жайды уюштурууга макулдук берилсин.
  2. Мурунку таштанды таштоочу жайды тазалап рекультивация кылып Кара-Кыр участкасынан атайын таштанды таштоочу жай үчүн бөлүнүп берилген 2,5 жер аянтына жаңыдан таштанды таштоочу жайды уюштуруу жана айланасын тосуу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана “Тазалык Памир” муниципалдык ишкансынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайга милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                               С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз   отуруму

 Токтом № 6

10-май   2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн муниципалдык   ишканасына кызматтык авто унаа (Hundai-porter) алуу үчүн акча каражаты бөлүп берүү жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Таштанбековдун “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасына кызматтык авто унаа (Hundai-porter) алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү  сунуштарын  Чоң-Алай айылдык кеңешинин  7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Дара таза сулары” муниципалдык ишканасына кызматтык авто унаа (Hundai-porter) алуу үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен 1 200 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                   С.Мойдунов

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз   отуруму

Токтом № 7

10-май   2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

 “Алянс Континентал” ЖЧКсына эски карызды төлөө үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.

             Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебининин фасадын капиталдык оңдоодон өткөргөн “Алянс Континентал” ЖЧКсына эски карызды төлөө үчүн 3 663 500 сом акча каражатын бөлүп берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин   7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин фасадын капиталдык оңдоодон өткөргөн “Алянс Континентал” ЖЧКсына комиссиянын актысынын негизинде    3 663 500 сом акча каражаты кредитордук карыз катары табылсын жана 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен төлөнүп берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                  С.Мойдунов

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз   отуруму

 Токтом № 8

10-май   2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн муниципалдык ишканаларды колдоо максатында акча каражатын кароо жөнүндө.

             Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн муниципалдык ишканаларды колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен  235 000 сом акча каражатын бөлүп берүү сунушун   Чоң-Алай айылдык кеңешинин  7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасына жашыландыруу кызматына кабыл алынган кызматкердин 2024-жылдын 1-майынан 1-октябрына чейинки кызмат акысына 175 000 сом ал эми “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына электрик катары кабыл алынган кызматкердин 2024-жылдын    1-майынан 1-июлуна чейинки  кызмат акысына 60 000 сом жалпы 235 000 сом акча каражаты субсидия катары төлөнүп берилсин.
  2. Жогоруда белгиленген 235 000 сом акча каражатын төлөп берүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөүнүн башчысы жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                  С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз   отуруму

 Токтом № 9

10-май   2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

 Салык өлчөмдөрүнөн жеңилдиктерди   бекитип берүү  жөнүндө.

            Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жыйымдар жана салыктар боюнча башкы адис Ө.Наримбаевдин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 411-беренесинде белгиленген жеңилдиктерди бекитип  берүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин  7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 411-беренесине ылайык 2024-жылга үй жанындагы короо жай , жер участоктору боюнча салыктан 100 %дык чен менен айыл аймактагы төмөнкү белгиленген топтордогу жарандарга жеңилдиктер берилсин.

 

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистан согушунун жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптарга;
  • кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинен эрезеге жеткенге чейинки балдарына;
  • жеке жак пенсия курагына жеткен Кыргыз Республикасынын жаранына;
  • эрезеге жете элек 4 же андан ашык балдары бар жеке адамдарга.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                  С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз   отуруму

Токтом № 10

10-май   2024-жыл.                                                                     Дароот-Коргон айылы

Дароот-Коргон айылынын тургуну Козубаев Нурмамат  Суранбаевичке  өзүнүн жеке менчигиндеги 2940,0 м2  жер  аянтынын   ичинен 378,60 м2 жер аянтын коммерциялык    багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берүү   жөнүндө.

              Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Козубаев Нурмамат Суранбаевичтин өзүнүн жеке менчигиндеги 2940,0 м2  жер аянтынын ичинен 378,60 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Козубаев Нурмамат Суранбаевичтин өзүнүн жеке менчигиндеги 2940,0 м2  жер аянтынын ичинен 378,60 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берилсин.
  1. Тиешелүү иш кагаздарын жер кодексине ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча  жетектөөчү  адис Э.Абдурахимовго милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                  С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 38-сессиясынын

кезексиз отуруму

Токтом  № 12

10-май      2024-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун  сунушун кароо жөнүндө.

          Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетине грант катары түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин   38-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аппараттын атайын каражаттар бөлүмүнө грант катары түшкөн 1 000 000 сом акча каражаты бюджетке чегерилип гранттын максаттуу долбооруна жумшалсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                  С.Мойдунов