Кашка-Суу айылдык кеңешинин токтомдору 17.01.2024-жыл

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясынын

 Токтому    № 4

 11-сентябрь   2023-жыл                                                                              Кашка-Суу айылы

 

Жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга

(трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

  Кашка-Суу айылдык аймактык кеңеши:

 ТОКТОМ  КЫЛАТ

      1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу  Кашка-Суу айылындагы  “Балык-Жууган”  участкасынын  № 195 контурунан 5,0 га  жер аянтын айыл чарба багытында сугат жер катары пайдалануу үчүн  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын  жайыт түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын  сугат айдоо  түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүүнүн башчысы  Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча  туруктуу комиссиясына жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы   тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айыл аймактык

             кеңешинин төрагасы                                                             А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясынын

 Токтому    № 5

 11-сентябрь   2023-жыл                                                                              Кашка-Суу айылы

 

                                  Көчөгө ат ыйгаруу жөнүндө

 

Кашка-Суу айылынын тургуну Ж.Асановдун жана  көчө тургундарынын Кашка-Суу айылынын  “Бор-Тумшук” участкасындагы  дарыянын жээгиндеги көчөгө эмгек ардагери, айылдын ардактуу аксакалы Конокбай Асановдун  атын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:

 ТОКТОМ  КЫЛАТ

      1.Кашка-Суу айылынын  “Бор-Тумшук” участкасындагы  дарыянын жээгиндеги көчөгө эмгек ардагери, айылдын ардактуу аксакалы  Конокбай Асановдун аты ыйгарылсын.

2.Көчөнүн тазалыгын жана иреттүүлүгүн карап туруу Конокбай Асановдун  туугандарына тапшырылсын.

3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка- Суу айыл аймактык

             кеңешинин төрагасы                                                             А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз онунчу   сессиясынын

Токтому    № 1

25-декабрь 2023-жыл                                                                                               Кашка-Суу айылы

                                                                              Депутаттарды сессияга чакыруу  жөнүндө

            Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз онунчу  сессиясын өткөрүү үчүн 2023-жылдын 25-декабрь   күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

     1.Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  онунчу  сессиясын өткөрүү үчүн 2023-жылдын 25-декабрь  күнү саат 900 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары  Кашка-Суу айыл өкмөтүнө  чакырылсын.

  1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага  жана айыл башчыларына   милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов

 

 

 

 

 

 

 

 Кашка-Суу   айылдык  аймагынын  кеңешинин    VII чакырылышынын кезексиз онунчу   сессиясынын

Токтому    № 2

                                                                                             25-декабрь 2023-жыл                                                                         Кашка-Суу айылы

                                                                                                                                                                 Мектепке ат ыйгаруу жөнүндө

            Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Бурган-Суу айылындагы “Бурган-Суу” орто мектебине белгилүү тарыхчы,тарых илимдеринин доктору маркум  Жумабаев Бектемир Миталиповичтин атын ыйгаруу максатында:

    ТОКТОМ КЫЛАТ

     1.Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Бурган-Суу айылындагы “Бурган-Суу” орто мектебине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын                                         22-мартындагы №159 токтомунун 2-пунктуна ылайык белгилүү тарыхчы, тарых илимдеринин доктору маркум Жумабаев Бектемир Миталиповичтин аты ыйгарылсын.

2.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кашка-Суу айыл аймактык  кеңешинин төрагасы                            А.Баатыркулов