Чоң-Алай айылдык кеңешинин токтомдору 28.02.2024

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 32-сессиясынын

кезектеги отуруму

 

Токтом  № 1

5-октябрь      2023-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

                                                                                                         Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу  жөнүндө.

Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин   2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга  жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жана делегаттарды  шайлоо боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин  32-сессиясынын кезектеги  отурумун угуп  талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айылдык аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрь күнү  саат 10-00гө Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө  өткөрүлсүн .
  2. Чоң-Алай айылдык аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын курамы калктын санына жараша  төмөнкүдөй санда тураары белгиленсин.
  • Кызыл-Эшме айылынан 10 делегат
  • Кызыл-Туу айылынан 4 делегат
  • Дароот-Коргон , Кара-Шыбак айылдарынан 40 делегат
  • Чак айылынан 15 делегат
  • Жаш-Тилек айылынан 11 делегат
  • Жар-Башы айылынан 16 делегат
  • Кулчу, Сары-Булак айылдарынан 4 делегат жалпы 100 делегат.
  1. Чоң-Алай айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 5  кишиден бекитилсин.  тиркеме тиркелет. (№ 1-тиркеме)
  1. Айыл өкмөтүндө өтүүчү өкүлчүлүктүү жыйынына айылдар боюнча  делегаттарды  шайлоо жыйындары 2023-жылдын  16-октябрдан 26-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөөрү эскертилсин. (№ 2 тиркеме)
  2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнун аппараты өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жана  уюштурууга, жумушчу топко ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө жана белгиленген мөөнөттө графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын өтүүчү жайды тиешелүү жабдыктар менен камсыздоого милдеттендирилсин.
  3. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө айылдар боюнча жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жана жыйынды өткөрүү боюнча бекитилген жумушчу топтун курамына жүктөлсүн.

 

 Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                          С.Мойдунов

 

 

 

 

Тиркеме № 1

 Чоң-Алай айылдык кенешинин 2023-жылдын

5-октябрындагы  № 32-сессиясынын  кезектеги  

отурумунун  № 1 токтому менен бекитилген

 

 

Чоң-Алай айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы

  

А.А.Т Кызматы
1. Мойдунов Сталбек Мурзажанович Төрага
2 Турдалиев Касымбек Абдилазизович Катчы
3 Раимбердиева Тойжан Жолдошбаевна Мүчө
4 Абдилай уулу Таалай Мүчө
5 Кудратиллаев Абдразак Мүчө

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                                                              К.Турдалиев

  

 

 

 

   Тиркеме № 2

 Чоң-Алай айылдык кенешинин 2023-жылдын

5-октябрындагы  № 32-сессиясынын  кезектеги  

отурумунун  № 1 токтому менен бекитилген

                                                                                                             

Чоң-Алай айыл аймагынын жергиликтүү курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын)

 ГРАФИГИ

 

Жыйын өтүүчү орду Убактысы Калктын саны Делегаттардын саны Жооптуулар
күнү сааты
1 Кызыл-Эшме айылы Ынакбай уулу Келдибек атындагы орто мектеби 16.10.2023 10-00 1573 10 Ж.Эрмекбаева.

А.Ташболотов.

Жумушчу топтун курамы

2 Кулчу, Сары-Булак айылы К.Жапаров атындагы орто мектеби 16.10.2023 10-00 650 4 А.Жусупов.

А.Даниярова.

Жумушчу топтун курамы

3 Дароот-Коргон, Кара-Шыбак Б.Акимбеков атындагы маданият үйү 19.10.2023 10-00 6687 40 Ш.Маматкаимова.

З.Үсөнова.

Ө.Калыков.

Ү.Исакова.

Жумушчу топтун курамы

4 Чак айылы         Көк-Суу орто мектеби 19.10.2023 10-00 2730 15 Маматали уулу А.

М.Мурзаева.

Рахманали уулу А.

Жумушчу топтун курамы

5 Кызыл-Туу айылы        Кызыл-Туу балдар бакчасы 20.10.2023 10-00 596 4 А.Ажимуратов.

С.Мурзабеков.

Жумушчу топтун курамы

6 Жар-Башы айылы Н.Кармышев  орто мектеби 20.10.2023 10-00 2920 16 А.Жусупов.

А.Даниярова.

К.Жусупова.

Жумушчу топтун курамы

7 Жаш-Тилек айылы З.Каримбеков орто мектеби 21.10.2023 10-00 1980 11 Абдилай уулу Т.

Г.Асаналиева.

Жумушчу топтун курамы

* Жалпы     17351 100  

  

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                                                              К.Турдалиев

      

Тиркеме № 3

 Чоң-Алай айылдык кенешинин 2023-жылдын

5-октябрындагы  № 32-сессиясынын  кезектеги  

отурумунун  № 1 токтому менен бекитилген

                                                                                                                

  Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө айылдар боюнча  жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси

 

Айылдардын аталышы Жооптуу депутаттардын тизмеги Эскертүү
1 Кызыл-Эшме Ж. Эрмекбаева

А.Тошполотов

 
2 Кызыл-Туу А.Ажимуратов

С.Мурзабеков

 
3 Дароот-Коргон, Кара-Шыбак Ш.Маматкаимова

З.Үсөнова

Ө.Калыков

Ү. Исакова

 
4 Чак Маматали у А

М.Мурзаева

Рахманали у А

 
5 Жаш-Тилек Абдилай у Т

Г.Асаналева

 
6 Жар-Башы А.Жусупов

А.Даниярова

К.Жусупова

 
7 Кулчу, Сары-Булак А.Жусупов

А.Даниярова

 

  

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                                                              К.Турдалиев

 

 

  

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 32-сессиясынын

кезектеги отуруму

Токтом  № 2

      2023-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

                                                                                            Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 9 ай  ичинде аткарылышын кароо жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде аткарылышы тууралуу           Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин     32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 9 ай ичиндеги киреше бөлүгү                     60 604 335 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү  59 434 891  сомду түзүп
  • аппаратка 16 941 618  сом
  • мектептерге 7 981 300 сом
  • бала бакчаларга 9 823 755 сом
  • бала бакчалардын атайын каражатарына 1 676 104 сом
  • китепканаларга 1 223 705   сом
  • маданий иш чараларга 1 256 500 сом
  • клубтарга 1 585 511  сом
  • өзгөчө кырдаалдарга 770 000 сом
  • ЖКХ 14 290 803  сом
  • социалдык жардамдарга 309 500 сом
  • компенсацияга 1 434 600 сом
  • соц пакетке 157 410 сом
  • айылдык кеңешке 699 045 сом
  • статистке 446 040 сом
  • жайытка 839 000 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                             С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 32-сессиясынын

кезектеги отуруму

 Токтом № 3

5-октябрь      2023-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

                                                       Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 6-октябрындагы  № 2217 чыгыш сандуу сунуш катын   кароо   жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Сары-Таш участкасындагы 0,10 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин  32-сессиясынын кезектеги  отурумун угуп  талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш участкасындагы № 1307, 1312 контурунда жайгашкан чопо, таш болуп бекитилген тактап айтканда ыңгайсыз болгон 0,10 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

 

  1. Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарана ылайык бүтүрүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                                              С.Мойдунов

  

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 32-сессиясынын

кезектеги отуруму

 Токтом № 4

5-октябрь      2023-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

                                                         Ч оң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 19-сентябрындагы  № 2119 чыгыш сандуу сунуш катын   кароо   жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасы ишканасынын 2023-жылдын 25-августундагы  № 11/1839 сандуу Кум-Талаа участкасындагы 0,80 га муниципалдык менчикте турган жер аянтын пайдалануудан баш тартуу жөнүндө катына ылайык, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун № 2119 чыгыш сандуу сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин  32-сессиясынын кезектеги  отурумун угуп  талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасы ишканасынын менчигинде турган Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасындагы 5-07-01-1008-0619 коду менен катталган 0,80 га  жер аянты (пайдубалы) менен  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн балансасына муниципалдык менчикке кайтарылып алынсын.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык бүтүрүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Чоң-Алай айылдык

кеңешиниyтөрагасы:                                                                                 С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 32-сессиясынын

кезектеги отуруму

Токтом № 5

5-октябрь      2023-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

                      Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 29-сессиясынын кезексиз отурумунун № 7-токтомуна толуктоолорду киргизүү  жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 2023-жылдын 20-апрелиндеги № 29-сессиясынын кезексиз отурумунун № 7-токтомуна толуктоолорду киргизүү  жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин  32-сессиясынын кезектеги  отурумун угуп  талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Кара-Таш участасындагы Көк-Жар участкасына баруучу эки каналдын ортосунда жайгашкан Айыл чарба багытындагы жайыт эсебинде турган 70,0 га жер аянтына Артылма участкасындагы жайыт эсебинде турган 50,0 га жер аянтын кошуп жалпы 120,0  га жер аянтын өздөштүрүү үчүн тактап айтканда  сугат айдоо аянтына которууга макулдук берилсин.

 

  1. Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарана ылайык бүтүрүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                     С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 32-сессиясынын

кезектеги отуруму

 Токтом № 6

5-октябрь      2023-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы Чак айылынын жаштар өнүктүрүү фондунун эсебинен курулган балдар бакчасына “Баластан” ысымын ыйгаруу жөнүндө.

Чак айылына жаңыдан курулган балдар бакчасына “Баластан” балдар бакчасы болуп аталышы боюнча Чак айылынын элдик жыйынынын протоколуна ылайык  Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин  32-сессиясынын кезектеги  отурумун угуп  талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылына жаңыдан курулган балдар бакчасы Чак айылынын жергиликтүү тургундарынын сунуштарына ылайык “Баластан” балдар бакчасы болуп аталсын.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарана ылайык бүтүрүү жана балдар бакчасынын иштешин камсыз кылуу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовго жана ФЭБ башчысы О.Сейдановго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                  С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 32-сессиясынын

кезектеги отуруму

Токтом  № 7

5-октябрь      2023-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

                                                                       Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын                                                                  2021-жылдын 15-майындагы   1-сессиясынын кезектеги                                                                            отурумунун  № 3 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты АЖусуповдун  сунушу боюнча  Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин  32-сессиясынын кезектеги  отурумун угуп  талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2021-жылдын 15-майындагы 1-сессиясынын кезектеги отурумунун № 3 токтомунда бекитилген айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча курамы төмөнкүдөй болуп толукталып түзүлсүн.
  • Комитеттин төрагасы: Кудратиллаев Абдразак Исматиллаевич
  • Комитеттин мүчөлөрү: Жусупов Акылбек Маматякутович
  • Жалалидин уулу Кожош
  • Рахманали уулу Абдугапар
  • Мадалиев Галдарбек Абдиганыевич

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                   С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 32-сессиясынын

кезектеги отуруму

Токтом  № 8

5-октябрь      2023-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

                                                      Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бекитилген бюджетинин 3111 беренесинен 2215 беренесине акча каражатын жылдыруу жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 3111 курулуштар беренесинен 2215 кызмат көрсөтүү беренесине 4 000 000 сом акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин  32-сессиясынын кезектеги  отурумун угуп  талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун сунушуна ылайык  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бекитилген бюджетинин 3111 курулуштар беренесинен 4 000 000 сом акча каражатын 2215 кызмат көрсөтүү беренесине жылдырып жумшоого макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын..

 

 Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                        С.Мойдунов

 

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 32-сессиясынын

кезектеги отуруму

Токтом  № 9

5-октябрь      2023-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын жаңыдан курууну жана таштанды ташып чыгаруу үчүн (мусоровоз) техникасын алып берүүнү райондук региондорду өнүктүрүү фондуна  сунуштоо  жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын жаңыдан курууну жана таштанды ташып чыгаруу үчүн  (мусоровоз) техникасын алып берүүнү райондук региондорду өнүктүрүү фондуна  сунуштоо  жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын жаңыдан курууну жана таштанды ташып чыгаруу үчүн (мусоровоз) техникасын алып берүүнү жергиликтүү бюджеттин тартышсыздыгына байланыштуу райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                    С.Мойдунов

 

 

 

 

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 32-сессиясынын

кезектеги отуруму

Токтом  № 10

5-октябрь      2023-жыл                                                                          Дароот-Коргон айылы

                                                                                                     Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын                                                                1-ноябрындагы  24-сессиясынын кезектеги отурумунун № 4 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын  1-ноябрындагы 24-сессиясынын кезектеги отурумунун       Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга өнүгүү стратегиялык планына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга бекитилген өнүгүү стратегиялык планына тактап айтканда Дароот-Коргон айылы боюнча сурамжылоо анкетасынын жыйынтыгы баракчасынын 2-пунктуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин.
  • Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылындагы борбордук жалпы дарыгерлердин практикалык борборун “АРИС” долбоорунун алкагында медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маданий маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                 С.Мойдунов

 

 

 

 

                                                                  

                                                                                      Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2023- жылдын    

                                                                                5-октябрындагы 32-сессиясынын кезектеги 

                                                                                 отурумунун № 10 токтомуна № 1-тиркеме

   Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга бекитилген өнүгүү стратегиялык планына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.

  • Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылындагы борбордук жалпы дарыгерлердин практикалык борборун “АРИС” долбоорунун алкагында медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу

  

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

жооптуу катчысы:                                                                          К.Турдалиев

 

 

  

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

33-сессиясынын кезексиз отуруму

ТОКТОМ № 1

30-ноябрь.  2023-жыл                                                          Дароот-Коргон  айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык  орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү  үчүн өздүк салымга акча каражатын  кароо жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун  Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык  орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү  үчүн өздүк салымга акча каражатын  кароо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин   7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин   33-сессиясынын кезексиз  отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин  жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү  үчүн өздүк салымга Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитиле турган  жергиликтүү бюджетинин эсебинен   1 388 350  сом бөлүнүп берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                    С.Мойдунов

 

 

 

 

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

33-сессиясынын кезексиз отуруму

ТОКТОМ № 2

30-ноябрь.  2023-жыл                                                          Дароот-Коргон  айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу  үчүн өздүк салымга акча каражатын  кароо жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун  Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу  үчүн өздүк салымга акча каражатын  кароо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин   33-сессиясынын кезексиз  отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ.

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк  салымга Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитиле турган  жергиликтүү бюджетинин эсебинен   2 740 785   сом бөлүнүп берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                      С.Мойдунов

 

 

  

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

33-сессиясынын кезексиз отуруму

 ТОКТОМ № 3

30-ноябрь.  2023-жыл                                                           Дароот-Коргон  айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Н.Туйгунов атындагы каналды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салымга акча каражатын  кароо жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун  Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Н.Туйгунов атындагы каналды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салымга акча каражатын  кароо жөнүндө сунушун           Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин     33-сессиясынын кезексиз  отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Н.Туйгунов атындагы каналды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салымга Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитиле турган  жергиликтүү бюджетинин эсебинен   721 314  сом бөлүнүп берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                      С.Мойдунов

 

 

 

 

 Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 33-сессиясынын

кезектеги   отуруму

 Токтом № 4

30-ноябрь.  2023-жыл                                                                      Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылынын Сай-Ичи  участкасынын  № 927  контурунда таштуу жайытта жайгашкан 0,30  га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Жаш-Тилек айылынын Сай-Ичи  участкасынын  № 927  контурунда таштуу жайытта жайгашкан 0,30  га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушун   Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин                       33-сессиясынын кезектеги  отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылынын Сай-Ичи участкасынын  № 927  контурунда таштуу жайытта жайгашкан 0,30  га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

  1. Тиешелелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                   С.Мойдунов

 

 

 

Чон-Алай айылдык кенешинин  жетинчи  чакырылышынын

34-сессиясынын кезексиз отуруму

 ТОКТОМ № 1

18-декабрь  2023-жыл                                                     Дароот-Коргон  айылы

                          Чоң-Алай айылдык кеңешинин  7-чакырылышынын депутаттарынын   2023-жылдын 20-апрелиндеги  29-сессиясынын   № 2-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө.

 Чоң-Алай райондук прокуратурасынын 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 2к-65-23 сандуу каршылык билдирүүсүн Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары угуп, талкуулап .

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Малдарын эгин жайларга түшүргөн мал жандыктардын ээлерине айып пул салуу, ошондой эле, жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарда мал жаюу графигин бузган жайыт пайдалануучуларга айып пул салуу жергиликтүү кеңештердин компетенцияларына кирбегендигине байланыштуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 2023-жылдын  20-апрелиндеги   29-сессиясынын № 2 токтому жокко чыгарылсын.

 

  1. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                     С.Мойдунов

 

 

  

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

34-сессиясынын кезексиз отуруму

ТОКТОМ № 2

18-декабрь  2023-жыл                                                       Дароот-Коргон  айылы

                                                    “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын,                                                     транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери                                 жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга        (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасынын  № 1360 контурунда жайгашкан  таштуу жайыт эсебинде турган 0,10  га жер аянтын  Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары Чоң-Алай айылдык кеңешинин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасынын № 1360 контурунда жайгашкан  таштуу жайыт эсебинде турган 0,10  га жер аянтын  Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

 

  1. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                        С.Мойдунов

 

 

 

 

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

34-сессиясынын кезексиз отуруму

ТОКТОМ № 3

18-декабрь  2023-жыл                                                      Дароот-Коргон  айылы

                                                     Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 18-декабрындагы      № 3303 чыгыш сандуу сунушун кароо жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Мурзаев Эгембердинин ПМК участкасындагы өзүнүн жеке менчик жеринен 0,02 га жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин   7-чакырылышынын депутаттары Чоң-Алай айылдык кеңешинин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Мурзаев Эгембердинин ПМК участкасындагы өзүнүн жеке менчигиндеги 0,14 га жер аянтынын ичинен 0,02 га жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдаланууга макулдук берилсин.

 

  1. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                     С.Мойдунов

 

 

 

 

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

34-сессиясынын кезексиз отуруму

ТОКТОМ № 4

18-декабрь  2023-жыл                                                   Дароот-Коргон  айылы

 

                                                           Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 18-декабрындагы    № 3302 чыгыш сандуу сунушун кароо жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кыр участкасынан 2,5 га жер аянтын таштанды таштоочу жер катары пайдаланууга берүү  жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин     7-чакырылышынын депутаттары Чоң-Алай айылдык кеңешинин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кыр участкасынан 2,5 га жер аянтын Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын ичинен чыккан таштандыны таштоочу жер катары пайдаланууга макулдук берилсин.

 

  1. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

 

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

34-сессиясынын кезексиз отуруму

ТОКТОМ № 5

18-декабрь  2023-жыл                                                Дароот-Коргон  айылы

“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шыбак участкасынын  № 1293 контурунда жайгашкан  таштуу жайыт эсебинде турган 0,25  га жер аянтын  Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары   Чоң-Алай айылдык кеңешинин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Шыбак участкасынын № 1293 контурунда жайгашкан  таштуу жайыт эсебинде турган 0,25 га жер аянтын  Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, танспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

 

  1. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                        С.Мойдунов

 

 

 

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

34-сессиясынын кезексиз отуруму

 ТОКТОМ № 6

18-декабрь  2023-жыл                                         Дароот-Коргон  айылы

                                                     Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 14-декабрындагы      № 3296 чыгыш сандуу сунушун кароо жөнүндө.

  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Берк-Суу участкасындагы № 2316 контурунда жайгашкан 0,05 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан курулуш алдындагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары Чоң-Алай айылдык кеңешинин                         34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Берк-Суу участкасындагы № 2316 контурунда жайгашкан 0,05 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан курулуш алдындагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

 

  1. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                           С.Мойдунов

 

 

 

 

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

34-сессиясынын кезексиз отуруму

ТОКТОМ № 7

18-декабрь  2023-жыл                                            Дароот-Коргон  айылы

 

“Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына автокран (мануплятор) техникасын алып берүүнү Ош облусунун өнүктүрүү фонду мекемесине сунуштоо  жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун “Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына автокран (мануплятор) техникасын алып берүүнү Ош облусунун өнүктүрүү фонду мекемесине сунуштоо  жөнүндө кайрылуусун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин  7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. “Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына автокран (мануплятор) техникасын алып берүү жагы жергиликтүү бюджеттин тартышсыздыгына байланыштуу Ош облусунун өнүктүрүү фонду мекемесине  сунушталсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына

  Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                   С.Мойдунов

 

 

 

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

34-сессиясынын кезексиз отуруму

 ТОКТОМ № 8

18-декабрь  2023-жыл                                                   Дароот-Коргон  айылы

 

Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Туйгунов Мунарбек Жээнбековичке Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө.

Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Туйгунов Мунарбек Жээнбековичке Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты Ө.Калыковдун сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Туйгунов Мунарбек Жээнбековичке Чоң-Алай айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                      С.Мойдунов

 

 

 

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

34-сессиясынын кезексиз отуруму

ТОК ТОМ № 9

18-декабрь  2023-жыл                                                 Дароот-Коргон  айылы

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдар баюнча таштанды салыгын бекитүү  жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдар боюнча таштанды салыктарын бекитип берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы физикалык жактарга таштанды салыгы 2024-жыл үчүн 80 сомдон ал эми юридикалык жактарга 100 сомдон болуп бекитилсин.

 

  1. Таштанды салыгын физикалык жана юридикалык жактарга 2024-жылдын 1-майына чейин отчётун берүү жана төлөмүн жылдын 1-сентябрынан кечиктирилбестен төлөөлөрү белгиленсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

   Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                        С.Мойдунов

 

 

 

  

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи  чакырылышынын

34-сессиясынын кезексиз отуруму

 ТОКТОМ № 10

18-декабрь  2023-жыл                                             Дароот-Коргон  айылы

                                                           Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы жаңыдан курулган мечитке “Гламидин Ажы” ысымын ыйгаруу жөнүндө.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы жаңыдан курулган мечитке “Гламидин Ажы” ысымын ыйгаруу жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

ТОКТОМ   КЫЛАТ

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылындагы жаңыдан курулган мечитке “Гламидин Ажы” ысымы ыйгарылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:                                                                          С.Мойдунов