Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 35-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 1
12-январь 2024-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 35-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 56 984 600 сом болуп бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.
- аппаратка 23 297 900 сом
- апараттын атайын каражатына 75 000 сом
- айылдык кеңешке 1 008 100 сом
- мектептерге 6 930 000 сом
- бала бакчаларга 7 625 000 сом
- бала бакчалардын атайын каражатына 3 375 000 сом
- китепканаларга 2 121 200 сом
- маданий иш чараларга 1 045 000 сом
- клубтарга 2 257 100 сом
- өзгөчө кырдаалдарга 790 000 сом
- ЖКХ 5 724 800 сом
- социалдык жардамдарга 400 000 сом
- жайытка 2 335 500 сом бөлүнүп жумшалсын.
- Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармек жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аппаратына 30 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 3 штат.
-Чоң-Алай айылдык кенешине жооптуу катчы 1 штат каралсын.
— Клубтарга 8 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү 4 штат.
— Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр-жай курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичке жүктөлсүн.
- Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2024-жылдын 12-январынан тартып күчүнө кирет.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 35-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 2
12-январь 2024-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара таза суулары ” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара таза суулары ” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 35-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында “Дара таза суулары”муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
- “Дара таза суулары”муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ушул көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырас.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 35-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 3
12-январь 2024-жыл Дароот-Коргон айылы
Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасындагы №1271 контурунда жайгашкан таштуу жайыт болуп белгиленген 0,30 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароо-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасындагы №1271 контурунда жайгашкан таштуу жайыт болуп белгиленген 0,30 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 35-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасындагы №1271 контурунда жайгашкан таштуу жайыт болуп белгиленген 0,30 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 35-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 4
12-январь 2024-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 6-октябрындагы № 2220 чыгыш сандуу сунушун кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 2220 чыгыш сандуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Туз участкасындагы № 2701 контурунда жайгашкан короо (зимовка) болуп белгиленген, эски кашардын ордун 0,10 га жер аянтын айыл өкмөтүн балансасына кабыл алып аукцион аркылуу короо сарай салууга макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 35-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Туз участкасындагы № 2701 контурунда жайгашкан короо (зимовка) болуп белгиленген 0,10 га жер аянтын айыл өкмөтүн балансасына кабыл алынсын жана аукцион аркылуу короо сарай салууга макулдук берилсин.
- Жогорудагы маселе боюнча жер мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча жер адисерине милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 35-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 5
12-январь 2024-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак, Жар-Башы айылдарына жана Дароот-Коргон айылындагы жаңыдан курулган А.Рахманова атындагы балдар бакчаларына индексациялык төлөмдөрүн кароого макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак, Жар-Башы айылдарына жана Дароот-Коргон айылындагы жаңыдан курулган А.Рахманова атындагы балдар бакчаларына индексациялык төлөмдөрүн төлөө жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 35-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак, Жар-Башы айылдарына жана Дароот-Коргон айылындагы жаңыдан курулган А.Рахманова атындагы балдар бакчаларына индексациялык төлөмдү айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттарынын эсебинен төлөөгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 1
3-апрель 2024-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышын кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин жыл ичинде аткарылышы тууралуу маалыматын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин жыл ичиндеги киреше бөлүгү 85 040 322 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү 71 123 922 сомду түзүп
- аппаратка 24 064 314 сом
- айылдык кеңешке 963 875 сом
- жайытка 839 000 сом
- ЖКХ 21 030 695 сом
- өзгөчө кырдаалдарга 250 000 сом
- мектептерге 8 037 370 сом
- маданий иш чараларга 800 000 сом
- бала бакчаларга 10 606 368 сом
- клубтарга 2 298 100 сом
- китепканаларга 1 885 700 сом
- социалдык жардамдарга 348 500 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 2
3-апрель 2024-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинен 2024-жылга калган калдыкты кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинен 2024-жылга карата калган калдыктарды бөлүштүрүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинен калган 13 916 400 сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилип төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
— маданий иш-чараларга 50 000 сом
— ЖКХ 4 267 200 сом
— мектептерге 4 299 200 сом
— бала бакчаларга 5 250 000 сом
— китепканаларга 50 000 сом.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана
социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 3
3-апрель 2024-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн акча каражатын кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө өздүк салым үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен 6 000 000 сом бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социлдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айлдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 4
3-апрель 2024-жыл. Дароот-Коргон айылы
Кызыл-Эшме айылдык маданият үйүнүн башчысы Абдимуталип уулу таланттын кайрылуусун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу КызылЭшме айылындагы маданият үйүнүн башчысынын Кызыл-Эшме айылдык маданият үйүнө керектелүүчү музыкалык аппаратура жана эмеректерди алууга акча каражатын бөлүп берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме айылындагы маданият үйүнө керектелүүчү музыкалык аппаратура жана эмеректерди алуу үчүн Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен 267 000 сом бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социлдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айлдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 5
3-апрель 2024-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы ичүүчү таза сууларды Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара таза суулары ” муниципалдык ишканасына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы ичүүчү таза сууларды Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу, Чак, Жаш-Тилек, Кызыл-Эшме айылдарындагы ичүүчү таза сууларын курулуштары менен Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасына өткөрүүгө макулдук берилсин.
- Жогоруда аты аталган айылдардагы таза сууларга тиешелүү иш кагаздарын тактап, толуктап Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасына кабыл алуу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Таштанбековго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 6
3-апрель 2024-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык-Памир” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык-Памир” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырлышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында “Тазалык-Памир” муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомунун негизинде жайыт пайдалануучулар бирикмеси ишмердүүлүгү айыл өкмөттөрдүн карамагына өткөндүгүнө байланыштуу “Тазалык-Памир” муниципалдык ишканасы жайыттарды пайдаланууну, тазалыкты, жашылдандырууну өзүнө камтысын.
- “Тазалык-Памир” муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан юридикалык жак катары каттоодон өткөрүлсүн.
- Тиешелүү иш кагаздардын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичке милдеттендирилсин.
Ушул көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылганы ырас.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 7
3-апрель 2024-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө контрактык негизде кошумча кабыл алынган кызматкерлердин эмгек акыларынын ченемин бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чон-Алай айыл өкмөтүнө максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө жараша шттаттын жалпы санынан тышкары, контракттык негизде кошумча шттаттык бирдикке кабыл алынган кызматкерлердин эмгек акыларынын өлчөмүн белгилеп жана бекитип берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 01-25/63 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарында штаттан тышкары контракттык негизинде кабыл алынган айыл башчылардын жана кызматкерлердин ишин уюштуруу боюнча буйругу менен бекитилген Усулдук колдонмого ылайык айыл өкмөтүнө контракттык негизде кабыл алынган кызматкерлердин эмгек акысы бардык салык төгүмдөрүн жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн эске алуу менен жалпы 35 000 (оттуз беш миң) сом болуп белгиленсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 8
3-апрель 2024-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2024-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражатынан калган 87 700 сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.
- Аппараттын атайын каражаттарына 87 700 сом
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социлдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 9
3-апрель 2024-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК кобинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынын 2024-жылга карата калган калдыгын бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана ФЭБ башчысы О.Сейдановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2023-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынын 2024-жылга карата калган калдыгын бөлүштүрүү боюнча долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө 2023-жылга карата “Кайди” алтын ылгоочу ЖЧК комбинаты тарабынан, социалдык пакеттен бөлүнгөн акча каражатынан калган калдык 61 000 сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетине өткөрүлүп берилсин жана төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
- Дароот-Коргон айылындагы спорт комплекстин от казанынан калган карызды төлөө үчүн 61 000 сом
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 10
3-апрель 2024-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын 2023-жылдагы атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2024-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын 2023-жылдагы атайын каражатынан калган 293 800 сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.
- Бала бакчалардагы балдардын тамак ашы үчүн 293 800 сом
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 11
3-апрель 2024-жыл. Дароот-Коргон айылы
Жайыт комитетинин 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган калдыктарды бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жайыт тармагы боюнча 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражаттарынан калган акча каражатын 2024-жылдын бюджетине өткөрүү жана кайра бекитүү жөнүндөгү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Жайыт комитетинин 2023-жылдагы атайын каражатынан калган 20 сом акча каражаты 2024-жылдын бюджетине өткөрүлүп төмөнкүдөй жумшалсын.
- жайыт комитетинин атайын каражатына 20 сом.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 36-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 12
3-апрель 2024-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин кайрылуусун кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу, Чак, Жаш-Тилек айылдарындагы жана Дароот-Коргон айылындагы Н.Туйгунов атындагы каналдарды жазгы сугат иштерине карата тазалоодо каналдардын кырына өз алдынча өсүп чыгып каналга жолтоо кылган бак-дарактарды алып салуу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 36-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кулчу, Чак, Жаш-Тилек айылдарындагы каналдардын жана Дароот-Коргон айылындагы Насиридин Туйгунов атындагы каналын жазгы сугат иштерине карата тазалоодо каналдардын кырына өз алдынча өсүп чыгып каналга жолтоо кылган бак-дарактарды алып салууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов