
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 1
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышын кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмонали Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин 6 ай ичинде аткарылышы тууралуу билдирүүсүн Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 8-сессиясынын кезектеги отуруму угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин 6 ай ичиндеги киреше бөлүгү 36 078 500 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү32 860 863сомду түзүп
- аппаратка 9 910 781сом
- аппараттын атайын каражатына 75 000 сом
- айылдык кеңешке 639 331 сом
- жайытка 611 600 сом
- ЖКХ 11 009 000 сом
- өзгөчө кырдаалдарга 154 000 сом
- мектептерге1 640 000сом
- бала бакчаларга 5 575 000 сом
- бала бакчалардын атайын каражатарына 3 735 000 сом
- маданий иш чараларга 520 000 сом
- клубтарга 1 005 899 сом
- китепканаларга 989 995 сом
- музейге 450 257 сом
- социалдык жардамдарга 355 000 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 2
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы О.Сейдановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү долбоору боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 8-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн 2 500 000 сом акча каражаты айыл өкмөттүн 2025-жылдагы бюджетине толукталып алымча кошумчасы менен төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
— Алтын-Дара балдар бакчасынын фасадын оңдоого 300 000 сом
— З.Каримбеков орто мектебинин эшиктерин алмаштырууга 300 000 сом
— Н.Нуридинов балдар бакчасына керектелүүчү жабдыктарды сатып алууга 250 000сом
— Н.Кармышев атындагы орто мектебине стол, стул сатып алууга 200 000 сом
— Дара балдар бакчасына печка сатып алууга 170 000 сом
— Көк-Суу балдар бакчасынын балдар ойноочу аянтчасына тосмо тосууга127 000 сом
— Дара участкасына тосмо тосууга 98 000 сом
— Жаш-Тилек айылынын таза-суусун оңдоого 240 000 сом
— Айыл өкмөтүндөгү техникаларга запчаст сатып алууга 600 000 сом
— ПМК спорт залын сырдоого 40 000 сом
— Жаш-Тилек айылдагы Билим балдар бакчасынын катардагы ремонтуна 30 000 сом
— Н.Кармышев орто мектебинин проектисин жасатууга 60 000 сом
— Көк-Суу айылындагы жаңы садике эмерек сатып алууга 40 000 сом
— Алтын-Дара балдар бакчасынын катардагы ремонтуна 45 000 сом.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана
социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 3
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылынын Чеп участкасынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган 0,10 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылынын Чеп участкасындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан таштуу жайыт эсебинде турган 0,10 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылынын Чеп участкасындагы № 79 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган 0,10 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.А. Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 4
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме айылынын Ооз участкасынан“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган 4,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме айылынын Ооз участкасынан “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган 4,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме айылынын Ооз участкасындагы № 1299, 1302, 318 контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт, кысыр аңыз, таза жайыт эсебинде турган 4,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.А. Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 5
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Дароот-Коргон айылынын Ч.Сулайманов көчөсүндө жайгашкан 749, 65 м2 жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын Ч.Сулайманов көчөсүндө жайгашкан 749, 65 м2 жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 8-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Ч.Сулайманов көчөсүнүн 100/1 дарегинде 5-07-01-0001-0831 сандуу идентификациялык коду менен катталган 749, 65 м2 жер аянты Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Жер кодексине ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана кабыл алуу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А. Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 6
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын ПМК участкасынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган 0,10 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын ПМК участкасынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган 0,10 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын ПМК участкасындагы № 1309 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган 0,10 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.А. Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 7
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Эшме айылынын Ак-Сай участкасынан“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт, ыңгайсыз жер, таш, таза жайыт, мал айдап өтмө жолдор, чөп чабынды, эсебинде турган жалпы 2, 34 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнөкараштуу Кызыл-Эшме айылынын Ак-Сай участкасынан № 10, 14, 16, 17, 18, 37, 40, 402, 414, 417 контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынын таштуу жайыт, ыңгайсыз жер, таш, таза жайыт, мал айдап өтмө жолдор, чөп чабынды, эсебиндеги жалпы 2,34 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнөкараштуу Кызыл-Эшме айылынын Ак-Сай участкасынан № 10, 14, 16, 17, 18, 37, 40, 402, 414, 417 контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынын таштуу жайыт, ыңгайсыз жер, таш, таза жайыт, мал айдап өтмө жолдор, чөп чабынды, эсебиндеги жалпы 2, 34 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.А. Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 8
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылынын Тараша участкасынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган жалпы 2,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнөкараштуу Жар-Башы айылынын Тараша участкасынан № 2676, 2677, 2678 контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги жалпы 2,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнөкараштуу Жар-Башы айылынын Тараша участкасынан № 2676, 2677, 2678 контурларында жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги жалпы 2,0 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.А. Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 9
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө Мамлекеттик Лизинг компаниясы аркылуу кызматтык унаа сатып алууга макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында,Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесин аткаруу максатында Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловдун Лизинг аркылуу кызматтык унаа сатып алуу сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 8-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 1 667 800 сомго “Шевроле Треккер” маркасындагы кызматтык унаасын жылдык 6 % менен беш жылдык мөөнөткө алууга макулдук берилсин.
- Лизингдин жалпы баасынан 20% өлчөмүндө Чоң-Алай айыл өкмөтүнөн өздүк салымга жалпы 333 600 сом, 5 жылга камсыздандыруу жана мамлекеттик каттоосу үчүн 220 000 сом, жалпы 553 600 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 10
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жер аянттарында соода сатык жүргүзгөн жеке жарандардын күркөлөрүнүн ижара акысын бекитүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жер аянттарында соода сатык жүргүзгөн жеке жарандардын күркөлөрүнүн ижара акысын бекитүү жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 8-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жер аянттарында соода сатык жүргүзгөн жеке жарандардын күркөлөрүнүн ижара акысы ар бир ай үчүн 1м 2 жер аянтына 100 сомдон бекитилсин.
- Ижара акы төлөмдөрүн өндүрүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жыйымдар боюнча башкы адис Ө.Наримбаевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов
Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 11
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын Дара участкасындагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 4717м2 жер аянтын Чоң-Алай райондук А.Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын Дара участкасындагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 4717м2 жер аянтын Чоң-Алай райондук А.Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун балансына өткөрүп берүү сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 8-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын Дара участкасындагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 4717м2 жер аянтына Чоң-Алай райондук реаблитациялык борбор жана кызматтык үй куруу максатында Чоң-Алай райондук А.Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Тиешелүү иш кагадарын Жер кодексине ылайык тактоо жана толуктоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 12
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Артылма участкасында жеке ишкер тарабынан курулган Артылма каналын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Артылма участкасындагы Артылма каналын Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 8-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Артылма участкасындагы узундугу 6500 метр аралыктагы Артылма каналы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын
- Тиешелүү иш кагаздарын тактап , толуктап кабыл алуу жагы Чоң-Алй айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 13
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүн муниципалдык менчигиндеги Арген ресторанынын имаратын райондогу мекеме ишканаларга кеңсе кылуу үчүн убактылуу берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Арген ресторанынын имаратын райондогу мекеме ишканаларга кеңсе кылуу үчүн убактылуу берүү сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 8-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Арген ресторанынын имаратынын 1-кабатын Чоң-Алай райондук билим берүү мекемесине, Балдардын чыгармачылык борборуна, ЦОНго, 1 кабинет Экологияга, 1 кабинет пробация боюнча кызматкерге убактылуу кеңсе кылуу үчүн берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 14
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургундары Ү. Исакованы, М.Курбанбековду, М.Туйгуновду, З. Үсөнованы жана Т.Жайчибековду Чон-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунуштоо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун жана Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаттарынын Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургундары Ү. Исакованы, М.Курбанбековду, М.Туйгуновду, З. Үсөнованы жана Т.ЖайчибековдуЧон-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунуштоо жөнүндө сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 8-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмотүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургундары Исакова Үпөл Өмүрбекованын, Курбанбеков Мусанын, Туйгунов Мунарбектин, Үсөнова Замиранын жана Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин коомдук иштерге активдүү катышкандыгын жана Чон-Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдарын эске алуу менен Чоң-Алай районунун Ардактуу атуулу наамына сунушталын.
- Жогоруда аты аталган жарандарга Чоң-Алай районунун Адактуу атуулу наамын берүү Чон-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Т.Шамыркановдон суралсын.
- Тиешелүү иш кагаздарындаярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Куловго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов

Чоң-Алай айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын8-сессиясынын
кезектеги отуруму
Токтом № 15
6-август 2025-жыл. Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун сунушун кароо жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасынын ичүүчү сууну пайдалануу боюнча тарифти кайрадан карап чыгуу сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 8-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон жана Кызыл-Туу айылдарынын ичүүчү сууну пайдалануу жергиликтүү тургундарынын социалдык абалдарын эске алуу менен мурунку тарифте калтырылсын ал эми тиешелүү коммерциялык ишканаларга тарифтер төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
Коммерциялык ишканалар үчүн
-
1 метр кв 2,0 сом
-
1 метр куб 80 сом.
-
2. Ушул белгиленген тарифтер боюнча жергиликтүү тургундарга жана тиешелүү мекеме ишканаларга тааныштыруу жана иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара таза суулары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Таштанбековго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маданий маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: С.Мойдунов