Чоң-Алай айылдык кеңешинин токтомдору

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

21-январь       2026-жыл № 1                                                        Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө.

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Коңурбаев  Анаргазы Жалалидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата  жергиликтүү бюджетинин долбоорун   Чоң-Алай айылдык кеңешинин                       8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин   12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылайык токтом кылат:

  1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 87 263 800 сом болуп  бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.
  • аппаратка 21 466 063  сом
  • апараттын атайын каражатына 100 000 сом
  • айылдык кеңешке 993 095 сом
  • мектептерге 8 970 000 сом
  • бала бакчаларга 9 209 820 сом
  • бала бакчалардын атайын каражатына 7 470 000 сом
  • китепканаларга 2 032 451 сом
  • музейге 690 597 сом
  • маданий иш чараларга 1 570 000 сом
  • клубтарга 2 466 740 сом
  • өзгөчө кырдаалдарга 590 000 сом
  • ЖКХ 28 969 534 сом
  • социалдык жардамдарга 400 000 сом
  • жайытка 2 335 500 сом бөлүнүп жумшалсын.
  1. Корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармек жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
  2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аппаратына 15 штаттык бирдик каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкер 4 штат.

-келишимдин негизинде 9 штат каралсын.

—   Чоң-Алай айылдык кенешине жооптуу катчы 1 штат каралсын.

—    Клубтарга 7 штаттык бирдик  каралсын анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү 3 штат.

—   Китепканаларга 4 штаттык бирдик каралсын.

—   Музейге 2 штат анын ичинен техникалык жана кенже тейлөөчү 1 штат

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Коңурбаев Анаргазы Жалалидиновичке жүктөлсүн.
  2. Ушул токтом расмий жарыяланууга жатат жана 2026-жылдын 21-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                              С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

  ТОКТОМ

  21-январь       2026-жыл № 2                                                        Дароот-Коргон айылы

                                  

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинен калган калдыкты бекитүү жөнүндө

 

  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин  жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Коңурбаев Анаргазы Жалалидиновичтин    Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинен 2026-жылга карата калган калдыктарды бөлүштүрүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин  8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылайык токтом кылат:

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинен калган 7 024 847,89 сом акча каражаты анын ичинен 6 014 013,05 сом жергиликтүү бюджеттен, 949 858,89 сом атайын каражаттардын эсебинен, 60 956 сом социалдык пакеттен, 20 сом жайыттан 2026-жылдын бюджетине өткөрүлүп, төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.

ЖКХ  5 124 013  сом

мектептерге  690 000,05  сом

бала бакчаларга 200 000  сом

 2     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                          С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

  ТОКТОМ

 21-январь       2026-жыл № 3                                                        Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа  участкасынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 0,50 га жер аянтын, “Өнөр жайынын,  транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун   жерлери жана башка багыттагы жерлер ” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун  Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа  участкасынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 0,50 га жер аянтын, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер ” категориясына  которууга макулдук берүү  боюнча сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин       8-чакырылышынын депутаттарынын 12-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык токтом кылат:

 

  1. Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу  Кум-Талаа участкасынын № 1361 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган 0,50 га жер аянтын, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер ” категориясына которууга макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                    С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

  ТОКТОМ

 

 21-январь       2026-жыл № 4                                                        Дароот-Коргон айылы

         Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасынан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 3,0 га жер аянтын, сугат айдоо түрүнө  которууга макулдук берүү жөнүндө

 

    Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун  Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасындагы “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынын  таштуу жайыт эсебинде турган 3,0  га жер сугат айдоо түрүнө  которуу боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 12-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин   13-беренесине ылайык токтом кылат:

  1. Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасындагы № 1518 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебинде турган 3,0 га жер аянтын сугат айдоо  түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын дардоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                     С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

  ТОКТОМ

 21-январь       2026-жыл № 5                                                        Дароот-Коргон айылы

Дароот-Коргон  айылынын тургуну Токтоматова Диларам Тилемишовнанын  өзүнүн жеке менчигине таандык  2109,0м2  жер аянтынын ичинен 500 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүүгө  макулдук берүү   жөнүндө.

 

    Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Токтоматова Диларам Тилемишовнанын  өзүнүн жеке менчигиндеги 2109,0 м2  жер аянтынын ичинен 500 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесине ылайык токтом кылат:

 

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Токтоматова Диларам Тилемишовнанын өзүнүн жеке менчигиндеги 2109,0 м2  жер аянтынын ичинен 500 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын жер кодексине ылайык даярдап иш алып баруу жагы  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча   жетектөөчү  адис Б.Шараповко милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                      С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

 ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

  ТОКТОМ

 21-январь       2026-жыл № 6                                                       Дароот-Коргон айылы

 Дароот-Коргон айылынын тургуну Бактыбаев Дыйканбай Мисиратиллаевичтин жеке менчигиндеги  коммерциялык багыттагы 0,11 га жер аянтын эшик алды багытына өзгөртүп иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө.

 

     Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-коргон айылынын тургуну Бактыбаев Дыйканбай Мисиратиллаевичтин өзүнүн жеке менчигиндеги 0,11 га жер аянтын коммерциялык багытта иштетүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу кайрадан эшик алды багытына өзгөртүп берүү боюнча сунушун    Чоң-Алай айылдык кеңешинин  8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесине ылайык токтом кылат:

  1. Дароот-Коргон айылынын тургуну Бактыбаев Дыйканбай Мисиратиллаевичтин өзүнүн жеке менчигиндеги 0,11 га жер аянтын коммерциялык багытта иштетүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу кайрадан эшик алды багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын жер кодексине ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү  адис Б.Шараповко милдеттендирилсин.
  1. Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 18-мартындагы 25-сессиясынын кезексиз отурумунун Д.Бактыбаевдин өзүнүн жеке менчигиндеги эшик алды жеринин ичинен 0,11 га жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча  № 5 токтому күчүн жоготсун.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу   комиссиясына  тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                    С.Мойдунов

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

  ТОКТОМ

  21-январь       2026-жыл № 7                                                        Дароот-Коргон

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы  “Дара Таза-сулары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Таштанбековдун  кайрылуусун кароо жөнүндө

 

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Дара Таза-сулары” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Таштанбековдун  Даранын Үч-Булак участкасынан Кызыл-Туу айылына  жолдун жээги жана каналдын жээги менен таза суу түтүгүн тартууга макулдук берүү боюнча кайрылуусун   Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын   34-беренесине ылыйык  токтом кылат:

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылына Даранын Үч-Булак , кошумча Ак-Теке участкаларынан Кызыл-Туу айылына жалпы 11700 метр аралыкка тактап айтканда Дара участкасындагы жайлоого баруучу жолдун жээгинен жана Дара-Кызыл-Туу каналынын жээгинен таза суу түтүгүн тартууга макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү  адис Б.Шараповко милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер   реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу   комиссиясына  тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                        С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

  ТОКТОМ

21-январь       2026-жыл № 8                                                        Дароот-Коргон

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги  мал базарга курулган  мал союуучу  жайдагы  мал-жандыктарды  союу кызмат акыларын бекитүү жөнүндө

 

 Чон-Алай айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринардык адиси К.Гожобековдун мал союуучу жайда союлган мал жандыктар үчүн касаптардын кызмат көрсөтүү тарифин бекитип берүү жөнүндө сунушун      Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылыйык  токтом кылат:

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде мал союуучу жайда союлган мал жандыктар үчүн тариф төмөнкүдөй баада бекитилсин.
  • Жылкы жана ири мүйүздүү  малдарды союуга 1 баш үчүн 1200 сом
  • Кой жана эчкилиерди союуга 1 баш үчүн 500 сом
  • Жылкы жана ири мүйүздүү малдардын ичеги карынын жууп тазалоо үчүн  1 башка 500 сом
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу  комиссиясына  тапшырылсын.

 

 Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

21-январь       2026-жыл № 9                                                        Дароот-Коргон айылы

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу № 85  участкасынан   “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу  жайыт эсебиндеги 9,0 га жер аянтын, сугат айдоо түрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө

 

    Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун  Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу № 85  участкасындагы “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынын  таштуу жайыт эсебинде турган 9,0  га жер сугат айдоо түрүнө  которуу боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын 12-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык токтом кылат:

  1. Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу № 85  участкасындагы № 1421 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштуу жайыт эсебиндеги 9,0 га жер аянтын сугат айдоо  түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                        С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

  ТОКТОМ

21-январь       2026-жыл № 10                                                        Дароот-Коргон айылы

 Крематория (өлгөн мал жандыктардын) жасатын өрттөп  жоготуучу аппаратын алууну каржылоо  жагын Чоң-Алай   районунун региондорду өнүктүрүү  фондуна сунуштоо   жөнүндө.

 

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кулов Анарбек Абдрамановичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу жана  экологияны сактоо максатында Крематория (өлгөн мал жандыктардын) жасатын өрттөп  жоготуучу аппаратын алып берүүнү  Чоң-Алай районунун региондорду өнүктүрүү  фондуна сунуштоо  жөнүндө  кайрылуусун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин                  8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги  отурумун угуп, талкуулап: Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын   34-беренесине ылыйык  токтом кылат

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө Крематория (өлгөн мал жандыктардын) жасатын өрттөп  жоготуучу аппаратын алып берүү үчүн акча  каражатын каржылап берүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу  Чоң-Алай районунун региондорду өнүктүрүү  фондуна  сунушталсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына

 Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                     С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

  ТОКТОМ

21-январь       2026-жыл № 11                                                        Дароот-Коргон айылы

                                                 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу ички чарбалык   каналдарды Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө  макулдук берүү жөнүндө

 

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы 1-2-ирээттеги ички чарбалык каналдарды Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүү жөнүндө  Чоң-Алай айылдык кеңешинин             8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги  отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын   34-беренесине ылыйык  токтом кылат:

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы 1-2-ирээттеги ички чарбалык каналдарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын  29-апрелиндеги № 207, Суу ресурстары кызматынын 2026-жылдын 21-январындагы  № 03-06/176 сандуу катына ылайык, Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы  1-2-ирээттеги ички чарбалык каналдары Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап өткөрүп берүү жагы Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б.Шараповго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

  

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                               С.Мойдунов

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

 

21-январь       2026-жыл № 12                                                        Дароот-Коргон айылы

 Дароот-Коргон айылынын тургуну Халмурзаев Талантбек Шадыбековичке  тиешелүү өзүнүн жеке менчигиндеги 2500 м2  жер аянтынын ичинен 700 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берүү   жөнүндө.

 

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Халмурзаев Талантбек Шадыбековичке  тиешелүү өзүнүн жеке менчигиндеги 2500 м2  жер аянтынын ичинен 700 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдаануусуна макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесине ылайык токтом кылат:

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Халмурзаев Талантбек Шадыбековичке тиешелүү өзүнүн жеке менчигиндеги 2500 м2  жер аянтынын ичинен700 м2 жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдалануусуна макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын жер кодексине ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жана жер маселелери боюнча  жетектөөчү  адис Б.Шараповго  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу   комиссиясына  тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                 С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

  ТОКТОМ

21-январь       2026-жыл № 14                                                        Дароот-Коргон айылы

 

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануу боюнча 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.

 

  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Куловдун жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайдын Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануу боюнча 2026-жылга карата бюджетинин долбоорун      Чоң-Алай айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин  12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине ылыйык  токтом кылат:

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануу боюнча 2026-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү  2 335 500  сом болуп  бекитилип, ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын.
  • Жайыттарды жана алардын инфраструктурасын кармоого 123 306  сом
  • Жайыттарга мониторинг жүргүзүүгө 10 000 сом
  • Жарнама чыгымдарына 15 000  сом
  • Эмгек акыларга 1 846 745 сом
  • Соц. чегерүүлөргө 243 449 сом
  • Сапар чыгымдарына 42 000 сом
  • Орг техника сатып алууга 45 000 сом
  • Кеңсе товарларын сатып алууга 10 000   сом
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго  жана “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайга   жүктөлсүн.

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                            С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

21-январь       2026-жыл № 15                                                        Дароот-Коргон айылы

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды пайдалануу боюнча 2026-жылга карата жылдык  планын бекитүү жөнүндө.

 

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Куловдун жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайдын Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды пайдалануу боюнча  2026-жылга карата планын Чоң-Алай айылдык кеңешинин         8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын    34-беренесине ылыйык  токтом кылат:

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды ар жылдык пайдалануу боюнча 2026-жылга карата жылдык планы бекитилсин.
  2. Бекитилген жылдык планга ылайык иш алып баруу жагы “Тазалык Памир” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таабалды уулу Чолпонбайга милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                       С.Мойдунов

 

 

 

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

  ТОКТОМ

21-январь       2026-жыл № 16                                                       Дароот-Коргон айылы

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги  5-0701-0001-0189 коду менен катталган 918 м 2 жер аянтын Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн балансасына мөөнөтсүз пайдалануу үчүн өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүңдө.

 

  Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн  башчысы А.Куловдун жана Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн жетекчиси А.Кудайбергеновдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги  5-0701-0001-0189 коду менен катталган 918 м 2 жер аянтын Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн балансасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү боюнча сунуштарын Чоң-Алай  айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө  жөнүндө мыйзамынын  16-беренесине ылыйык  токтом кылат:

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 5-0701-0001-0189 коду менен катталган 918 м 2 жер аянтын Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн балансасына мөөнөтсүз пайдалануу үчүн өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.Өткөрүлүп берилген жер аянтындагы курулуштар айыл өкмөтүнүн балансында калтырылсын.
  2. Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2022-жылдын 30-мартындагы 15-сессиясынын кезексиз отурумунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн балансасында турган Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмү жайгашкан имараттын жер аянтын Чоң-Алай райондук маданият бөлүмүнүн имаратына алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө № 2- токтому жокко чыгарылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                                С.Мойдунов

 

 

 

 

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

 

21-январь.  2026-жыл № 17                                                      Дароот-Коргон айылы

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Мойдунов Шерали Тилекматовичтин кайрылуусун кароо жөнүндө.

 

 Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Мойдунов Шерали Тилекматовичтин өзүнүн турак жай аянтынын күн чыгыш тарабындагы  1400 м 2  жер аянтын көрктөндүрүү үчүн сураган кайрылуусун Чоң-Алай  айылдык кеңешинин  8-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин                   12-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин                   21-беренесине ылайык токтом кылат:

  1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Мойдунов Шерали Тилекматовичтин турак жай аянтынын күн чыгыш тарабындагы 0,14 га жер аянтын Мойдунов Шерали Тилекматовичке көрктөндүрүү үчүн убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловко жана жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси Б.Шараповко милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы:                                                      С.Мойдунов