Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 18-сессиясынын кезектеги отурумунун
Токтому № 1
30-май 2022-жыл Дароот-Коргон айылы
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин январь, февраль, март айларындагы аткарылышын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И Эрмаматовдун жана ФЭБ башчысы О.Сейдановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин январь, февраль, март айларындагы аткарылышы тууралуу билдирүүсүн Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 18-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин 3 ай ичиндеги киреше бөлүгү17 288 600 сомго бекитилип ал эми чыгаша бөлүгү 7 926 071 сомду түзүп
— Аппаратка 2 889 205 сом
— Мектептерге 585 850 сом
— бала бакчаларга 1 376 595 сом
— бала бакчалардын атайын каражаттарына 83 500 сом
— китепканаларга 223 638 сом
— маданий иш чараларга 183 000 сом
— клубтарга 218 576 сом
— өзгөчө кырдаалдарга 20 960 сом
— ЖКХ 1 405 994 сом
— социалдык жардамдарга 80 000 сом
— компенсацияга 575 200 сом
— айылдык кеңешке 104 456 сом
— соц пакет 140 600 сом
— статистке 84 97 сом
— жайытка 30 000 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык
кеңешинин төрагасы: Г.Мадалиев